Элеттик акын элге отчет берет

24 - Июня  2016 | 11 : 371575
Элеттик акын элге отчет берет

    Тагдырын кыргыз журналистикасына арнап, катардагы кабарчылыктан, бир канча газеталарга редактор болуп иштеп жүрүп, азыркы күндө эс алууга чыкса да чыгармачылыкты таштабай, эргиген ырларды, прозалык чыгармаларды жаратып, бир нече китептерин чыгарууга жетишкен  Ырызалы Жанчаров  өзү туулуп-өскөн Аксы аймагынын окурмандарына отчет берүүнү чечти. Эртең  Кербендеги райондук Маданият үйүндө анын  акыркы чыккан “Каректеги аалам”, “Мансап курмандыгы” жана “Аксы талант казнасы”китептеринин бет ачаары өтөт.  Ага  район коомчулугу, окурмандар, жергиликтүү бийликтен жана Кыргызстан Жазуучулар Союзунан акын-жазуучулар катышат.

  • “Мансап курмандыгы” китебим прозалык чыгармалардын топтому болсо,  “Каректеги  ааламда” поэзиялык саптар жыйналган. Ал эми  “Аксы талант казнасы” көлөмдүү китепте жалаң гана Аксы жергесинен чыккан акын-жазуучулар Жеңижок (Өтө Көкө уулу), Ниязалы Борош уулу, Молдо Багыш Сарыбай уулу, Мураталы Күрөңкеев, Султанкул Эгембердиев, Темиркул Үмөталиев, Токтосун Тыныбеков, Төлөгөн Касымбеков, Жунай Мавлянов, Азада Бегимкулова сыяктуу  даңазалуу таланттарыбыздан тартып азыркы кезде элге таанылып калышкан акын-жазуучулардын  өмүр таржымалы жана чыгармалары камтылган. Бул китепти топтоштуруп чыгарууга жергиликтүү акын-жазуучу, журналисттер Тынчтыкбек Нурмамбетов, Асанбай Жусупбеков, Алимжан Молорбаев жана Абдумомун Калбаевдер жакшы көмөк көрсөтүштү. Ал эми белгилүү коомдук ишмер  Малабек Токтоболотов каржы жагынан жардам берди. Мен аларга ыраазычылыгымды айтамын-дейт автор.

Бактыкан Ажымаматова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Чыгыш менен Батыштын Чолпондору Чыгыш менен Батыштын Чолпондору

“Чыгыш менен Батыштын Чолпондору” дегенде, сөз кытайлык акын Ли Бо менен италиялык Данте Алигьери жөнүндө экендигин  окумал адамдар дароо билишет. Анткени, бул экөө өз чыгармалары менен таң келеринен кабар...

1 - Сентября  2016 | 13 : 511645