Ырчы Анжелика кызы менен ден соолугуна байланыштуу Түркияда

2975

Ырчы Анжелика Кайратова дарылануу үчүн Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалым болгондой, ырчы бүгүн, 26-апрель күнү таңга маал Түркиянын Стамбул шаарына улуу кызы Айыма менен учуп кеткен.

«Улуу кызым Айыма экөөбүз Түркияга ден соолугубузду текшертүү үчүн жолго чыктык. Бизди ал жакта дарыгерлер күтүп жатышат. Буюрса, биз күткөндөй жыйынтык болот деген үмүтөбүз», — деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылган. Ырчы жана анын кичүү кызы Айлинге дароо Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, ага 5-февралда белгилүү травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков операция жасаган.