Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

27 - Июня  2018 | 10 : 35228
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

 

 

Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган аялдардын 80% КРнын мыйзамынын “киши өлтүрүү, кол салуу” беренеси боюнча соттолгондор...

 

Абакта эркиндиктин баркын сезесин

Биздин каарманыбыз Жалал-Абад облусунун тургуну жакында абактан жаза мөөнөтүн аяктап келген 38 жаштагы Нуржамал(ысмы өзгөртүлдү) учурда “Мутакалим” коомдук бирикмеси тарабынан жумуш менен камсыз болуп психологиялык жактан жардам алып, жашоосунун жаңы барактарын ача үмүт менен жашап келүүдө. Ал биз менен өзүнүн башына түшкөн абактан кийинки азаптары жөнүндө азыноолак бөлүшкөн.

Нуржамал жолдошунун зөөкүр мамилесине чыдай албай, шок абалда бычак менен коргоном деп, өлтүрүп алган. Анын белгилөөсүндө өзү менен бирге жаза мөөнөтүн өтөгөндөрдүн дээрлик 90%ы чоң муштум күйөөлөрүнөн өзүлөрүн коргонууну билбегендиктен аффектик абалда өлтүрүп алышкандар.

“Абактагы жашоо өтө татаал. Ал жерде эркиндиктин баркын бөтөнчө сезесин. Баамымда ага түшкөндөрдүн 30%ын 25-40 жаштагы аялдар түзөт. Он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек, оозунан энесинин сүтү кетпеген бойго жете элек кыздар да бар. Алар көбүнчө баңги затын ташууда колдонулуп, алданып кесилип кетишкендер болуп саналат”-дейт  Нуржамал.

“Биз сизди унутканбыз...”


-Абакта олтургандардын самаганы бир гана эркиндик. Бирок ошол эркиндикке чыкканда сага болгон коомдун көз карашы такыр башкача болот экен. Башканы кой өзүмдүн эле башыма келгенди айтайын, эки уулум тең үйлөнүп өздөрү менен өздөрү үй-булө күтүп балалуу болуп калышкан экен. Синдим аркылуу чыккандыгымды айтырып кезигүүнү кааладым, а бирок балдарым “биздин жашообузга көрүнбөй эле койсоңуз. Биз сизди унутканбыз”- деп, мени менен жолугушуудан баш тартышты. Эң жакын адамдарыман ушуну көрүп, зээним кейиди. Абактан чыгаарда аялдар бир гана энелеринин тосуп алышын күтүшөт тура. Анткени ал адам сени чын дилинен күтөт экен, бирок менин апам 2015-жылы абакта олтурганымда каза болуп калды”-дейт, буркурап.  

-Түрмөдөн чыккан адамга балдарың, коомчулук терс мамиле жасап, аларды киши катарына кошпогондуктан улам, мурда соттолгондордун көбү айланып келип эле кайра эски жашоосуна, түрмөгө түшөрүн оор сокку катары сезип, эми түшүнүп отурам.  Андыктан аялдардын саламаттыгы, укугу жана аларга ар кайсы тараптан жардам берип иштеген мамлекеттик же, бейөкмөт уюмдарынын, кризистик борборлордун зарыл экени көрүнүп турат.  Мисалы чет өлкөлөрдү алсак,  билишимче Литва Кыргызстанга салыштырмалуу калкы жагынан  аз, бирок ал жакта кризистик борборлордун саны 40тан ашуун. Ал эми Лондондо 90 борбор бар, алар аялдарга, балдарга, мигранттарга, адам сатууга дуушар болгон жарандарга багытталган. Мындай борборго жапа чеккен атуулдар муктаж , ал жердин адистери кризистен чыгууга жардам берип, жапа чеккендер өзүн коопсуз сезе алышат.  А бизде абактан чыккан аялдарды калкалап алчуу мекеме-уюм издеп табуу кыйынга турат.

 

Атайын кризисттик борборлор ачылса...

 

2003-жылдан бери мусулман аялдардын “Мутакалим” коомдук бирикмеси түрмөдөгү аялдарга сабак өтүп, аларды аз болсо аял экенин, алар сулуу, назик жан экендигин айтып жакшы жышаана тартуулап келет.

Бирикменин төрайымы Жамал Фронтбек кызы түрмөдөн чыккан аялдарды окутуу, психологиялык жактан жардам берүү үчүн атайын борбор ачуу демилгесин көтөрүүдө. Айтымында, абактан кийин түрткүнчүк болуп калган энелер, эжелер, апалар өзгөчө жардамга муктаж:
- Аялдарга кыйын болот экен. Эркек киши күтпөйт экен, бир-бир жарым жылдан киийн күйөөсү башка бирөөгө үйлөнүп алат экен. Ал эми туугандары "сен түрмөгө отургансың" деп үйүнө киргизбейт. Бизде стигма, дискриминация деген абдан күчтүү да. Балдары болсо апам кесилди дегенден уялышат, “апа, андан көрө сен биз менен катышпай эле кой, биз сени жок дейли”,-деген сөздөрдөн аялдар өтө көп депрессияга кабылып, кайра түрмөгө отургандар көп болуп атат. Бирок аялдардын арасында күйөөсү иштебесе, балдарын багыш керек, же төрт-беш бала менен ажырашып кеткен. Балдарын багам деп бардык нерсеге башын сайып түрмөгө отурган аялдар андан көп- дейт Жамал Фронтбек кызы.

-Абактагы олтурган аялдарды үч типке бөлүп кароого болот. Алар: секелек кыздардын кесилип кетүүсү алардын ата-энеси тирүү болсо кайсы гана убакта чыкпасын өзгөчө күтүү менен жылдарды өткөрүшөт жана ал кыз абакта олтурса да, “апам мени күтүп жатат, ал мени сөзсүз тосуп алат” деген үмүттө болушат. Экинчи топтогулар булар балдары үйлөнүп жайлангандан соң түрмөгө кесилип кеткен аялдар. Алардын да балдары сөзсүз келет деп күтүшөт. Ал эми үчүнчү топтогулар булар балдары жаш тайынан кесилип кетсе, анда ал эненин балдары “апам абакта” дегендин оордуна “апам сапарда, алыста же болбосо Москвадан келбей калган” деп жалган айтышат да, үйлөнүп жатканда да жубайларына айтышпайт жана бул аялдарды эч ким күтпөйт.  Эч ким күтпөгөн аялдардын көбү бир эмес нечелеп отургандары кезигет. 

- Түрмөдө баңги зат менен кармалып отурган аялдар көп. Андан сырткары күйөөсүн өлтүргөндөр бар. Ошондуктан алардын күтүү үмүтүн жандыруу менен атайын абактан чыккан аялдарды жайгаштыруу максатында реаблитациялык борбор ачылса. Анткени абактан чыккан аялдар эмгектенгенди аябай жакшы көрүшөт. Эгер тигүүчү цех же типография ачып берсе алар өздөрүнүн жанын өздөрү багып, жаңы жашоого аз да болсо жаңы кадам таштамак. Биздин “Мутакалим” уюму алардын абактан ыккан соң дагы паспорт алууда, жумуш менен камсыздоодо андай аялдарга жардамдарды берип келүүдө- деди  бирикменин төрайымы.

 
Эмнеси болсо да кылмыш кылган адамдар өз жазасын алышы керектиги белгиленет. Ошентсе да эң башкасы мээримдүү эне, жагымдуу жар, көңүлү назик, үйдүн куту болгон аялзатынын орду түрмө эмес, үй эмеспи.

 

 

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын  айтымында, учурда абакта 300дөй аял жабык жайда жазасын өтөөдө. 
- Орто эсеп менен алганда тогуз миңден ашуун киши түрмөдө жатат. Алардан 300дөйү аялдар. Ар кандай беренелер менен отурушат. Алар адам өлтүрүү, уурулук, баңги зат менен кармалышкан. Турмушта кылмыштуулуктун кандай түрлөрү болсо аялдар деле ошондой эле кылмыштар менен отурушат. 


Элиза АКЖОЛТОЕВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4142
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23152
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29153
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38215
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46238
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1228
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20311