Кыздар жайкы лагерге барды

21 - Июля  2016 | 14 : 11773
Кыздар жайкы лагерге барды

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында 18-июлдан 23-июлга чейин “Аялдардын ден соолугу,  укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу кыздар үчүн жайкы лагерь иштеди. Иш -чара беш күнгө созулуп, ага Жалал-Абад, Баткен областтарынан кырк кыз катышты.

Бул долбоорду   “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фонд ишке ашырды. Аталган долбоор биргелешип башкаруу программасынын колдоосунун негизинде АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агентствосу (USAID), Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) каржылоосу жана  Ист-Вест Менеджмент Институтунун (EWMI) көмөгү менен ишке ашырылды.

Беш күндө  кыздар үчүн лидерлик сапат, ыктыярчылык,  гендердик теӊчилик жана алардын укуктары, долбоорлорду жазуунун ыкмалары, билим берүүчү гранттарды кантип табуу, аларды толтуруу сыяктуу  багыт берүүчү тренингдер өттү. Андан сырткары тренерлик, интерактивдик окутуунун техникалары, сергек жашоонун образдарын үйрөнүү, зордук-зомбулук жана ага каршы күрөшүү, репродуктивдүү ден соолук  өңдүү темалар алдында окуп, билим алышты.

Лагердин жүрүшүндө кыздар үчүн спорттук оюндар, практикалык иш көндүмдөр жана жаштар кечелери уюштурулду. Мындан сырткары  кыздардын, тренерлердин жана эксперттердин катышуусу менен тегерек стол болуп өттү. Анда лагердин катышуучулары  алган билимдерин жер-жерлерде жайылтуу үчүн  бирдиктүү бир план аркылуу  иш- чараларды уюштурууну талкуулашты.

Майрамбек АДЫЛБЕКОВ 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Балдар көңүлдүү эс алууда Балдар көңүлдүү эс алууда

    Жай  мезгили да ортолоп,  иштегендер эмгек өргүүгө чыгып, шартына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша эс алуу аракетин көрсө, мектеп окуучулары  болсо, шаар турмушунан, шаардагы үп тарткан ысыктан...

21 - Июля  2016 | 14 : 3932
Туризмди өнүктүрүү үчүн Туризмди өнүктүрүү үчүн

  Областтагы район-шаарлардын туристтик өзгөчөлүктөрүнүн концепциясы иштеп чыгылат. Бул тууралуу туризм чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева кол койгон...

15 - Июня  2016 | 10 : 54617