Чаткал жаңылыктары

23 - Июня  2016 | 11 : 181692
Чаткал жаңылыктары

 

 

           Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын алкагында Айыл Кеңеш Кызматы менен биргеликте жардамга муктаж үй бүлөлөргө  жаз, жай мезгилдерине ылайык утурумдук он эки күнөскана куруп берүүнү максат кылууда.  Бул иштерге айыл аймагы тарабынан жүз элүү миң сом бөлүнгөн.

                                                           ***

        Быйыл Чаткал айыл өкмөтүнө аталган айыл аймагына көчүп келген этникалык алты кыргыз киши кайрылды. Алардын экөө "Кайрылман" күбөлүгүнө ээ болду.  Ал эми этникалык кыргыз болгон төрт кишиге мындай күбөлүк  кийинчерээк берилмекчи.

                                                           ***

           Жыл башынан бери  Чаткал айыл аймагында жашаган калктын жакырчылык деңгээли 6, 4 пайызга төмөндөдү. Бул көрсөткүч жергиликтүү калктын жеңилдетилген кредиттердин  жана төрт түлүк малдын башынын  көбөйтүү эсебинен пайда болду. Буга айыл аймактагы "Темир мал" фондунун эсебинен жардамга муктаж үй бүлөлөрдүн пайда табуусу жана жергиликтүү тургундардын тоо кен фирмалары тарабынан жумуш менен камсыз болуусу кошумча түрткү берди. Белгилей кетсек жыл башынан бери "Кичи Чаарат" фирмасына отуз эки тургун,  ал эми "Вертекс Голд Компани" фирмасына алты жаран жумушка орношту.

                                                                         ***

            Жакында  Чаткал айыл аймагынын Жаңы- Базар  жана Курулуш айылында эки бала бакча ачылды. Алар элге кызмат көрсөтө баштады. Буга чейин аталган айылдарда бирден гана бала бакча иштеп келген. Бала бакчалардын саны эми төрткө жетти.

                                                           ***

           Жаңы- Базар айылына караштуу Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде "2016— жыл Тарых жана маданият жылына" карата бир топ иштер аткарылууда. Атап айтканда жаз алды менен комплекстин айланасына республиканын айлана чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан берилген тянь- шань карагайынын үч жүз түп көчөтү тигилди. Бүгүнкү күндө комплекстин айланасына брусчатка төшөө, мейманкана менен күмбөзгө чыкчу жолдорду оңдоо долбоорлору  ишке ашууда. Комплекстин кызматкерлеринин баары медициналык кароодон жана туристтерди жогорку деңгээлде тейлөө боюнча курстан өтүшкөн.

            Жай мезгили башталгандан бери бул туристтик жайга бир жүз кырк адам келип, диний жөрөлгөлөрдү жасап кетишти.

 akyikat.kg

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

Аксы. Кайнене келинди өлтүрүп, мурда кыз жигит катары сүйлөшкөн кызын да өлтүрүүгө аракет жасаган 30 жаштагы Авлетим айыл аймагынын жашоочусу Б. Т ны райондук сот өмүр боюу эркинен ажыратты.   Эске...

28 - Марта  2018 | 4 : 54189
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  Сузак. Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылындагы О. Муратов мектебинде акыркы он жылдан бери балдарга 3 нөөмөттө сабак берилип келет. Ата-энелердин жардамы менен ашар ыкмасында 9 класстык...

7 - Марта  2018 | 10 : 1182
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД. Шаардык казынадан берилген акчалай сыйлыкка  2 спортчу жаңы конуштуу болушту. Областтык спорт, дене-тарбия жана жаштар комитети кабарлагандай грек – рим күрөшү боюнча дүйнө...

16 - Февраля  2018 | 10 : 40182
Аймак жанылыктары Аймак жанылыктары

  НООКЕН.  Масы кыштагындагы үйлөрдүн бирине “электриктин” атынан келип,  бир миллион сомдой акчалуу сейфти уурдаган эки адам Бишкектен кармалды. ОИИБдин басма сөз кызматы  алар адам...

9 - Февраля  2018 | 7 : 47362
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД.. Шаарда Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын окуучулары үчүн «менин кирешелүү чарбам» аттуу семинар болуп өттү. Аны балдарды эмгекке үйрөтүү максатында Жалал-Абад айылдык...

23 - Января  2018 | 11 : 54178
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД. Шаарда болгон  жыйында бир топ маселелер  козголду. Мэриянын маалыматтык борбору билдиргендей көчөлөрдү кеңейтүү, мектептерди жана балдар бакчаларын куруу, мугалимдерди социалдык жактан...

23 - Января  2018 | 11 : 56185
Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне

         2013-жылдын 30-декабрында борбор калаабыз Бишкектин № 4 төрөт үйүндө төрт эм көз жарып, төрт наристелүү болгон Абдрыхмановдордун үй бүлөсү гана эмес, бүтүндөй республикабыздын калкы кубанган...

16 - Января  2017 | 5 : 451629