“Кызматташуу - 2016” аталыштагы аскердик жөө жүрүш

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай, Жалал-Абад ОИИБнин демилгеси, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги астында “Кызматташуу - 2016” аталыштагы аскердик жөө жүрүш болуп өттү. Ага Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдор катышты.