Талаадагы дан – дасторконго нан

15 - Июня  2016 | 10 : 37451
Талаадагы дан – дасторконго нан

Ноокен районунда дан эгиндерин чаап-жыйно иши кызуу жүрүп жатат. Быйыл райондун дыйкандары 2559 гектарга күздүк жана жаздык буудай эгип өстүргөн. Буудай чаап-жыйноо жумушу  райондо 9-июнда башталган. Андан бери 14-июнга чейин 300 гектар аянттагы буудай жыйналды. Райондун айыл чарба башкармасынын башкы адиси Алимбек Эгембердиевдин ырасташынча анын түшүмдүүлүгү орточо гектарына 40 центнерден айланууда. Анын билдиришинче  дан эгинин коромжусуз жыйноо -  бүгүнкү күндө райондун Момбеков, Ноокен, Сакалды жана Арал айыл аймактарында жүрүүдө. Ал эми мындан башка Бүргөндү, Достук, Масы, Шайдан айыл өкмөттөрүндө мындан ары башталмакчы.

Дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнө жыйырма комбайн катышып жатат. Алардын алтоо Ноокен районунан, калган он төрт комбайн Базар-Коргон, Сузак, Өзгөн райондорунан жардамга келишти.

Буудайдын түшүмдүүлүгү коллективдүү дыйкан чарбаларда жогору болууда. Маселен, Талант Камытов башкарган "Ноокен" айыл чарба кооперативи өз чарбасына караштуу жердин ичинен  30 гектардын буудайын оруп алды. Кооператив ар бир гектардан 45 центнерден түшүм алууда. Бул чарба жер үлүштөрүн иштетүүдө не бир кыйынчылыктарга туш болуп жаткан жеке дыйкандардан айырмаланып, толук сакталып калган.

 

Ырысбай Абдыраимов

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

    Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш болжомдоруна ылайык,   Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Айгүл” соода борборунда “Соода жайдагы...

6 - Апреля  2018 | 8 : 1527
“Бир ишкер – бир көчөт!” “Бир ишкер – бир көчөт!”

  2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)...

6 - Апреля  2018 | 8 : 40171
Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө

"Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому мурда Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ чыңалуудагы "Караван-Анашев” аба чубалгысын ал жактан чыгарып, Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул...

28 - Марта  2018 | 8 : 2933
Экспортко жол салгандар Экспортко жол салгандар

  21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү...

28 - Марта  2018 | 4 : 2330
Сузакта кургак учук көбөйүүдө Сузакта кургак учук көбөйүүдө

        Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу...

28 - Марта  2018 | 4 : 2950
ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ

                   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин чоң жыйындар залында 17-март күнү  университеттик...

19 - Марта  2018 | 9 : 4991
Таза жашоо тазалыктан башталат! Таза жашоо тазалыктан башталат!

  Ушундай аталыштагы иш-чара Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы бардык айылдарда ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан бак-дарактар...

19 - Марта  2018 | 12 : 1381