Жаш жарандардын келечеги үчүн

27 - Июня  2018 | 9 : 5259
Жаш жарандардын келечеги үчүн

  

Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу, пайдалуу нерсе менен алек  болуусу үчүн шарт түзгөндөргө шаар мэриясы сынак жарыялайт.  “Мамлекеттик социалдык буйуртманы ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун өнөктөшү болуп саналат. Аталган долбоорду ЮСАИДдин “Биргелешип башкаруу боюнча программасы” аркылуу АКШнын Эл аралык  өнүктүрүү боюнча агенттиги каржылап, “Ист Вест  Менеджмент Институту “ ишке ашырат.

-Эки миңдей балдардын арасынан 140тайы кооптуу топторго кирип, майда-барат кылмыштуулуктун айынан шаардык ички иштер бөлүмүндө каттоодо турушат. Бул нерсе эртеңки жашообузда кооптулукту жаратат. Ошондуктан, биз коммерциялык  эмес уюмдарга мамлекеттик заказды ишке ашырууга сынак жарыяладык. Долбоор ишке ашуу үчүн биз тараптан мүмкүн болгон ресурстар каралган. Мисалы, иш чараларды өткөрүү үчүн китепкана, шаардык музыкалык мектептин 100 орундуу залы, 470 орундуу маданият үйү берилет. Мындан сырткары спорт аянтчалары сунушталат. Бул үчүн Кочкор-Ата шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлөт-дейт , шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Чыныгүл Турдуматова.

 

                                 Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 370
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 760
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1457
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1966
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2574
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55140
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 49129