Тарыхтагы мыкты теннисчилердин бири Рафаэль Надаль 30 жашка толду

Тарыхтагы мыкты теннисчилердин бири Рафаэль Надаль 30 жашка толду

Атактуу испаниялык теннисчи, Чоң Шлем түркүмүндөгү мелдештердин 14 жолку чемпиону Рафаэль Надаль бүгүн, 3-июнда 30 жашка толду. Ал 1986-жылы Испаниянын Манакор аймагында төрөлгөн.

Сологой спортчу карьерасында жекеликте бир катар жеңиштерге жетишкен. Алардын катарында "Бээжин-2008" Олимпиадасынын алтын медалы да бар. Чоң Шлем түркүмүндөгү мелдештердин 14 жолу уткан. тактап айтканда, 9 ирет Франциянын Ачык биринчилигин, 2 ирет АКШнын Ачык биринчилигин жана 2 ирет Уимблдон мелдешинде чемпион болгон. Бир ирет Австралиянын Ачык биринчилигинде жеңишке жетишкен. Бул мелдештердин баарын утканы үчүн ага "Алтын шлем" наамы берилген.

Кезинде дүйнөнүн 1-ракеткасы катары белгилүү болгон.