Туризмди өнүктүрүү үчүн

15 - Июня  2016 | 10 : 54682
Туризмди өнүктүрүү үчүн

 

Областтагы район-шаарлардын туристтик өзгөчөлүктөрүнүн концепциясы иштеп чыгылат. Бул тууралуу туризм чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева кол койгон токтомдо айтылат. Токтомго ылайык туризм чөйрөсүн 2020 - жылга чейин өнүктүрүү максатында жыл бою чет өлкөлүк жана республиканын жарандарынын мамлекеттик чек аралык көзөмөлдөөдөн өтүүнүн  жол-жоболору талдоого алынат.

Шаар-райондордун жетекчилери областтык мамлекеттик администрациянын регионалдык өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте туризм аймактарына баруучу республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду реконструкциялоонун жана куруунун жалпы пландарына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш даярдайт. Областтык жана райондук маанидеги жолдорду жана башка зарыл болгон туристтик инфраструктураны мамлекеттик жеке өнөктөштүк принциптеринде куруунун тең каржылоо механизмин иштеп чыгат. Жол боюндагы инфраструктураны өнүктүрүү иш-чараларын көрүшөт. Маданий-этнографиялык иш-чараларды чагылдырган календарлар даярдалып, жайылтылууга тийиш.

 Жыл сайын райондук-шаардык көргөзмө жармаңкелер уюштурулушу керек. Эл аралык жана республикалык деңгээлдеги жармаңке көргөзмөлөргө катышуу болот. Билим берүү мекемелеринде туризм боюнча тарбиялык сааттар өткөрүлүп, дил баяндар жазылат. Экстремалдуу туризм жана альпинизм менен алектенген туристтик уюмдардын жетекчилери коопсуздук эрежелерин үйрөнөт. Мейманкана, отель, эс алуу үйлөрү менен туристтик комплекстерди ачуу үчүн инвестиция тартуу, эс алуучу аймактарды жашылдандыруу, калктуу конуштарды жасалгалоо да жергиликтүү бийликтердин башчыларына милдеттендирилди. Эс алуучу жерлерде тазалоо курулмалары натыйжалуу иштеп, курорттордун жана айыл аймактары таза кармалышы керек.

 

“Акыйкат”.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Балдар көңүлдүү эс алууда Балдар көңүлдүү эс алууда

    Жай  мезгили да ортолоп,  иштегендер эмгек өргүүгө чыгып, шартына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша эс алуу аракетин көрсө, мектеп окуучулары  болсо, шаар турмушунан, шаардагы үп тарткан ысыктан...

21 - Июля  2016 | 14 : 3982
Кыздар жайкы лагерге барды Кыздар жайкы лагерге барды

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында 18-июлдан 23-июлга чейин “Аялдардын ден соолугу,  укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу кыздар үчүн жайкы лагерь иштеди. Иш -чара беш күнгө созулуп, ага...

21 - Июля  2016 | 14 : 11880