Чукул жыйынга чогулган депуттар Мариповдун отставкасын талап кылышууда

129

Бүгүн 29-апрелде Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяны жабык карап жатат. Бул тууралуу парламент депутаты Жанарбек Акаев   ырастады.
Айрым бир маалыматтарга караганда, анда президент Садыр Жапаровду парламентке чакыруу сунушталды, ошондой эле өкмөт башчы Улукбек Мариповду кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү.
Белгилүү болгондой, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат.
Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты.