Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

21 - Сентября  2018 | 10 : 4142
Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

 

 

             Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал эми анын калдыктары насос аркылуу көрүнгөн кокту - колотко, дарыя жээктерине чыгарылып, көмүлө берген. Тактап айтканда Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине 23 участокко жана 13 тоо тектерине жалпы жонунан 2,0 млн. куб метрге жакын  уран калдыктары көмүлгөн. Союз мезгилинде калдык- жайлардын айланасы тосмолонуп, кароого алынып турган. Союз тарагандан кийин көп жылдар бою оңдоо жумуштары жүрбөй, экологиялык кооптуулук жаралган учур орун алган. Мындан улам отвалдар көчүрүлгөн. Азыркы тапта былтыркы жылы чоң көчкү түшкөн жердеги №5 - жай кооптуулук жаратып турат. Кокустан ал жерден дагы көчкү жүрүп, калдык сууга кошулуп  кетсе, чоң экологиялык катастрофа орун алуусу мүмкүн. Бул маселе өзгөчө адистерди ойлонтуп, түйшүккө салууда. Уран калдыгынын калкка тийгизген зыяндуулугун эл аралык эксперттер аныктап беришет. Бул үчүн эки жылдык изилдөө жумушу кызуу жүрүүдө.

 

Майлуу-Суу шаарынын калдыктар көмүлгөн жайга жакын жашагандар көбүнесе баштары көп ооруй тургандыктарын  айтышууда.  Алардын ырастоолорунда көп учурда ооруп, дарманы келбей, бат чарчап калышат. Ооруканага барса, “баары ордунда” деген жооптуу беришет. Анан да жаш балдар арасында да майып балдар арбып баратканына кабатырланып жатышканын баса белгилешүүдө.  Шаар тургуну Ж. Курбанованын айтымында кооптуу аймакта жашап жаткандар үчүн компенсация төлөө маселесин да эл бир учурда койгон.

    -Биз ушундай уран калдыктары көмүлгөн  шаарда жашап жаткандыгыбыз үчүн  зыяндуулук компенсациясы төлөнүшү керек деген талаптарды билдиргенбиз. Бийлик тараптан бул маселе каралаарын айтышкан. Бирок, ушуну менен унутушту окшойт. Өзгөчө жаан - чачындан кийин алыбыз куруп, дарманыбыз кетип калат.  Ар дайым  жергиликтүүлөрдүн күч кубаттары алсыз болуп жүрүшөт.  Ооруп барсаң, “тазасың” дешет. Биз да ооруганыбыздан ак халатчандарга көрүнөбүз да.  Келиндердин боюнан түшүп калууда. Жаш балдардын саламаттыгы да жакшы болбой жатат,  элдин баары “майып балдар көп төрөлүп жатат” деп кыжаалат болуп, жашап жатышат. Мунун баары уран калдыгынын  терс таасир берип жаткандыгы десек болот. Күндүн ысыган мезгилинде чыккан жытка чыдап тура албайсың.  Угушумча уран - химиялык элемент  болгондуктан адамдын организмин жабыркатат экен, ошол үчүн биздин башыбыз тынбай  ооруп жатса керек. Менин жеке пикиримде ушундай – деп, өз оюн билдирди.

    Биздин сурамжылоого катышкан тургундар да жогоруда айтылган пикирди карманышат жана  ар бири үй-бүлөсүнүн, өзүнүн башы көп ооруй тургандыгын баса белгилеп айтып берип жатышты.    Ал эми майлуу-Суу шаардык ооруканасынын жетекчилигинен алынган маалыматка таянсак, калк бейөкмөт уюмдардын айткандарына ишенип, дүрбөп жатат. Калк саламаттыгы боюнча областтык көрсөткүчкө караганда да Майлуу-Сууда майып төрөлгөн балдар башка аймактардан аз катталат.

     -Быйылкы жылдын алты айында 178 ымыркай төрөлдү, эне да, бала да аман. Бизде эненин өлүмү каттала элек, катталбай эле койсун. Былтыркы жылы тубаса майыптыгы бар эки наристе жарык дүйнөгө келген. Балдардын майып төрөлүшү боюнча көрсөткүчтө биздики төмөндөгөн. Эл бейөкмөт уюмдардын көбүртүп айткан маалыматтарына ишенип, кыжаалат болушууда. Калктын кооптонууларына негиз жок - дешти дарыгерлер.

Калаа башчысы Нурадил  Маматовдун айтымында жергиликтүү бийлик мындан ары ай сайын уран калдыктары боюнча шаар жашоочуларына түшүндүрүү ишин жандандыра турган болушту.

     -Жыйында тийиштүү адистер менен биргеликте ар ай сайын уран маселеси боюнча түшүндүрүү жумушун колго ала турган болдук. Ал иш Сары-Бээ аймагынан башталат. Калктын саламаттыгы боюнча айта турган болсом, шаарда 843 майып каттоодо турат. Анын арасында Улуу Ата Мекендик согушта жарат алгандары бар. Жол кырсыгынан,  же башка кырсыктардан улам майып болуп калгандары, тубаса майыптар бар. Мындай абал башка аймактарда деле бар. Уран калдыктары боюнча ӨКМ жумуш алып барып жатат. Уран калдыктары көмүлгөн жайлардын айланасын тазалоо жумуштары жүрдү. Эки жылдык изилдөө жүрүп жатат, 2019-жылы корутундусу берилет.  ОБСЕ, ПРООН өңдүү Эл аралык уюмдар да көп жумуштарды жасап жатышат - дейт шаар мэри Н. Маматов.

       КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы калдык сактоочу жай менен иштей турган агенттиктин Майлуу-Суу шаарындагы адиси Каныбек Ташкенбаевдин айтымында, Кыргызстан  Евросоюзга уран калдыктарынын абалын текшерип берүү үчүн кайрылган. Ошол кайрылуунун арты менен шаарды изилдөө үчүн эки жылдык долбоор башталды.  Быйылкы жылдын жаз айында  Евро Биримдиктин өкүлдөрү Германияга  уран калдыктары көмүлгөн жайлардан 100 кг топурак жана 100 литр суу алып кетишти.  Ошондой эле атайын  үйлөргө приборлор коюлду.

     -Евросоюзга кайрылгандан кийин Германиядан, Польша, Венгрия мамлекеттеринен өкүлдөрү келип, чоң жыйын болду. Изилдөө жумушу жанданды. Быйылкы жылы апрель айларында Германиядан келген адистер  ар бир калдыкты 15 метрге чейин казып, топурактарын алышты. Шаар тургундарынын үйлөрүнө уу калдыктардын зыянын өлчөөчү бир миң эсептегич коюлду. Анын жардамы менен кыш-жай мезгилдеринде уран калдыктарынын зыяндуулугу кандай абалда болоору  билинет. Ал жабдыктарды былтыр ноябрь айында коюшуп,  апрель айында алып кетишти.  Экинчи жолу ошол айдан кайрадан ар бир үйгө коюлду, аларды эми алып кетет.  Родондун аба менен бара турганын анализге алып берет. Лабораториядан анализ кылышат. Элге канчалык зыяны бар жогун тастыктап берет.  Келээрки жылы корутундуну чыгарып  беришет,-дейт Каныбек Ташкенбаев.

Кооптуулук жаралган участка...

      Шаардын  Сары-Бээ аймагына кеткен жолго былтыркы жылы түшкөн жер көчкү кооптуулук жаратып жатат. Бул боюнча К. Ташкенбаев мына буларга токтолду:

     -Бул чоң көчкүнү адистер 2006-жылы көчөөрүн айтышкан, 11 жылдан  кийин  ошол көчкү түштү. Бул аймакка былтыркы жылы да мониторинг жүргүзүлүп, алар көчкүнүн үстүндө майда булактар бар экенин айтышты. Дагы көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул жерге дренаждык система куруп, сууларды чыгарып токтотуп калуу пландалууда. Андай кадамга барбасак, көчкү түшүп, калдык сууга кошулуп кетчү болсо,  экологиялык катастрофа ошондо башталат. Фергана өрөөнү жабыркайт. Ушул жер ойлонтуп жатат.

Тосмонун жоктугу томсортот

Союз ыдырагандан кийин калдыктар  сактоочу жайлар тейленбей, көзөмөлдөнбөй калгандыктардын тосмолорун эл уурдап кеткен.  Ушуну менен азыркы тапта да айланасы ачык абалда турат. Бул жергиликтүү элге эле кооптуулук жаратат. Негизи ал жайлардан мал жандыктарды да алыс кармоо керек. Деген менен  калдыктын жайларын мал аралап, айрым учурда жергиликтүү жашоочулар ошол радиациясы бийик жерге барып алып,  шишкебек бышырып, эс алып кетип жатышат.  Алардын бул кадамы  адистердин тынчын алат.

    -ӨКМнин карамагындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын айланасын тосуу жумуштарына орточо эсеп менен 21 млн. сомдон ашык акча каражаты сарпталары такталган. Бирок, бул сумманы бюджеттен бөлө салуу деле кыйын экен, долбоорлор менен иш алып барылууда. Ырасында эс алуучулар калдык көмүлгөн жайга келип эс алып, жанды кашайткан учур кээде катталат. Мисалы, №2 -отвал тарапта жашыл аймак, ошол жерге келип, көңүл ачып кеткендер болот. Белги турса да, көңүл бурушпайт. №7- жайдын үстүнө келип алып, улак чабышат. Калк коюлган белгилерге маани бербей жатат. Биз тынымсыз эле айтып жатабыз.  Анан жалгыз кызматкер үчүн  жайларды коруганга жетише албайсың. Ушул жайларды кароо үчүн штат бирдигин биздин министрлик карап жатат. Оң тарабына чечилип калат деген жакшы үмүтүм бар-дейт К. Ташкенбаев.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаарында 1946-жылдан тарта 1967-жылга чейин  «Кыргызэлектроизолит» заводу уранды иштетип келишкен.  Эки завод болгон.  Польшадан, Чехословакиядан, Германиядан, Венгриядан, Япониядан уран атайын контейнерлер менен ташылып келип, ушул жерде иштетилген.  Андан соң уранды алып кетишкен. Ал эми калдыгы  шаардын көрүнгөн кокту - колотунда калган. Эгемендиктен кийин каралбай калган жайлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы токтомунун негизинде уран калдыктары көмүлгөн жерлер жана тоо тектери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.  Ошондон бери аталган министрликтин адистери тарабынан иш жүргүзүлүп келе жатат.

   Эске салсак,  өлкөнүн 34 жеринде уран калдыктары көмүлгөн участоктор бар. Алар: Майлуу-Суу, Кажы-Сай, Миң-Куш, Шакафтар, Сумсар, Ак-Түз, Орловкада жайгашкан. Калдыктардын эң көбү  Майлуу-Суу шаарында.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23152
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29153
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38215
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46238
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35229
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1228
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20311