Паракорлор аёосуз жазаланат

17 - Июня  2016 | 16 : 21500
Паракорлор аёосуз жазаланат

Жалал-Абад областтык прокуратурасынын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк бөлүмү менен бирдикте шаар-райондук прокуратуралар тарабынан 2016-жылдын 1-кварталында КРнын Башкы прокурорунун тармактык буйруктарын, коллегиянын чечимдери менен белгиленген приоритеттүү багыттарды ишке ашыруу максатында  белгилүү өлчөмдө иштер аткарылды. 

 

Алсак, ушул жылдын биринчи чейрегинде биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 411 адамга карата 334 кылмыш иш каралган. Ал эми апелляциялык инстанцияда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйылкы үч айда кылмыш иши 25,4 пайызга, кассациялык инстанцияда 2 пайызга, көзөмөл  инстанцияда 1 кылмыш ишке аз каралган.

 

Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан отчёттук мезгил ичинде жалпы каралган кылмыш иштердин ичинен 260 адамга карата 203 кылмыш иш боюнча айыптоо өкүмдөрү кабыл алынган. Ошол эле учурда биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 4 адамга карата 3 кылмыш  иш боюнча актоо өкүмдөрү чыгарылган, 2 адамга карата 2 кылмыш иш тергөөдө мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн, 36 адамга карата 28 кылмыш иш тараптардын сотко камсыз болбогондугуна байланыштуу сот тарабынан токтом чыгып, камсыз кылуу үчүн прокурорго кайтарылган.

Быйылкы биринчи чейректе шаар-райондук соттор тарабынан кызматтык кылмыштар боюнча 39 адамга карата 27 кылмыш иш каралып, келтирилген зыяндын өлчөмү 19 миллион 879 миң 38  сомду түзгөн болсо, тергөөдө 11 миллион 497 миң 492 сом өндүрүлгөн. Ал эми соттук кароо убагында өндүрүлгөн сумма жок.

       

  

Сотто каралган кызматтык жана коррупциялык кылмыштардын ичинен 30 адамга карата 20 кылмыш иш боюнча айыптоо өкүмдөрү чыгарылган. 1 адамга карата кылмыш иши боюнча КРнын ЖПКнын 68-беренесинин негизинде соттолуучу белгиленген жазадан бошотулган.

Мисалы, Ж. Закиров Кочкор-Ата шаардык  милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеп туруп, кызмат абалынан пайдалануу менен 2015-жылдын 22-сентябрында Кочкор-Ата шаарчасынын тургуну Г.Исраилжанованы алдоо жолу менен анын ишеничине кирип, жолдошу Р. Абдуллаевге жардам беремин деп 50 миң сом алып жаткан жеринен КРнын УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

        Тергөө органдары тарабынан аталган факт боюнча 2015-жылдын 8-декабрында Ж. Закировго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык жасоо” айыбы угузулуп, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 3-февралындагы өкүмү менен Ж.Закиров угузулган айып боюнча 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөөсү белгиленген.

Аталган соттук актыга карата соттолгон Ж. Закиров тарабынан апелляциялык тартипте даттануу келтирилип, Жалал-Абад областтык сотунун 2016-жылдын 16-мартындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүнүн “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жөнүндө угузулган айыбы менен акталган бөлүгү өзгөртүлүп, ал “кызмат адамы кызматка ак ниетсиз мамиле менен шалаакылык жасагандыгы” жөнүндө күнөөлү деп табылып, 200 миң сом айыпка кириптер кылынган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.

Отчёттук мезгил ичинде шаар-райондук прокуратуралар тарабынан соттордун негизсиз чыгарылган актыларына карата апелляциялык сунуштар келтирилип, областтык сот тарабынан канааттандырылган. Мисалы, Кара-Кулжа районунун судьясы А. Эргешов тергөө органдары тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча айыбы угузулуп, негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 26-январындагы өкүмү менен А. Эргешовго угузулган “опузалап пара талап кылуу” кылмыш аракети “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып алдамчылык жасоого” өзгөртүлүп, 7 жылга эркинен ажыратылып, 2 жыл сынак мөөнөт белгиленген.

Соттун бул өкүмү менен прокуратура макул болбой, сотко А. Эргешовго угузулган айып боюнча жаза чектөө жөнүндө апелляциялык сунуш келтирген. Жалал-Абад областтык сотунун жазык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 30-мартындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун А. Эргешов жөнүндөгү өкүмү бузулуп, ал “опузалап пара талап кылуу” боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 4 миллион сом айып төлөм салынган.

 

Марат ОСМОНОВ, Жалал-Абад областтык прокуратурасынын

мамлекеттик айыптоону колдоо жана

соттордогу өкүлчүлүк бөлүмүнүн башчысы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK: