Форум - айыл чарбаны көтөрүүнү көздөдү

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү айыл чарба тармагына басым жасалган  II-Эл аралык  бизнес-форум   болуп өттү.  - Жергиликтүү айыл чарба азыктарын жарнамалоо жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  саамалыкты  Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева ачты.  Иш-чарага  Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Кондуров Николай, Россия Федерациясынын президентинин алдындагы Башкортостан Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Шайнуров Артур, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун биринчи катчысы Чэнь Юцзинь, Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Латыпов Валерий, ЕККУнун Бишкектеги башкы борборунун өкүлү Уильям Лиф жана Инвестицияларды ирилештирүү боюнча агенттиктин директорунун орун басары Шумкарбек Адилет уулу катышты.

Ыйгарымдуу өкүл форумду өткөрүүнүн максаты — ишкерлер, келечектеги инвесторлор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эки тараптуу пайдалуу кызматташуусу үчүн ыңгайлуу бизнес аянтча түзүү экенин баса белгиледи. 

Форумдун жүрүшүндө айыл чарба багытында азыктардын жарманкеси да уюштурулуп, район-шаарлардан келген дыйкандар өз жашылчаларын сата алышты. Областта биринчи жолу чыгарылып жаткан жаңгактын согу, Токтогул районунда жаңыдан чыгып баштаган тущенко да элге тартууланды.   Жумагүл Шайыкова