Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйдү

39

20-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 632 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтында жарыяланды.
Ушул учурда суунун агып кириши секундасына 351 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 259 куб метрге жетүүдө. 4 күн мурун Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 596 млн куб метрди түзгөн. Демек, акыркы 4 күн ичинде ГЭСтеги суунун  көлөмү 36 млн куб сууга жогорулаган.
Ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычында 11 млрд 555 млн куб метр суу болгон.