Балдар көңүлдүү эс алууда

21 - Июля  2016 | 14 : 3907
Балдар көңүлдүү эс алууда

 

 

Жай  мезгили да ортолоп,  иштегендер эмгек өргүүгө чыгып, шартына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша эс алуу аракетин көрсө, мектеп окуучулары  болсо, шаар турмушунан, шаардагы үп тарткан ысыктан бир аз болсо да алысыраак болуу үчүн  жайлоого барышат. Айрымдары эс алуу лагерлеринде болууну самайт. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда учурда област боюнча отуздан ашуун балдардын эс алуу лагерлери иштеп жатат.

Алардын катарында Сузак районундагы айтылуу Кара-Алма токоюнун койнунда жайгашкан “Алтын балалык” балдардын эс алуу лагери да бар. Анын жетекчиси Турдукан Аманованын айтымында азыркы күндө  лагерде  балдар эң кызыктуу, эсте каларлык ирмемдерди өткөрүп жатышат. Бул жерде негизинен Жалал-Абад шаарынын тургундарынын балдары, анын ичинде  бюджеттик мекемелерде иштегендердин балдары эс алат. Шаар мэриясы жана шаардык билим берүү башкармалыгынын профсоюз уюму тарабынан жолдомолор  уюштурулат. Он күнгө жолдомо баасы 2500 сом. Ал эми  ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары акысыз эс алышат. Бул күнгө чейин эки  агым менен 267 бала эс алып кетти. Дагы эки агым менен   эс алуу уюштурулат.

 Мында келген балдардын эс алуусун эң кызыктуу өткөрүүгө он эки мугалим-тарбиячы тартылган. Алар жети улуттун өкүлүнөн турат. Кызыгы бул ишке шаардагы “Мыкты мугалим” сынагынын жеңүүчүлөрү тартылышкан. Демек, алар жайкы  эс алуу күндө да өздөрүнүн  тажрыйбаларын, билимин жана иш ыкмаларын балдар үчүн жумшап жатышкан кездери.

Эс алуу лагериндеги балдар ар бир таңды  Кыргызстандын мамлекеттик Гимни менен тосуп алышып, ар бир мүнөт, ар бир саатты алдын ала түзүлгөн программа менен өткөрүшөт. Дегинкиси ар бир күн  бошко кетпейт. “Жаз майрамы”, “Ыр майрамы”, “Бий майрамы”, “Мекенчил ырлардын сынагы”, “Суу майрамы” сыяктуу  оюн-тамашалар уюштурулат. Айтор, мында келген бала  жагымдуу эс алат, убактысын көңүлдүү  өткөрөт. Таза аба, шаркырап аккан суу жээги, калың токой ичи балдардын эсинде көпкө сакталып калат.

-Жылдагыдан  өзгөчөлүгү  -   быйыл ата-энелер менен түшүнүшүү аркылуу иш алып барып жатабыз. Мурдалары балдарына жолдомо алышпай эле  “акысыз эс алат” дегендей, жетелеп келе беришчү.  Быйыл алдын ала жолдомолорду сатып алышып, убагында алып келип жатышканы, биздин ишибизге да жакшы болду. Тынч иштесең, эч кандай  келишпестиктер болбосо, чыгармачылык менен иштегиң келет да, - деп сөз улады эс алуу лагеринин жетекчиси Т. Аманова.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кыздар жайкы лагерге барды Кыздар жайкы лагерге барды

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында 18-июлдан 23-июлга чейин “Аялдардын ден соолугу,  укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу кыздар үчүн жайкы лагерь иштеди. Иш -чара беш күнгө созулуп, ага...

21 - Июля  2016 | 14 : 11708
Туризмди өнүктүрүү үчүн Туризмди өнүктүрүү үчүн

  Областтагы район-шаарлардын туристтик өзгөчөлүктөрүнүн концепциясы иштеп чыгылат. Бул тууралуу туризм чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева кол койгон...

15 - Июня  2016 | 10 : 54571