Таласта үч эм төрөлдү

313

Талас облусунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Талас облустук төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кенже Турсунбековага байланышканыбызда белгилүү болду.
“39 жаштагы келин кош бойлуулуктун 31-аптасында бизге 18-апрель күнү келген. Дене табы көтөрүлүп, өзүнүн толгоосу келбегендиктен операция жолу менен төрөттүк. УЗИден жана башка текшерүүлөрдөн өткөндө курсагында эгиз балдар экени көрсөтүлгөн. Ошол боюнча эгиз деп төрөтүп жатканбыз. Операция учурунда үч эм экендигин билдик. Аман-эсен төрөттүк. Үчөө тең эркек бала, айына жетпей төрөлүштү. Азыр алар доктурлардын көзөмөлүндө”, – деп билдирди Турсунбекова.