Тарыхый жай тактык сурайт

23 - Июня  2016 | 9 : 421229
Тарыхый жай тактык сурайт

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын чыныгы аты – Калмак Кыргын. Совет доорунун шарпасы менен Калмак-Кыргын аты өчүрүлүп, расмий документтерде Калмак-Кырчын деп аталып, жазылып калган. Балким, ушинтип аталышы да маани-маңызы жагынан туура болоор, себеби бул ат байыркы кыргыздардын эл-жерди басып алмак болгон калмактарга каршы кырчылдашкан согушу менен жеңишин даңктап, даңазалап, далилдеп турат. Бирок, эл ичинде ушул эки аталыш  кайрадан жаңыра баштады.

Айылдын Калмак-Кыргын деп айтылышы да кыргыздар менен калмактар жоолашкан буга чейинки беш-алты кылым мурунку окуяларга байланыштуу. Андай тирешүүлөрдө кыргыздар дайыма калмактарды жеңип келгендиктен эл оозунда кыргыз жерин душмандардан коргогон Манас, Семетей, Сейтек, Алымсарык, Куламсарык, Курманбек, Эр Табылды, Жаңыл Мырза, Эр Солтоной, Жаныш-Байыш  өңдүү баатырлар тууралуу  дастан-эпостор жана башка көркөм чыгармалар жаралган.

-“Курманбек” эпосун калмаккыргындык Ади Өмүралиев карыянын оозунан далай ирет укканбыз,- дейт Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн төрагасы Кубанычбек Кудайбердиев.

 – Ади аксакал ал дастанды абдан образдуу жана элестүү айтат. Курманбек баатырдын эстелигин тургузуу 1992-жылы башталган. Ал  кезде мен Сузак райондук кеңешинин төрагасы болчумун.  Жогорку Кеңештин  ошондогу төрагасы Медеткан Шеримкулов эстеликти көргөнү Калмак-Кырчынга келгенде, Ади карыя учураган жерден эле дастанды шыр айтып кирди. Дастанда Курманбек баатырдын омурткасына найза сайылган окуя бар. Ошондо жарадар болгонуна карабаган Курманбек колундагы шамшарын Дөлөн ханга көздөй ыргытат. Курманбек ыргыткан шамшар душман минген аттын башын кыя чабат да, “Дөлөн хан качып кетти, дардактап” деп айткан болчу. Дардактап качкан адамды элестетип көрсөңүз, кандай болоорун?  

Ошо жылы эле Калмак-Кыргынга Курманбек баатырдын эстелигинин тургузуу иштеринин даярдыгын билгени баратсам, анын жер иштерин аткармак болгон усталар жолдо кайтып келатыптыр. Аларды Таран-Базардын тушунан жолуктурдум. Куруучулардын артка кайтуусуна ал жерди казганда сөөк-саактардын чыгуусу себеп болуптур.

Усталарды эстелик тургузулуучу жерге ээрчитип  барып, кайра каздырттык. Казылган жерден жып-жылмакай болгон эки жүздөй плита кыш жана үч плита тактай, андан сырткары узундугу эки метрдей болгон эркек кишинин сөөгү чыкты. Тарых жана тактык үчүн анык далилдикке  ченегич таптыртып, сөөктү өлчөттүрдүм. Сөөктүн узундугу бир метр токсон сегиз сантиметр болуп чыкты. Баш сөөгү чоң, ээги узун. Аны ак кепиндеп, жерге  кайра көмдүрдүк. Жылмакай эки тактай плитаны  ошо жылдардагы жетекчилердин экөөсү алып кеткен болчу. Кийин алардын бири плита тактайды мурда алган жерине алып барып, койгонун айтты. Жылмакай кыштарды көрүнгөн адам орус меш курганы алып кете бергенби, азыр эстеликтин жанында бир эле жылмакай таш калганын көргөм.

Калмак-Кыргындын башталышында Тамга-Терек деген жер бар. Мурда ал жерде мүрзө болгон. Ал мүрзөгө бир эле калмаккыргын айылынан көзү өткөн адамдарды гана эмес, азыркы Нарын областынын тээ Ат-башы, Жумгал, Нарын, Кочкор өрөөндөрүндө көз жумган аттуу-баштуу, таанымал кыргыз кишилердин сөөгүн да ашуу жабылгыча Калмак-Кыргын айылына алып келип, тамгатерекке коюшчуу экен.  Тамгатерекке кыргыз-калмак чапкындарына катышкан адамдардын, ата тегинин, алардын жоокерлеринин, аттары менен курал-жарактарынын, буюмдарынын аталыштары жазылып коюлганын улгайган адамдар сөз кылышаар эле. Колхоздоштуруу маалында ал теректерди кыйдырган адам балалуу болбой калган дешет. Жерди кеңейтүүбү, же жол салуу үчүнбү, айтор, кайсы бир жылдары мүрзөнү  эксковатор менен тегиздегенде , ал мазардан темир соот кийген адамдын денеси табылганын, ал соотту кайсы бир чиновник алып кеткендигин укканбыз.

Албетте, областыбыздын аймагында аттары талаш туудурган тарыхый жай бир топ. Алар эл оозунда кыйла убакыттардан бери айтылып келатканы менен чыныгы маани-мазмуну мындан ары да иликтенип, изилденеер. Президент тарабынан “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланган быйылкы жылда жогоруда аталган жайларга көбүрөөк көңүл бурулаар. 

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мамыр Мерген-тарыхый инсан Мамыр Мерген-тарыхый инсан

    Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон....

28 - Марта  2018 | 4 : 44308
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 32929
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30871
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311314
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 342313
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451072
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541652