Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

23 - Июня  2016 | 17 : 30480
Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

Жалал-Абад облусу, Каракөл шаары, Муздак-Булак аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чкырымында мамлекеттик № D 64-00 К “Степвагон” үлгүсундөгү автоунаанын айдоочусу рульду башкара албай, астынан чыккан мамлекеттик № S 68-31 N “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунааны бетме-бет сүзгөн. “Степвагон” автоунаада 7 адам болгон, Жалал-Абад облусунун медициналык окуу жайынын (училищанын) кызматкерлери Ысык-Көл облусуна спорттук мелдешке баратышкан: 1. 1964-жылы туулган Чолпонбек Камбаров, айдоочусу–оор абалда Жалал-Абад шаардык ооруканасына алып кетти; 2. 1960-жылы туулган Жунушбек Ташпулатов–оор абалда Жалал-Абад шаардык ооруканасына алып кетти; 3. 1970-жылы туулган Жыргалбек Атамбеков – Каракөл шаардык ооруканасынын реанимацияда каза болду (саат 20:40 маалыммат түштү); 4. 1991-жылы туулган Бектур Авазов – жеңил жаракат алган; 5. 1975-жылы туулган Мирсадык Нурбаев– жеңил жаракат алган; 6. 1971-жылы туулган Анвар Искендеров– жеңил жаракат алган; 7. 1990-жылы туулган Гулина Эгембердиева – эч кандай жаракат алган эмес; 8. “Хонда-Одиссейдин” айдоочусу, 1971-жылы туулган Мелис Асанов– жеңил жаракат алган. Жаракат алгандар өтүп бараткан жеңил автоунаа менен Каракөл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Абдишарип Бекилов, ӨКМдин маалымат кызматынын башчысы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

    Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен....

16 - Января  2018 | 4 : 18145
От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди. От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

          Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ...

15 - Февраля  2017 | 3 : 21692
Ири  материалдык зыян тартышты Ири материалдык зыян тартышты

                           Сузак районунда  алты айга жетпей 40 өрт кырсыгы катталган.  Андан келтирилген материалдык зыян 3 миллион 36 миң 847 сомду түздү.     ...

8 - Июля  2016 | 13 : 441232
Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда 2016-жылдын 7-июлунда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10000м3 шагыл-таштар түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылып...

8 - Июля  2016 | 15 : 16563
Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка...

17 - Июня  2016 | 15 : 58770
Беш айдагы өрт 4 миллион  830 миң 948 сомдук зыян алып келди Беш айдагы өрт 4 миллион 830 миң 948 сомдук зыян алып келди

  Ноокен райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү өрт коопсуздугу боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүп, областтык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу макала, телекөрсөтүүлөрдү...

7 - Июня  2016 | 18 : 34685