№27 - Булак кайра талашка түштү

15 - Июня  2016 | 10 : 271031
№27 - Булак кайра талашка түштү

“Жалал-Абад” минерал суусу алынуучу №27-булак бир канча жылдан бери талашка түшүп келүүдө. Бул булак  жайгашкан үч гектар жер аянты Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын карамагында болгондуктан бул маселени айылдык кеңештин депутаттары кезек-кезек сессиянын күн тартибине коюп, анда бир ооздон булакты өз карамактарына алуу,  же болбосо аны иштеткен белгилүү  ишкер  Келдибек Туманов айыл өкмөттүн казынасына  жылына бир жарым миллион сом  салык төлөп туруусун талап кылышат.

Айылдык кеңештин депутаты Курсантбек Балтабаевдин айтымында  “булактан күнүнө жүз тонна суу ташылып кетет. Аны иштеткен ишкер болсо, андан  пайда көрүп, ишкердигин өнүктүрүп жатат. А бирок, айыл өкмөткө  салык төлөөдөн баш тартып келет. Ошондуктан эми  башка адамга ижарага берүү маселесин карашат”.  Ал эми бул боюнча ишкер Келдибек Туманов караманча каршы туруп, “келишим кырк тогуз жылга түзүлүп, анда  айыл өкмөткө мынча суммада салык төлөө жагы каралган эмес. Демек,  биринчи түзүлгөн келишим мыйзамдуу жана юридикалык күчкө ээ” экендигин карманып келет. Кантсе да табигый булактан пайда көргөн ишкер да, андан пайда көрө албаган депутаттар тобу да мыйзамдуу чечимди күтүп жатышкандай. Себеби, депутаттардын чечими юридикалык күчкө ээ эмес деген тараптар да бар.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

    Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш болжомдоруна ылайык,   Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Айгүл” соода борборунда “Соода жайдагы...

6 - Апреля  2018 | 8 : 1527
“Бир ишкер – бир көчөт!” “Бир ишкер – бир көчөт!”

  2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)...

6 - Апреля  2018 | 8 : 40171
Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө

"Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому мурда Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ чыңалуудагы "Караван-Анашев” аба чубалгысын ал жактан чыгарып, Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул...

28 - Марта  2018 | 8 : 2933
Экспортко жол салгандар Экспортко жол салгандар

  21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү...

28 - Марта  2018 | 4 : 2330
Сузакта кургак учук көбөйүүдө Сузакта кургак учук көбөйүүдө

        Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу...

28 - Марта  2018 | 4 : 2950
ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ

                   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин чоң жыйындар залында 17-март күнү  университеттик...

19 - Марта  2018 | 9 : 4991
Таза жашоо тазалыктан башталат! Таза жашоо тазалыктан башталат!

  Ушундай аталыштагы иш-чара Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы бардык айылдарда ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан бак-дарактар...

19 - Марта  2018 | 12 : 1381