Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, 700 КВт сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди.

650

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, 700 КВт сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бул маалымат Жапаровдун фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда айтылгандай, 2022-жылды «Энергетика жылы» деп жарыяланып, атайын иш-чаралардын тартиби белгиленет.

Электр энергиясынын тарифи турмушу начар, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 74 тыйын болуп, чектөөнү алып салуу каралып жатат.

Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип тактап чыгышса, бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн экени жазылат.

Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөө толук алып салынат. Ал эми, жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат.

«Чектөө алынат. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы. Сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз»,-дейт Жапаров.

Энергетика тармагы жалпысынан 129 млрд сомдук насыя алган. Анын ичинде сырткы карыздар жана мамлекеттен алынган бюджеттик ссудалар бар. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирген.