“Эл – рентген, ичиңдегини да көрүп турат”

15 - Июня  2016 | 10 : 151658
“Эл – рентген, ичиңдегини да көрүп турат”

Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерди кызыктырган бир топ суроолорго ынанымдуу жооп берди. “Мен шаар башчысы катары бир гана эл үчүн иштейм. Элден эч нерсени жашырбай, бардык ишти ачык-айкын жүргүзгөндү жактырам. Анткени элден эч нерсени жашырып болбойт. Эл – рентген, эмне иш аткарып жатканыңды, кандай иштеп жатканыңды, жадагалса ичиңдегини да көрүп, билип турат” деди ал өз сөзүндө. Төмөндө маалымат жыйындын жүрүшүн өзгөртүүсүз беребиз.

ЖТР: - Суу түтүгү жарылып, суу сыртка агып жатса, шаардык “Сууканал” башкармалыгы ал жерди 3-4 күндүн ичинде араң оңдойт экен. Бул убакыттын ичинде суу сыртка агып, жолду чайып жата берүүсү керекпи?

Мэр: - Калыбына келтирүү иштери түтүктөгү авариянын көлөмүнө байланыштуу болот. Эгер анчалык орчундуу болбосо,  тез арада оңдоонун айласы бар. Мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүнү биз алардан талап кылып турабыз.

Интернеттеги “Турмуш” сайты: - Шаардагы Ленин көчөсүн кеңейтүүдө бузулууга тийиш болгон үйлөрдүн тургундары аларга берилүүчү компенсация боюнча нааразы экенин айрым коомдук уюмдар айтып чыкты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Мэр: - Бузула турган үйлөргө компенсация берүү үчүн баалоо боюнча тендер өткөрүлүп, андан жеңип чыккан көз карандысыз баалоочу ар бир сотых жерди 100 миң сомго баалап берген. Менин жеке оюмча бул реалдуу эле баа. “Бир чарчы метрге 1000 доллар төлөп берсин”  деген сөз болбогон нерсе.

 

“Аймак” гезити: -  Компенсация төлөө боюнча кагаз жүзүндө келишим түзүлбөгөндүгү тууралуу сөз болууда...

Мэр: - Кеңейтилип жаткан көчөнүн боюнда жеке менчиктеги 38 үй бар. Алардын төртөө жолду кеңейтүүгө эч кандай тоскоол болбогондуктан аларга компенсация каралган эмес. Дагы бешөө кызыл сызыкка чыгып кеткендиктен буларга да эч кандай компенсация төлөнбөйт. Калган 29 үйдүн төртөө банкта күрөөдө тургандыктан келишим түзүүгө мүмкүн эмес. Ал эми айрымдары көз карандысыз баалоочу бекиткен компенсацияга макул болбой, келишим түзбөй турушат.

“Акыйкат” гезити: - Мындай пикир келишпөөчүлүктөр бир эле Ленин көчөсүндө барбы, же башка көчөлөрдөн да чыгып жатабы?

Мэр: - Ленин көчөсү борбордук көчө болгондуктанбы, билбейм, өкмөттүк эмес уюмдар ушул жерден маселе көтөрүп туруп алышты. Б.Осмонов, Эркиндик көчөлөрүн кеңейткенибизде эч кандай каршылыктар болгон эмес эле.

“Марал-fm” радиосу: - Турак жай маселесин чечүү үчүн шаарда көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча пландар барбы?

Мэр: - Ал үчүн биринчиден жер маселесин чечүү зарыл, экинчиден ири инвестициялык долбоорлор талап кылынат. Келечекте аэропорт менен түрмөкана шаардан сыртка чыгарылышы керек. Ошондо инвесторлордун жардамы менен көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга болот.

“Akyikat.kg” сайты: - Мурдагы консерва заводунун ордуна базар куруу жөнүндө айтканыңыз бар эле...

Мэр: - Консерва заводунун ордуна муниципалдык базар курабыз, борбордук базар ошол жакка көчүрүлөт. Шаар тургундары муну каалап жана колдоп жатышат. Ошондо шаардын борборундагы башаламандык да тартипке келет, шаардын бюджетине да кошумча каражат түшөт.

“Aymak.kg” сайты: - Курорттун жолун көрктөндүрүү боюнча кандай пландар бар?

Мэр: - Инвестициялык долбоорду күтүп жатабыз. Долбоор боюнча Токтогул паркынан курортко карай аркан жол курулат. Андан сырткары жол боюндагы жарнамалык калкандар да тартипке келтирилет.

“Сентябрь ТВ”: - Ишкер Абибилла Тагаев шаар тургундары курулуш иштерин баштап жаткан обьектке нааразы болгондуктан бизге кайрылып жатышат деп билдирди. Бул боюнча кабарыңыз барбы?

Мэр: - Бул тууралуу кат мага келип түштү. Азыр комиссия карап жатат. Эгер ал курулушка эл нааразы болуп жаткан болсо, анда алардын каалоосундагыдай курулуш курууга тапшырма беребиз.

Абдумуктар ИСРАИЛОВ

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 31127
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35194
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47323
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43311
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47241
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16238
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52516