Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

8 - Июля  2016 | 15 : 16563
Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда 2016-жылдын 7-июлунда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10000м3 шагыл-таштар түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылып калган.

Кара-Көл шаарындагы №30 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, Таш-Көмүр шаарына караштуу №38 жол тейлөө ишканасынан 1 автогрейдер,  1 тез жардам унаасы 3 медициналык кызматкери менен, ИИМнин МАИ кызматынан 8 кызматкер жеринде иш алып барышты. 

2016-жылдын 7-июлунда саат 02:30 чамасында жол каттамы бир тараптуу ачылып, саат 16:20да 2 тараптуу каттам ачылган. Тазалоо жана кеңейтүү иштери улантылууда. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

 * * *

 Ала-Бука районунда 2016-жылдын 5-июлунда саат 16:00 чамасында  катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Тенги, Кош-Болот жана Көк-Таш айыл аймактарына баруучу №17 жол тейлөө ишканасына таандык жолдорунда унаалар жүрүүгө кыйынчылык жаралган. Кош-Болот айылындагы сел өтүүчү сай Кош-Болот-Тенги жолунун үстүнкү бөлүгүндөгү колоттордон жана суугат каналдардан ашкан сел суулар 21 турак жайдын подвалына 30 турак жайдын огороддоруна, сарайларына кирген, кооптуу үйлөр жок. Көк-Серек айыл аймагындагы Теңги жана Кош-Болот  айылдарына баруучу жол сел калдыктарына толуп калган.

             №17 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундар тартылып, 7-июль күнү жол толугу менен тазаланып, калыбына келтирүү иштери аяктады.                    

          

* * *

1-май айыл аймагында 2016-жылдын 7-июлунда саат 04:30 чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдан Сумсар сайынан келген сел суулары Ажек, Айры-Там, Жаңы-Шаар айылдарын таза суу менен  камсыз кылуучу 150 метр түтүкчөлөрү жараксыз абалга келген. Айры-Там жана Жаңы-Шаар айылдарын район менен байланыштырган Ажек участкасындагы №17 жол тейлөө ишканасынын баланысындагы унаа  жолун сел суулары жууп, сел калдыктарына толуп калган. 

           №17 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер тартылып, 7-июль күнү унаа жол 1 тараптуу ачылган. Жумушту толук бүтүрүү үчүн 150 метр суу түтүкчөсү керектелет.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

    Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен....

16 - Января  2018 | 4 : 18145
От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди. От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

          Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ...

15 - Февраля  2017 | 3 : 21692
Ири  материалдык зыян тартышты Ири материалдык зыян тартышты

                           Сузак районунда  алты айга жетпей 40 өрт кырсыгы катталган.  Андан келтирилген материалдык зыян 3 миллион 36 миң 847 сомду түздү.     ...

8 - Июля  2016 | 13 : 441232
Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

Жалал-Абад облусу, Каракөл шаары, Муздак-Булак аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чкырымында мамлекеттик № D 64-00 К “Степвагон” үлгүсундөгү автоунаанын айдоочусу рульду башкара албай, астынан чыккан мамлекеттик №...

23 - Июня  2016 | 17 : 30481
Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка...

17 - Июня  2016 | 15 : 58770
Беш айдагы өрт 4 миллион  830 миң 948 сомдук зыян алып келди Беш айдагы өрт 4 миллион 830 миң 948 сомдук зыян алып келди

  Ноокен райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү өрт коопсуздугу боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүп, областтык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу макала, телекөрсөтүүлөрдү...

7 - Июня  2016 | 18 : 34685