Ири материалдык зыян тартышты

8 - Июля  2016 | 13 : 441251
Ири  материалдык зыян тартышты

                      

    Сузак районунда  алты айга жетпей 40 өрт кырсыгы катталган.  Андан келтирилген материалдык зыян 3 миллион 36 миң 847 сомду түздү.

     Айлана чөйрөнү тазалоо, топтолгон таштандыларды өрттөө, электр энергиясы менен тамак бышыруучу приборлорду колдонуу, айыл жергесинде очок, тандырга от жаккан учурларда өрт кырсыгын алдын алуу чараларынын эрежелерин так сактоону эстен чыгарбаңыз. Ошондой эле жаш балдардын ширеңке менен ойноосуна жол койбоңуз.

Эреже сакталбаган айрым мисалдарга токтолсок, үстүбүздөгү жылдын 4-июль күнү Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын Октябрь көчөсүнүн №13-үйүнүн тургуну И. А.нын короосунан   саат 15:41 чамасында өрт чыккан. Өрт кырсыгы тууралуу Сузак айылындагы №65-өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнө кабар түшөт. Угар замат жетип барышкан өрт  өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам үй ээси көп материалдык зыянга учураган жок. Өрттүн кесепетинен короодогу курулуштун чатыры жана 0,5 тонна тоют толук күйгөн. Мындан үй ээси  28 миң 150 сом материалдык зыян тартты. Ошондой эле Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дмитриевка айылында  токтоп турган “Mersedes Bens 320” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа аныкталбаган себептерден улам толугу менен өрттөнүп кеткен. Натыйжада автоунаанын ээси 220 миң 567 сомдук зыянга учураган. 

  Урматтуу атуулдар! Өрт коопсуздук эрежелерин эске алуу менен тоютту турак жайлардан жана башка курулуштардан алыс жерде сактап, жаш балдарга  от менен ойноо эмнеге алып келээрин туура түшүндүрүңүздөр!

Назира АБДРАИМОВА, Сузак райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  инспектору, лейтенант.  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

    Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен....

16 - Января  2018 | 4 : 18175
От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди. От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

          Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ...

15 - Февраля  2017 | 3 : 21721
Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда 2016-жылдын 7-июлунда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10000м3 шагыл-таштар түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылып...

8 - Июля  2016 | 15 : 16583
Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

Жалал-Абад облусу, Каракөл шаары, Муздак-Булак аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чкырымында мамлекеттик № D 64-00 К “Степвагон” үлгүсундөгү автоунаанын айдоочусу рульду башкара албай, астынан чыккан мамлекеттик №...

23 - Июня  2016 | 17 : 30515
Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка...

17 - Июня  2016 | 15 : 58786
Беш айдагы өрт 4 миллион  830 миң 948 сомдук зыян алып келди Беш айдагы өрт 4 миллион 830 миң 948 сомдук зыян алып келди

  Ноокен райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү өрт коопсуздугу боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүп, областтык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу макала, телекөрсөтүүлөрдү...

7 - Июня  2016 | 18 : 34712