Садыр Жапаров жыл сайын элге отчет берип турат

90

Президент Садыр Жапаров жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турат. Бул тууралуу Жапаров 5-майда элге кайрылуусунда билдирди.

Ал мамлекеттин саясий турмушун гана турукташтырбастан, экономиканы, коомдун жашоосун жакшыртууга умтуларын айтты жана жаркын келечекке карай аракеттенүү процесси башталганын жарыялады.

«Коомдун бардык тармактарынын, жалпы кыргыз элинин колдоосуна ишенем. Жалпы эл менен бирдикте, алар талап кылган иш-чараларды аткарууга менин күчүм жана эрким жетет. Биздин сапар — келечекке, татыктуу жашоого, өсүп-өнүгүүгө карай улуу сапар деп терең ишенем. Ылайым Жараткан жар болуп, Кыргызстан тез өнүгүү жолуна түшүп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсун!» — дейт Садыр Жапаров.

Maralfm.kg