Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

21 - Сентября  2018 | 11 : 29152
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

 

Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан, аралыгынын алыстыгы 5 метрди гана түзөт. М. Алымбеков орто мектеби 3 кабаттан туруп, лабораториялар, лингафондук, компьютердик класстар ачылып, окуучулар терең билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.  Ал эми кыскарууну каалабаган гимназия мектебинде эч кандай лабораториялык кабинеттер жок, имаратынын да эскилиги жеткен. Эгер мектепти бириктирүү кадамы ишке ашса 9 мугалим кыскарууга барат, мындан улам да кыскартууга каршылыктар бар. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары жана бийлик М. Алымбеков атындагы орто мектебине Айры-Там гимназия мектебинин статусун сактап калуу жолу менен бириктирүүнү көздөшөт. Алар да гимназия статусун жоюлушуна каршы, ошондуктан сактап калуу боюнча да өтүнүч келтиришүүдө.  

Маалым болгондой, М. Алымбеков мектеби 1985-жылы заманбап шартта типтүү болуп, 1270 окуучуга ылайыкташкан абалда пайдаланууга берилген.  Азыркы тапта болгону 600дүн тегереинде бала билим алат. Аталган мектепте 2003-жылга чейин 1000ден ашуун  бала билим алып, мектеп республикадагы алдыңкы  мектептердин катарына кирген. Мектепте шаталовдук метод менен окутулуган эксперименталдык математика класстары ачылып, дүйнөлүк олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган. Кийинчерээк мектеп гимназия класстары бар эксперименталдык мектепке айланып, кошумча шарттар жаралып, гимназия класстарынын мугалимдерине кошумча акылар төлөнүп, кошумча сааттар ажыратылып, мектептин билим берүүсүнүн сапаты жогорулаган. Мурдагы мектептин имараты эскиргендиги үчүн жаңы типтүү мектеп курулган. Мурунку имаратынан жарактуу делген бөлүгүндө балдардын чыгармачылык мектеби жайгашып, балдарга кошумча билим берилип келген.  2003-жылы  ошол эскилиги жеткен ашар ыкмасы менен курулган  имаратта  бир да лаборатирялык кабинеттери, спорттук залы, акты залы жок, гимназия статусуна жооп берүүчү шарттарына жооп берилбесе да  мектеп-гимназиясы ачылган. Албетте балдардын билимин тереңдетүү үчүн мектептин ачылуусун ата-энелер, бийлик колдогон. Жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарынын ырастоолорунда кезегинде гимназия мектебин күчтүү бүтүргөн окуучулар деле катталган. Бирок мындай натыйжаны айыл аймактагы башка мектептер деле берип жатат.

Акыркы жылдарда гимназия мектебинин билим берүүдөгү жетишкендиктери аймактагы жалпы билим берүүчү мектептердей эле көрсөткүчтү берип, гимназия статусун кармап калуу максатында сынактарга  башка мектептерден окуучуларын гимназиянын мектебинин окуучусу катары алып барышкан учур катталган. Жалпы тестирлөөдөн деле жарытылуу балл топтой элек.  Ага караганда Ажек, Жаңы-Шар, Совет мектебинен жакшы балл алууга жетишип жаткандар бар.  Ошондуктан айылдык кеңештин депутаттары гимназия класстары бар мектеп уюштуруу же жалпы гимназия статусун алуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. 1-Май айылдык кеңештин төрагасы Н. Абдраимов балдардын коопсуздугун ойлоп жатышкандыгын төмөнкүдөй билдирди:

-Биз гимназия мектебин жок кылып жиберүүнү көздөгөн жокпуз. Ошол мектепке жанаша турган 3 кабаттуу мектеп турат, үчүнчү кабаты бош, ошол жерге көчүрөлү дедик. Статусун сактап бергиле деп суранып жатабыз.  Тескерисинче гимназиянын айрым мугалимдери  мени “эски имаратты сатып алып, кафе курат экен” деген сөз таратып жиберишиптир. Мектеп имараттары сатылган эмес, жогорку бийлик буга кымындай да  жол бербейт”-деп билдирди ал. Ошондой эле ал гимназияга кабыл алаарда балдардын ата-энесинин капчыгына да маани берилген учур болоорун  билдирүүдө. 

Айыл өкмөт башчысы Муктар Шербаев да эки мектептин бириктирүүлүсүн колдойт жана  гимназия статусу сакталып калышы керек деп эсептейт. Эгер мектеп бириктириле турган болсо республикалык жана  жергиликтүү бюджеттин каражаты экономдоло баштайт. Балдардын билим алуусу үчүн толук шарттар түзүлөт, лабораториялар, атайын адистешкен кабинеттер, спорттук зал, акт залдары менен кошо камсыз болот.

- Атайын кружоктор адистешкен бөлмөлөрдө өтө баштайт. Бул окуучулардын терең билим алуусуна түрткү берет. Ал эми эски имараттын жарактуу бир корпусуна 120 орундуу бала бакчага айланат.  Анткени Айры-Там айылында болгону 170 бала гана балдар бакчасына барат, 1300 бала бакчага муктаж болуп турат. Айыл аймакта 5 мектеп болсо, үчөөсү авариялык абалда. Жаңы-Курулуш айылындагы мектептин курулушу бүтө элек. Министрлик ушул жагдайларды эске алса жакшы болот эле. Окуу  жылынын аягында  гимназия-мектеп жетекчилиги орто мектептин 3-кабатына көчүүгө макул болушкан. Биз бюджеттен каражат ажыратып,оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик-дейт айыл өкмөт башчысы.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдукулованын айтымында, алар да КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгына эки мектепти бириктирүү боюнча кат жолдогон.

-Айры-Там гимназия мектебинин окуу тарбия иштери боюнча эч кандай кемчиликтери жок. Бир аз түшүнбөстүк орун алып, директор алмашкандан кийин баары өз нугуна түшүп, билим берүү жакшырган. Жылыштар бар.  М. Алымбеков мектебинин мугалимдери  изденүүлөрү керек, билим берүү сапаты жакшыртылыш керек. Бизге айыл өкмөт башчысы да эки мектепти бириктирүүну сунуштаган, биз макул болгонбуз. Жеринде көрүп бириктирүү жагын караганбыз. Анан министрликке кат жолдогонбуз. Бирок мектептин лицензиясынын мөөнөтү бүтө элек, ушул жылдын декабрь айында бүтөт. Министрлик тарабынан аталган мектепке ноябрда текшерүүгө бара турушкандыгын,  гимназия мектеп статусунун талаптарына жооп бербесе жөнөкөй мектепке кошсок боло турганы боюнча  жооп берген. Орто мектептин мугалимдери жакшылып иштеп берсе, эки мектеп бириктириле турган болсо анда иновациялык мектептердин катарына кошууга болгон күч аракетибизди жумшап көрөбүз-дейт, Чынара Турдукулова.

Гимназия мектебинин жетекчиси Зуура Тажикеева  жакында келүүчү аттестациялык комиссиянын чечими бул маселеге чекит коёрун айтат. Анын пикиринде аталган мектеп оптимизация болуучу билим берүү мекемелеринин катарына кирбейт. Эгер бир короодо эки жалпы билим берүүчү орто мектеп болгондо, бириктирсе жарашмак. Гимназия талабына ылайык негизи мектептен жакшы окуган окуучулар тандалып алынат, ошондуктан жанаша тургандыктары мыйзамдуу эле көрүнүш.

-Биз биринчи бул имаратка көчүп келгенде абдан оор шартта болчу. Ата-энелердин демөөрчүлүктөрү менен баарын калыбына келтирип, жакшыртып алганда эки мектепти бириктирүүнү каалагандарга таң калып жатам. Айылдык кеңештин депутаттары бир мектептен келип кабар алышпайт.  Бириктирүү боюнча сессияда оозеки айтылганда мен да өз пикиримди айтканмын.  Биздин мектеп авариялык абалда эмес, капиталдык оңдоого муктаждардын тизмесине киргизилди. Кошууга негиз жок деген ойдомун. Балдардын билими боюнча эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатабыз. Ата-энелер деле бириктирилишине каршы.  Биздин кийинки жылдан кандай иш тутарыбызды  аттетациялык комиссиянын корутундусуна гана көз карандылык бар. Балдар эч кандай социалдык абалына карап бөлүп албайбыз. Биз жакшы окуган балдарды тандап алабыз-дейт мектеп директору.  Андагы мектепте 270 окуучу билим алат, 28 мугалим эмгектенет.

Айтор мектеп тагдыры КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгы тарабынан чечилмекчи.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4142
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23152
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38215
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46237
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35228
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1228
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20311