Назармат –жазма мурастарды сактоочу жана эң алгачкы мугалим агартуучу”

21 - Сентября  2018 | 11 : 17197
Назармат –жазма мурастарды сактоочу жана эң алгачкы мугалим агартуучу”

  • Назармат Жайлообаевдин туулгандыгынын 120 жылдыгына карата

 

 

                Дал ушундай аталышта Назарматмолдонун уулу Ормонбек Жайлообаевдин китеби жакында «Салам» басмасынан жарык көрдү. Бул эмгектин баш сөзүн КУУ нун ардактуу профессору, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээсиОмор Сооронов жазган. Ормонбек элибиздин тарыхын 1503-1506-жылдары жазып калтырган Сайпиддин Аксыкентинин“Мажму ат-таварих” (тарыхтар жыйнагы) кол ккитебин атасы Назармат кандайча сактап биздин күнгө жеткиргенин, аны кыргызча которгонун ишеничтүү далилдер жана болгон окуялар аркылуу чагылдырып бере алган.

Жалпысынан китеп 5 бөлүмдөн турат. Алгач жазма мурастарды сактоо жана ага байланышкан окуялар туурасында кеңири сөз болот. Бет ачары даркан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Кыргызстан маданияты” гезитинин 1968-жылы 24-январдагы №4-санына чыккан “Назармат сактаган казына” аттуу макаланы эске алуу менен башталган. Себеби мына ушул чуулгандуу очерктен кийин кыргыз журтчулугу, адабиятчылар, окумуштуулар, тарыхчылар, журналисттер жогорудагы китепке кызыгуулары арткандыгынан деп түшүнсө болот. Анткени бул чыгармада кыргыздардын келип чыгыш тарыхы, ислам динин жайылтуудагы орду, Манастын тарыхый каарман катары сүрөттөлүшү чоң кызыгууну пайда кылганбаа жеткис мурас экени ачыктала баштаган. Бул баалуу мурас мурда эки ирет которулуп басылган. Аз нускада болгондуктан элге жетпеген. Мына эми Назармат молдонун өзүнүн котормосунда китепке киргизилгенинин өзүн чоң олжо десек болот.

Назарматтын зээндүү экенин байкаган атасы аны диний окуу жайларга окуткан. Жайлообай катуу ооруп, бу дүйнө менен коштошордобаласын чакырып керез айтканы мындайча берилиптир:

“Балам, аттиң жаш калдын, сен дагы окушуң керек эле. Менин көзүм өтүпкетсе келечегиң кандай болор экен, аны бир кудай билет. Балам, илгертен бекитип келаткан дүйнө бар. Көзүм өтсө ошол дүйнө сага калат. Балам, эки дүйнө сенден суранарым, кырк жашка чыкпай ача көрбө! Айланайын, “сураба эмне үчүн деп”. Бул мага атаман калган шарт. Мына ошол шартты мен сага калтырып жатам-деди да каткан жерин айтты”(китептин 15-бети ).

Кырк жашка чыкканда атасы керез кылып калтырган дүйнөсү алтын эмес китеп болуп чыгат. Тарых китептери “Раузатул сафа”, “ Мажму ат-таварих” кол китеби, курандын эски нускасы, пенденин адеби, тазалыгы жөнүндө жазылганшарият китептери бар экен. Чыгармада Совет бийлиги орногондо Касан шаарында комсомолдор паранжылардыөрттөө иш чарасын өткөрүп, ага кошуп эски диний китептерди өрттөгөнү ага Назармат молдо НКВД нын коркутууларынан айрым китептерди алып барып бергени жазылат. Ал эми баалуу китептерди эч кимге айтпай сактаганы мындайча баяндалат:

–“1931-жылы кыштактын жогор жагына үй салып көчүп кирдим. Кийинчерээк, эч кимге билгизбестен, төркү үйдүн ичине оро казып, тышын жакшылап шыбап, кургатып

китептерди сактап жүрдүм. Оронун ичиндеги китептер сыздан бузулбасын деп, дубалдын ичине бекемделген, шыбалган көңдөй жасатып, анын ичине да сактадым. Дубалдын ичиндеги көңдөйдү Касандан уста алып келип жасаттым.”- (караңыз 20-бет)1920-1954-жылга чейин китептер эч кимге билдирилбей сакталган. Назармат молдо бардык саясий кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, токтоолугу, сабырдуулугу, билимдүүлүгү менен аларды жеңип келгенин билүүгө болот.

Китепте Назарматтын кызы Клараэженин мындай эскерүүсү таасирдүү берилиптир. “ Атам райондун борбору Ала-Букадан эмнегедир көңүлү пас келди. Ошол кезде үйдө сиңдим Масуда, үкем Жамалбек” жана аны менен бир класста окуган Дурусалиев Тургуналы акебиздин кызы Кайырма бар эле. Бизди корумдун этегине, аралдын тушундагы байыркы кытайлардын шахтасынын жанына ээрчитип барды, Жамалбек үйдөгү эшекти минип алган. Шахтанын ичине Жамалбек менен Кайырманынжардамы менен китептерди бекитип койгонжеринен кайра сыртка алып чыгып, эшекке жүктөп кайра үйгө алып келдик. Эртеси күнү Клара, Жамалбак эшек менен чоң жолго эки кап, бир чемодан, бир амонит яшик китептерди чыгарып беришти. Атам аларды жүк ташыган машиналарга жүктөп, Наманган шаарынын мечиттеринин бирине тапшырып келди”. (караңыз 35-бет)

Молдо Назарматтан: -Байыркы китептерди кандай кылып сактадыңыз?-деген суроого –“Атам Жайлообайдан сактап жүргөн китептерин алгандан кийин, баалуу китептердин баарын бирге Кызыл-Коргондогу куурдун түбүнө, Кара-Тоодогу жардын бооруна, үй ичиндеги орого, үйдүн дубалынын ичиндеги көңдөйгө, кытай шахтасынын ичине, атайын жасатылган, ички кулп менен бекитилүүчү темир сандыкка бекитип, ар кандай көздөрдөн алыс кылып, билдирбей сактап келдим” –деп айтып калаар эле. (караңыз 36-бет).

Назармат молдо ата-бабаларынан калган мурасты билимдүү болгон үчүн кандай шартта болбосун көздүн карегиндейсактап келгендигинин өзү эрдик. Булар жөнүндө маалыматтар арбынкездешет. Кийин “ Мажму ат- таварих” кол китебин жана башка чыгармаларды жазуучубуз ТөлөгөнКасымбеков келгенденкийин илимдер академиясына өткөрүп берген.

Бул кол китептин маанилүүлүгү өзүнүн котормосунда окурмандарга тартуулаганы. Анда кыргыздардын ислам дининин жайылышына, жерибиздин кытай баскынчылардан бошотушуна кошкон салымы берилген. Андагы окуялар китептеги жазуулар менен дал келип, тарыхыбызды изилдегенге дагы жол ачылып отурат. Орто кылымдагы кенчилердин издерин, тарыхый калдыктарды Ормон агай кесибинебайланыштуу терең анализден өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган кытай үйлөрүнүн калдыктарынын түзүлүшү менен далилдөөгө аракет кылган.

Эң кызыгы автор Баймак айылындагы Эшен бува, имам Азирети Алинин мазары же күмбөзү туурасында тарыхый фактыларга токтолгон. Башкача айтканда улуу имам Али өлөр алдында (лакап аты султан МаликЗарбагыш) “ Касан шаарынан он чакырым, жогор жакты карай, шар аккан дарыяны бойлоп барганда, аскалуу таштар арасында укмуш, ажайып жер бар, мазар деп коюшат. Шар аккан дарыя ошол жерде жай болуп агат, Мен өлгөндө, ошол жерге, суу жетпеген, мал аралабаган, адам баспаган жерге кабырымы койгула”- деген экен.(караңыз 158-бет). Демек зыярат кылуучулардын аягы үзүлбөгөнАзирети Алинин мазары тарыхый адамдардын ысымынан коюлганын кеңири окуп алсаңыздар болот.

Жыйынтыктап айтканда Назармат Жайлообаев ата-бабаларыбыздын жазма мурастарын сактаган, санжырачы, котормочу, эң алгачкы агартуучу катары тарых беттеринде алтын тамгалар менен жазылып кала берет. Анынуулу Ормонбек бабалары туурасындаэмгегин жазып, атасынын өмүр таржымалын, башынан өткөн окуяларын толуктап, туулуп өскөн айылында илимий конференция өткөрүү алдында турат.

              

            

            

 

                                                                                                                                                                        Камчыбек  Камбарбеков,

Ала-Бука району

  

Жайлообаев  Назармат–1891-жылы Наманган уездине караштуу, Куттук Сейит болуштугунда, акыркы Баймак айылында  кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1898-1905-жылы Касансай диний жатак мектебинен, 1916-1918- жылдары Кокон шаарындагы  медресенин толук эмес курсун, 1918-жылы Кокондогу жети айлык мугалимдерди даярдоо курсун, 1927-1931-жыл ичинде Фрунзедеги  эски  методикалык мектеп  жана  үч жылдык  педагогикалык  техникумдан окуган. Ал 1918- жылдан баштап  Өрүктү-Сайда,  Ала-Бука аймагында  мектеп ачып, кедей-кембагалдардын балдарын окута баштаган. Өмүрүн агартууга арнап, мектептерде директорлук кызматты аркалаган. 1956-жылы пенсияга чыккан. Ал үзүрлүү эмгеги үчүн “Ленин” “Эмгек Кызыл Туу”, “Кызыл жылдыз”  ордендери жана медалдар менен сыйланган. “Эл агартуунун отличниги” , “Эмгек  сиңирген окутуучу” наамдарын алган. 1983-жыл 92 жаш курагында дүйнө салган.

                Үй-бүлөлүү, 7 балалуу болгон.  Ал элдин эсинде агартуучу, алгачкы  мугалим, жазма мурастарды сактоочу катары кала берди.

 

 

 

                Жайлообаев  Ормонбек Назарматович-1949-жылы Баймак айылында  мугалимдин  үй-бүлөсүндө туулган. Ала-Бука орто мектебинде орус классынан билим алган. 1965-1969-жылдары  Кызыл-Кыя тоо-кен  техникумун аяктаган. 1970—1975-жыл аралыгында Фрунзе шаарындагы  политехникалык  институтту аяктап, тоо инженери кесибине ээ болгон. Тоо-кен, металлургия тармагында инженердик жана жетекчилик кызматтарда иштеген, учурда эс алууда. Кыргыз  Республикасынын   “Ардактуу металлургу”, “Дене тарбия жана спорттун отличниги” төш белгилердин ээси.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мамыр Мерген-тарыхый инсан Мамыр Мерген-тарыхый инсан

    Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон....

28 - Марта  2018 | 4 : 44504
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 321188
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30966
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311381
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 342630
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451153
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541728