Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

14 - Июля  2016 | 11 : 541506
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100 жылдыгына карата

 

 

Сузак районундагы  Акбаш (Благовешенко) айылынын тургуну, ардагер мугалим Исабек Абдыразаков бизде мейманда болуп, үркүнгө байланыштуу кызыктуу ойлору менен бөлүштү.

 

-Исабек мырза, алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Мен Акбаш айылында туулуп өскөмүн. Айылдык мектепти аяктап, Фрунзедеги (Бишкек) Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине  тапшырып, аталган окуу жайды 1984-жылы аяктагамын. Ошол жылдан бери мектепте  тарых сабагынан мугалим болуп иштеп, балдарга татыктуу билим жана тарбия берүү тармагында жалпысынан 42 жыл иштептирмин. Азыр эс алуудамын. Бала-чаканын маңдайында, бактылуу өмүр кечирип жаткан кезим.

-Быйылкы “Тарых жана маданият” жылында  өткөн тарыхыбыздагы мүчүлүштүктөр, бурмаланган окуя-фактылар иликтенип, тастыкталып, тарых чындыгы айтыла баштады. Советтик доордо  тарыхтын күрөө тамыры таасын жана так айтылган эмес. Ошонун катарында кыргыздарды тукум курут кылуу аракеттери болгон делип божомолдонгон  Үркүн  жагдайында да чыркыраган чындык ачыкка чыга элек.Тарыхчы мугалим катары ушул жагдайда кандай ойлоруңуз бар?

-Советтик доордо  Үркүн жагдайында бир жактуу фактылар айтылып, бир беткей маалыматтар берилип келгендиги чындык. Анткени, тээ түпкүрүндө башка маселе жатса да, ал ачык айтылган эмес. Барып келип кыргыздар өздөрү күнөлүү болуп калышкан. Чындыктын тамыры башкада. Үркүн жалгыз гана Кыргызстандын түндүк тарабында болуп, ошол  жактагылар гана жерин таштап, Кытайды көздөй качышкандыгын окутуп келдик. Бизде да анын эпкини болгон жана анын кесепетинен миңдеген адамдар бөөдө кырылышкан.

-Бул жагдайда кандай маалыматтарыңыз бар?

-Менин Ыманкул деген авам бар эле. Жүз жашка чыгып кайтыш болду. Ошол киши мага  ушул күндөрдөгү окуялар тууралуу көп айтып берээр эле.  Биздин Акбаш айылы экиге бөлүнөт, Кичи Акбаш жана Чоң Акбаш болуп. Кичи Акбашта орустардын Казармасы болуптур. Ал жерге эки замбиректи орнотушуп,  75 орус жоокери такай турчу экен. Алар кезек-кезек айылдарды аралап, элден салык жыйнвп турушчу. Кээде алдыларынан чыккан адамдарды бөөдө сабап, уруп, өлтүрүп да турушчу экен. Жакынкы кыштактагылар көчөгө чыккандан коркуп, ошондон улам да тоо тарапка качып кетип турушчу.  Ошентип, орус жоокерлеринин кысымына чыдабагандар биротоло жерин таштап кетип калса, орустар болсо ээн-эркин калган жерлерди ээлеп, өздөрү эгин эгип, жыргап-куунап жашай беришкен. Ошолордун арасында Матвей, Михаил жана Машке деген үч бир тууган болгон. Алар жергиликтүү элге  ушунчалык кордуктарды көрсөтүшүп, очойгон салыктарды салып, аны төлөй албагандарды  суроо-жоопсуз эле атып турушкан экен.  Жолду тосуп, ары-бери өткөндөрду тоноп, азыркынын сөзү менен айтканда алар ошол доордун “рекеттери” болушкан. Алардын кордугуна чыдабаган эл өз алдыларынча топтолушуп, уюшулуп, биз билген басмачылыктын  чыйыры башталат.  Эсенбай, Ысман, Жоробай  деген басмачылар бир топ адамдары менен ушул үч бир тууган орустун артынан түшүшүп, аларды жок кылуунун аракетин кылышат да, бир күнү алар Чарбак тараптан келе жаткан жеринен колго түшүрүшүп, Машке менен Матвейди муздап өлтүрүшөт. Ал эми  Михаилди тирүү калтырышып, “ал   аркылуу орустардын чоңдорунан өч алабыз, же башка да максаттарга колдонобуз” дешкендей, аны  барымтага кармап турушат. Тилекке каршы, бир түнү аны кайтарып тургандар уктап калышып, качырып жиберишет. Михаил түнү бою качып олтуруп, Казармага келет да, андагы жоокерлерге  бардыгын айтып, аларды кыргыздарга тукуруп коюп, өзү башка жакка качып кетет. Себеби, “жаалданган кыргыздар  күч топтоп келип, өлтүрүп кетпесин” деп, кооптонсо керек. Ал эми Казармадагылар эки замбиректи арабага сүйрөп алышып, айылдарды  аткылап, өрттөп, тоо тарапты көздөй жөнөшөт. Жаалданган жоокерлер эч кимди аяшпайт, аялдар, балдар өлөт. Үлгүргөнү качып кутулат. Ошондо  ушул өрөөндүн эл башчылары аталышкан Чыйбыл, Эгемберди деген бийлерге барышып, орустардын мындай аракеттерин токтотууларын суранышат. Себеби, аларды кандайдыр бир  деңгээлде орустардын төбөлдөрү угуп турушчу экен. Ошол учурда ал журт башчылары дагы жандарына бир топ  мыктыларды жыйнашып, бардыгы ак боз ат минишип, колдоруна орустардын желегин кармашып,  тоо тарапка кетип бараткан орус жоокерлерин Кашка-Терек айылына кире берген жерден тосушуп, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бирок, жаалданган орус жоокерлери элди аткылап, айылдарды өрттөгөндү токтотушканы менен чоң өлчөмдө салык салышат. Себеби, “өлтүрүлгөн эки орустун кунун төлөгүлө” дешип, ансыз да  каатчылык каптап, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жаткан элге кандайдыр бир өлчөмдө алтын, мал, эгин төлөп турушун талап кылышат. Алардын бул салыгы элди ого бетер кыйнап,аргасыздан эми биротоло жайык жердеги турак жайларын таштап, тоо таянып кетүүгө аргасыз кылат. Журт которушат. Ал эми  эгин эккенге ыңгайлуу, жайык жерге орустар туш-туштан көчүп келишип, жайгаша беришет.

-Азыр да аты өчө элек, орусча аталыштагы кыштактар ошондон пайда болгон экен да?

-Ошондой десек болот. Биздин Акбаш айылыбыз Благовешенко деп аталып калат. Бул диний аталыш, мындайча айтканда , “бейиштин жери”, “бейиштин төрү” деген мааниде. Орустардын чоң чиркөөсү болгон. Ошентип бул айылга дээрлик орустар жашап калышат. Алардын  “Лутфилланын талаасы” деген аймакта мазары да бар. Азыр да турат. Мазарга коюлган эстелик жазууларга назар салсаң, ошол 1870-жылдардан берки  даталар бар. Андан ары Спассовка деген айыл бар. Бул тараптагы  Гавриловка, Октябрьский, Сафаровка, Михайловка, Подгорный, Дмитриевка деген айылдарды карап көргүлө. Бардыгы жайык жерлер. Ал эми тоо тараптагылар  илгерки эле аталыш менен келе жатат. Ушундан эле түшүнсөк болот да. Советтик бийлик орногондо да ал  кыштакта жашаган орустарга  жаңы бийлик жеңилдик берип, жыйырма жети жылга салыктан бошотулушкан. Ал эми  түпкүлүктүү элге андай жеңилдиктер берилген эмес. Мындай калыссыздыкка чыдабагандар баш көтөрүп, ошондон улам да басмачылык күчөгөн. Биз советтик доор учурунда балдарга басмачыларды эл душманы катары окутуп келгенбиз. А чынгында алар жерин коргогусу келген, мекенчил адамдар экенин тарых тастыктап жатпайбы.

-Сөз арасында “Ак-Тоок” кыштагы тууралуу да кеп салып калдыңыз. Анын аталышы боюнча ар кандай айың кеп бар да?

-Азыркы “Ак-Тоок” кыштагы боюнча жергиликтүү эл да ар кандай айыңдарды айтышат. Бир чындыгы ал кыштактын оозунда ошол орустардын бийлиги өкүм сүрүп турган жылдарда  тоок ферма болгон. Жалаң ак  тоок багылчу. Эл ошого карап  “Ак тоок” деп атап алышкандыгын  айтып калчу Ыманкул авам.

-Ошол кездеги  кош бийлик, мындайча айтканда Кокон хандыгынын өкүмзарлыгы, орустардын запкысы элди эзип, чон кыйроого алып келген  да?

-Кокон хандыгы 1876-жылдан баштап кыйрай баштагандыгы белгилүү.  Ал жөн кыйрабай эзилген кыргыз элинин канын суудай агызган да. Ошол жылдан 1915-жылга чейин кыргыздарда он үч жолу каатчылык, ачарчылык каптап, ошондон да эл кырылган экен. Кашка-Терек тарапта “Сейиттин талаасы” деген жайык бар. Бир кезде ошол жайыкта жалаң каман уруусундагылар жашаган . Каатчылык жылдарда андагы элди  “күйдүргү” дарты (сибирь жарасы) каптап, айылдагылар  түгөл кырылып калган экен. Азыр ал талаа бош турат.

-Демек, тарыхта “Үркүн” аталышында калган бул каардуу жылдарда  Түндүк эли ошол эле орустардын запкысына чыдабай, жерин таштап, Кытай тарапка качып,  ал тарапка жеткени жетип, жетпегени  ара  жолдо  азып-тозуп, бөөдө өлүмгө туш болушса,  биз тарапта өз жеринде эле  кырылган экен да.

-Ооба, бирок, биздин эл да ата-бабалары жердеген түздөк жерлерин таштап , тоо тарапка кетип жатышпайбы. Балким ушул жерде кылымдар бою жашап келишкен. Дегинкиси жер которуу өтө оор жана ал аргасыздын иши. Кыргыздар Енисейден качып келген делет. Анын да чындыгы бар. Бирок, эмне үчүн качып келди, бул өзүнчө маселе. Ошол сыяктуу  тоо тарапка эмне үчүн качты да, эмне үчүн жайлап калышты? Ага да түрдүү жоопту айтса болот.Мына  анын натыйжасы эмне болду? “Биздин жер, илгертен биз жашап келгенбиз, кыргыздар келгиндер, алардын жери тоо-таш, токой”-дегендер чыгышты го.

-Кылымдар бүктөмүндө түптүү эл, тектүү журт экендигибиз таасын айтылып келет жана мындан ары да айтыла берет.  Ошол эле мезгилде  ар бир басып өткөн тарых-таржымалыбыз да өзүнүн туура баасын алат деген ишенич бар. Маегиңизге ырахмат.

 

Бактыкан Ажымаматова.

 

 

  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 32111
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30702
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311153
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 341655
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 45860
Тарыхый жай тактык сурайт Тарыхый жай тактык сурайт

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын чыныгы аты – Калмак Кыргын. Совет доорунун шарпасы менен Калмак-Кыргын аты өчүрүлүп, расмий документтерде Калмак-Кырчын деп аталып, жазылып калган. Балким, ушинтип аталышы...

23 - Июня  2016 | 9 : 421047
Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан

1916-жылы болгон улуу Үркүнгө эмки жылы жүз жыл толот. Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында быйыл 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка...

23 - Июня  2016 | 9 : 501511