Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан

23 - Июня  2016 | 9 : 502071
Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан

1916-жылы болгон улуу Үркүнгө эмки жылы жүз жыл толот. Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында быйыл 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген топ түзүлгөн. Жарлыкта "кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү" жагы сунушталган. Указга удаа коомдук-саясий комиссия түзүлгөн. Аны белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров жетектейт. Анткени ал баштаган экспедиция мындан эки-үч жыл мурун Үркүндөн качканда жазалоочу отряддын огу менен ачкалыктан жана башка себептерден каза болгон кыргыздардын сөөгүн чогултуп, куран окутуп, жерге көмгөнү белгилүү. Үркүн курмандыктарына болгон эстелик Ысык-Көл областына караштуу Боом капчыгайына тургузулган

1914-жылы башталган дүйнөлүк биринчи согуш жүрүп жатканда падышалык Россия фронтко Антанта аскер блогуна каршы согушка кыргыздардан да аскер алууну чечет. Жергиликтүү эл бул саясатка каршы чыгып, балдарын аскерге жибербөөнү чечет. Мындай кайбатка ачууланган орус төбөлдөрү өздөрүнүн жазалоочу отрядын кыргыз-казак аймактарына жиберет. Жазалоочу отряд өз үстөмдүгүн көрсөтүп, баскынчылык саясатын жүргүзгөнүнө чыдабаган кыргыздар улуттук-боштондук күрөшкө чыгат. Бирок, падышалык Россиянын куралдуу желдеттеринен жеңилип калат. Албетте, бул окуя аргасыз ыкма болгон. Кыргыздардын улуттук-боштондук кыймылынын уюштурулушу тактикалык чукул зарылчылык менен байланыштуу. Үркүн- жазалоочу отряддын кыргынынан оболу кары-картаңдарды, бала-чаканы алдыга качырып ийип,  бар тапкан начар куралы менен мыкты куралуу падышалык аскерлерге каршы айбат көрсөтүп, алардын жолуна бөгөт түзгөн миңдеген аталардын эрдигинин натыйжасында уюштурулган аргасыз чара.

Башка айла жоктугунан Чүй, Ысык-Көл жана Нарын боорундагы калк үй-бүлө, бала-чака, кары-картаңы менен жан калкалоо максатында Кытайды көздөй качат. Алардын артынан түшкөн жазалоочу отряд жергиликтүү элге колдон келген мыкаачылыгын көрсөтөт. Куугунчу аскерлердин айынан ач-жылаңач калган калк нечен жол, ак кар, көк муз кетпеген Бедел сыяктуу бийик ашуу ашып, Текес өңдүү сөөк какшаткан дарыяларды кечип, суук менен ачкачылыктан, Чыгыш Кытайдагы жергиликтүү бай-манаптардын кордугунан миңдеген кыргыздар кырылат. Канчасы ач-бөрүгө жем болот. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган. Тарыхчылар бул окуяда ар кандай жагдайда 150 миңден 400 миңге чейин адам өлгөндүгүн айтып жүрүшөт.

Тирүү калуу амалы менен айрым кыргыздар өспүрүм кыздарын Кытайдагы уйгурларга күйөөгө берүүгө аргасыз болушат. 1917-жылы Октябрь Революциясынын көмөгү менен падышалык Россия кулайт. Бул окуяны уккан кыргыздар бир жылдан кийин өз эл-жерине кайта баштайт. Үркүндүн азабын эл менен кошо тарткан Касымалы Баялинов “Ажар” повестин, Касымалы Жантөшев “Каныбек” романын, Мукай Элебаев “Узак жол” повестин, Аалы Токомбаев “Кандуу жылдар жана Өлбөстүн үрөнү” аттуу роман-драмасын, Жусуп Турусбеков “Ажал ордуна” аттуу музыкалык драмасын жаратып, кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө чыгууга түрткү болгон жагдай-себептерди, жазалоочу отряддын мыкаачылыгын, алардын кыргынынан качкан элдин кандай азап-кордуктарга туш болгондугу тууралуу көркөм адабиятта баяндашкан. Кытайга качып бараткан элдин жазалоочу отряддан калкалануу үчүн жашынган Ысык-Көл боюндагы аска-зоолордун үңкүрлөрүн биз да көргөнбүз. Жетиөгүздүк тургундар бекинүүгө үлгүрбөй калган кыргыздар аска-тоодон боюн таштап, жан таслим болушкандыгын бизге айтып беришкен.  

                Советтер Союзунун учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары,   көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы окуя-маалыматтар ачык, так жазылбай, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес. Ал жөнүндө айткан профессор Кушбек Үсөнбаев сыяктуу тарыхчы, акын-жазуучу, журналист жана коомдук ишмерлерди “улутчул” деп аташкан.

Быйыл жайында Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында коомдук комиссия уюштурган  элдик курултай 1916-жылкы Үркүндү "тукум курут ("геноцид")  саясатынан улам болду” деп баалаган.  Айрым изилдөөчүлөр бул окуяны "кыргын деп баалоо керек, бирок  аймакта тукум курут саясаты жүргөн дешке мүмкүн эмес” деген ойлорун айтып, жазып келишүүдө.  

Аныгын айтканда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себеби кыргыздардан ооруктагы жумуштарга алуу болгон эмес. Ал жөн гана шылтоо болгон. Көтөрүлүштүн чыгыш себеби өтө тереңде жатат.
«...Кыргыздарды кырып-жоюу, калганын коркутуп-үркүтүп Кытайга чейин сүрүп салуу жана алардан калган жерлерди ээлеп калуу — падыша өкмөтүнүн өзүнүн кара ниет ишинин бирден бир күткөнү ушул болгон» (Г.И.Бройдо, 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшүнүн тарыхына материалдар, «Ала-Тоо», 1991-ж, №6, 116-б).

Мисалы, 1916-жылы 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга он бир батальон, 3,3 миң казак-орус аскери жөнөтүлгөн. 
Беловодскиде беш жүздөн ашуун кыргыздарды “көтөрүлүшкө катыштыңар” деп, сарайга камап, эртеси баарын мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Ушундай эле окуя Ысыккөлдүн башындагы Теплоключенка айылында болуп, 500дөй киши өлтүрүлүп,  жүздөн ашык адамдын өлүгү Аксуу суусуна ыргытылган.

Ал эми “Кыргызстандын тарыхы” аттуу китепте минтип жазылган.  

“1916-жылдын 16-октябрында  Верныйда Түркстан крайынын господин генерал-губернатору,  генерал-адъютант А.Н.Куропаткиндин төрагалыгы астында кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеге  Жетисуу областынын аскер губернатору М.А.Соколов-Соколинский ( буга чейинки фамилиясы Фольбаум болгон) жана башка падышачылык бийликтин жогорку даражадагы адамдары катышкан.
Кеңешмеде Пишпек, Пржевальск  жана  Жаркент уезддеринде жашаган 37355 түтүн кыргыз-казактардын  2.510.361 саржан жерин алуу каралган.

Көтөрүлүш чыгарган кыргыздардан бошогон Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейиндеги жерлерге ар бири алтымыш түтүндөн кем эмес,  5 казак станицасын түзүү белгиленген. Алар  Өрүктүдө, Корумдуда, дунгандар мурда жашаган Мариинскиде, мурдагы Гоголевкага жакын жерде жана Улаколдо курулмак. Калган кыштак салууга ыңгайлуу жерлерге жалаң гана орустарды отурукташтырууга, башка калган жерлерди казынанын карамагына алууга көрсөтмө берилген. Ошентип, Текес дарыясынын өрөөнү, Чалкуде-су (Каркыра), Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейи, мурдагы Столыпино (Кочкор) айылын кошуп, жалаң орус калкы жашаган өзгөчө уезд түзүү жагы белгиленген.

Ошентип, кылымдар бою ата-бабалары канын төгүп, жанын берип келген жерлерине кыргыздар ээ боло албай, болуп көрбөгөндөй зордук–зомбулук жана чексиз ырайымсыздык менен табияты татаал, жашоого кыйын, дыйканчылык жүргүзүүгө ылайыксыз жерлерге сүрүлүүгө аргасыз болушкан.
Ал эми кыргыз жергесинде боштондук үчүн болгон бул Улуу көтөрүлүш падышачылык бийлик тарабынан аеосуз түрдө басылды. Күнөөсүз миңдеген наристелер, кары-картаң кемпир-чалдар, солкулдаган жаш жигиттер, бойго жетип толукшуп турган айжаркын кыздар баскынчылардын колунан бей ажал табышты. 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ.
 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Назармат –жазма мурастарды сактоочу жана эң алгачкы мугалим... Назармат –жазма мурастарды сактоочу жана эң алгачкы мугалим...

Назармат Жайлообаевдин туулгандыгынын 120 жылдыгына карата                     Дал ушундай аталышта Назарматмолдонун уулу Ормонбек...

21 - Сентября  2018 | 11 : 17313
Мамыр Мерген-тарыхый инсан Мамыр Мерген-тарыхый инсан

    Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон....

28 - Марта  2018 | 4 : 44602
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 321323
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 301035
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311421
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 342763
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451194