Улукбек Марипов Баткенге жетпей Оштон Бишкекке кайтты

268

Улукбек Марипов Ош шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салуу үчүн тиешелүү кызматтар менен жабык жыйын өткөрдү.
Ал билдиргендей, учурдагы кырдаал жөнүндө ага маалымат беришти.
Марипов эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча жетишилген макулдашууларга байланыштуу, Бишкек шаарына учуп чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин, ЖМКлар Улукбек Марипов Россиядагы сапарынан келе жатып, Баткенге бара тургандыгы тууралуу маалыматтарды жазган.