Тажикстан тарап түнү менен үйлөрдү өрттөп жатат

144

Тажикстан тарап кечээ күндөн тартып, үйлөрдү өрттөп баштаган. Лейлек районундагы айылдардагы үйлөрдү түнү менен өрттөп жатат.

Баткендин Лейлек районунда кыргыз жана тажик аскер кызматкерлери ок атууну улантып жатат, ошондой эле үй-жайлар өрттөнүүдө. Кабарды облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

Учурда Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында атышуулар болуп жатат.

Булак:Баткенпресс