Дарбыз эмес дарт жейбизби?

27 - Июня  2018 | 9 : 46237
Дарбыз эмес дарт жейбизби?

 

 

Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу өтө кажет. Анткени ар кандай ыкмалардын күчү менен эрте бышкансыган коон-дарбызда зыяндуулуктун ырааты жогору келип, өмүрлөргө оор зыян алып келиши толук ыктымал. Андыктан бул жагдай менен иш алып барган жооптуу тараптар мындай көрүнүшкө канчалык каршы аракетте болуп жатканы беймаалым.

 

Нормадан ашык нитраттар

Республикада бирден бир жалгыз аккредитациядан өткөн заманбап каражаттар менен жабдылган Жалал-Абад шаарында жоопкерчилиги чектелген “Ынтымак +” лабороториясы бар.  Базарга кирген жашылча -жемиштер ушул лаборториянын текшерүүсүнөн өтүп, уруксат кагазы менен гана сатууга чыгат. Аталган лабороториянын жетекчиси Рустамбек  Абдыкулов  сырттан келген жемиштердин дыкат текшерүүдөн өтүп жатканын айтат.

-Буга чейин Тажикстан, Өзбекстандан жашылча-жемиштер көп келчү. Биз булардын азыктарын дыкат текшеребиз. Ал үчүн бизде бардык шарт бар. Тажикстандан келген дарбыз-коондордон нитраттардын көлөмү өтө жогору экени аныкталгандыктан кайра артка кайтардык. Норма боюнча дарбыздарда нитраттын көлөмү 60 милл.грамм, коондо 90 милл.грамм болуш керек. Текшерүүнүн натыйжасында Тажикастандан келген дарбыз-коондордо 150-180 милл. грамм нитрат болуп, кайтарылды-дейт Рустамбек Абдыкулов.

Ал иш текшерүү учурунда 15 адамдын сатып аткан дарбыз- коондорунан нитраттын жогору экени аныкталганын, ал зыяндуулугу көп аныкталган мөмөлөрдү шаардан чыгаргандыгын, андан аркысын билбээрин кошумчалады. Негизи ордунан жок болушу керек эле, демек алар сатылды да.

 

Азыктар аткезчилик менен келеби?

Өзбекстан менен Тажикстандан келген дарбыз-коондор алгач өздөрүнөн, анан бизге киргенде кылдат текшерилиши керек. Анан жогорудагыдай нитраттары өтө ашыкча шириндиктер кайдан келип калат?  Аткезчилик жолу өкүм сүрүүдөбү?, же ЕАЭБдин талаптары сакталбай келүүдөбү? Ушул өңдүү суроолор көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.

Жалал-Абад шаардык фито-санитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мурат Исмаилов сырттан келген жемиштер атказчилик жол менен келип жатышы мүмкүндүгүн белгилейт.

-Жакында Тажикстандан келген дарбыз-коондордогу нитраттардын жогору экенин жеке лаборотория  аныктаган соң акт түзүлүп, бир эмес эки жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өкүнүчтүүсү ошол текшерүүгө алган дарбыздардын көпчүлүгү сатылып кетиптир. Лаборотория текшергенде аз өлчөмдө гана калган экен. Пайда көрөйүн деген алып сатуучу ишкерлер товарын тезирээк сатыш үчүн ар кай жерге таркатып жиберет да. Кийинки алып келген дарбыз-коондордон нитраттын көп экендиги байкалбады.

Бүйүр кызыткан ушул эле суроо менен Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл органынын жетекчиси Үсөнкул Жоробаевге кайрылганыбызда ал “мыйзамда каралган маселени аткаруудан башка чарабыз жок” деп тим болду. Айтымында ишкерчиликти колдоо максатында мамлекет санкөзөмөл органын экономика министрлигинин көрсөтмөсү менен гана текшерүүгө болорун милдеттендирип койду. Санэпидстанция баштагыдай баса калып текшербейт. Бул жакшы көрүнүшпү? Сырттан келген тамак-аш, жашылча жемиштерди текшерүүчү органды Өкмөт тушап койгону кандай?

Убагында текшерилбей таркатылып кеткен дарбыз-коонду ким жеди? Албетте сен, мен, ал, бул жана тиги. Билип да, билбей да жегендер болду. Кайсы бир күнү организимде оору пайда болот.150-200 сомго дарбыз-коон менен кошо оору сатып алабыз.

 

“Ашыкча нитрат ракты пайда кылат”

Адистердин айтымында  жашылча-жемиштердеги нитраттын жогору болушу онкологиялык ооруларды пайда кылышы мүмкүн.

-Азыр жашылча-жемиштерге чачылып жаткан химикаттарды баары онкологиялык ооруларды пайда кылат. Алар эрте, даамдуу болуп бышканы менен организмге киргенден кийин акырындык менен терс таасир берет. Бул илимде эчак эле далилденген. Учурда онкологиялык оорулар өсүп жатат. Анын ичинен эмчек рагы, ашказан жана өпкө рагы көбөйүүдө. Жашылчалардагы нитраттарын көптүгү балдар үчүн коопту-дейт Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын шишик  оорулар бөлүмүнүн дарыгери, онколог-мамолог  Абдумалик Хамит уулу.

Дарыгерлер минтип коңгуроо кылышкан менен тез бышып тез сатылып кетчү мөмөлөрдү дээрлик такай көзөмөлдөө да кыйынга турат.

 - Кудай сактасын деп эле жеп жатабыз. Балдардын тамагын тыя албайт экенсиң. Алар ширин коонду шимирип жегиси келет-дейт жогорудагы Зуура айым.

ЖЧ “Ынтымак + ”лобороториясынын  жетекчиси  Р. Абдыкуловдун айтымында  Өзбекстандан келген жашылча-жемиштерде нитраттын жогору экени байкалбаган. Учурда жергиликтүү дыйкандардын жашылча-жемиштери бышып саттыкка чыгууда. Алардын азыктарынан азырынча химикаттардын жогору экени байкала элек.

Жазга маал жергиликтүү теплицалардан бышкан бадыраң, помидорлордон нитарттын көлөмү көп чыккан учурлар болгон. Азыр бардык мөмө-жемиштер табигый жол менен бышып жаткандыктан ашыча нитраттар чыга элек-дейт Р. Абдыкулов.      

 

Онтоткон оору да катталган

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жээналиева  10-15 күн мурун чоңдор да, кичинелер да тамак-аштан айрыкча жашылча-жемиштен, дарбыз-коондон ууланып амбулотордук дарылануудан өткөнүн айтат. Экөө ооруканада жатып дарыланды.

-Бизде буга чейин тамак-аштан, айрыкча жашылча жемиштерден ууланып дарылангандардан 10 учур катталды. Алардын көбү амбулотордук  дарылануудан өттү. Азыр абал тынч. Учурда  22 оорулуу жатат. Анын ичинен 12 си ич өткөк оорусу менен жаткандар. Быйыл жыл башынан бери 340 оорулуу дарыланды. Былтыркы жылдын алты айында  554 жаран ич өткөк оорусу менен катталган болчу-дейт Гүлнара Жээналиева.

Демек, мөмө-жемиштерде химикаттардын ченемден артык пайдаланылып жатканы ачык көрүнүш. Негизи адамдардын жай алды менен мөөнөтүнөн мурун күчтөп бышырылган дарбыз, мөмөлөрдү жебей эле койгонубуз оң экен.

Биздеги эң эле чоң көйгөй- көзөмөл иштеринин чабалдыгы, ал көп маселенин башын кылтыйтып, оор санаага салчу иш өңдөнөт.

 

                                   Гүлнура КЕЛДИБАЕВА     

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4142
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23152
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29153
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38215
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35228
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1228
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20311