Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

22 - Июля  2016 | 18 : 45859
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

 

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр...

Мен бул макаланы чоң аталарымдын айтып кеткен эскерүүлөрүнө, насааттарына таянып, кагаз бетине түшүрдүм. Ташбай Калпа менин чоң атам Ысмайылдын чоң атасы болуп эсептелет. Намангандык Баардин төрөнүн урпактары менен биздин чоң абаларыбыздын азыр да каттоосу бар экенин так билем.

 

Турмуш жер которткон

 

Нарындын Ат-Башысынан Бөлөкбай аттуу кыргыз  жигити кайсыл бир себептерден журт которуп, 19-кылымдын баш ченинде бала бакырасы менен мал жандыгын айдап Нарын дарыясын бойлоп  Жумгалга, андан ары Токтогулга өтүп, ал жерде бир кызын күйөөгө берип, эки кыш кыштап, бирок, кара курсактын айынан дагы көчүп, Наманган тарапка ооп, Баардин деген төрөнүн үйүндө карал болуп, болгон жумуштун баарын жасап бир нече жыл туруп калат. Ошол жерде уулдуу болуп, Баардин төрө атын Жалалидин деп  коюп берет. Жалалидин Баардин төрөнүн балдары менен бирге чоңоюп, алар менен бирге араб алфавитинде кат сабатын жоюп, табигый илимдер жана коомдук түзүлүштөр боюнча сабактарды да толук өздөштүрөт. Жаш, зирек бала Баардин төрөгө да жагып, бой жеткенде өзүнүн бир кызына нике кыйып, уулундай кылып алат. Бирок, Баардин төрө менен куда болуп калган Бөлөкбай, анын короосунда кызматын уланта албаганданбы, же кыргыздар тарапка оогусу келгенби, айтор журт которуп,  Ноокендин Бүргөндү аймагына келип жан багып калат. Бирок, Жалалидин Баардин төрөнүн үйүндө дагы бир нече жыл жашап, балдарды окутууда жардам берет. Кара курсактын айынан жаш кезинен бир топ кыйналган Бөлөкбай балдары окуп, билимдүү болсо кыйналбай оокат кылаарын билип, анан да Баардин төрөнүн үйүндө жашаган мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзү чейрекер болуп жан багып кыйналса да балдарына билим берүүгө аракет кылып, кийинки уулу Ташбайды да агасына жөнөтүп,   Баардин төрөдөн билим алдырат. Бирок, капысынан ооруп калып, орто жаш курагында эле көз жумуп, сөөгү Бүргөндү айылынын түндүк тарабындагы көрүстөнгө коюлат (атам: «чоң атам Бүргөндүдөн   ары-бери өткөнүбүздө токтоп, куран окуп, менин чоң атам ушул жерде коюлган экен деп калчу»,- дечү ).

Атасы көз жумгандан кийин Жалалидин менен Ташбай жетим калып, Намангандан апасына келип, Бүргөндүдө туруп калышат. Кат тааныган зирек балдар турмуш шартын оңдоо максатында аракет кылышып, (кайнатасы Баардин төрө да тааныштары аркылуу жардам берсе керек), Кокон хандыгынан (Кудаяр хандан деп айтышчу) Азрети Аюб айылынын алдынан (азыркы Жалал-Абад курорту) 1000 теше жерди өздөштүрүү үчүн бөлдүрүп алат. Хандын кагазы колуна тийген Жалалидин кайын журтунан дыйкандарды чакырып, хандын буйругу менен жумуш кылып жатканын баса белгилеп, дың жаткан талааны өздөштүрүү үчүн Көгарт дайрасынан суу бөлүп канал курдурууга киришет. 19-кылымдын орто ченинде адырды түптөй канал каздырып, суу алып келет. Мына ошентип, азыркы Жалал-Абад курортунун  адырын түптөй, Азрети-Аюб айылынын жанынан Хан арык каналы казылган экен (ал каналдын нугу азыр да бар, ар тарабы тосулуп курулуш болуп кеткен).

Жайкы күндүн аптабына чыдабай тез эле чөптөрү куурап, суусуз какыр жаткан талаа дароо көрктөнө баштайт. Жалалидин хандан алган жерди чейрекер- дыйкандарга сунуш кылып, айланасына Созок, Анжиян, Наманган, Кокон тараптан көчүп келген дыйкандар көбөйө баштайт. (Ал мезгилде кара курсактын айынан чейрекер-дыйкандар үй-бүлөсү менен бирге кайсыл жерде жакшы шарт менен жер берилсе көчүп жүрө беришчү экен). Ошентип, Азрети-Аюб айылынын жанына дагы бир айыл - Жалал-Абад айылы пайда болуптур.   

        

Жалалидин атабыз жөнүндө ар түрдүү легендалар айтылат

 

Жерди өздөштүргөндөн кийин Жалалидин чейрекерлерге эмне эктирээрин билбей кайнатасы Баардин төрөгө барып, андан кеңеш сурайт. Баардин төрө   «базарда эмнени эл албай жатышса, ошону эктир» деп кеңеш берет. Жалалидин Анжиянда, Наманганда базарга барса нас кылуучу тамекинин түрү чачылып жатканын көрөт. Дыйкандар сата алышпай базарда калтырып кетишиптир. Ойлонуп калышат, бирок, төрөнүн айтканын аткарып үйрөнүп калган эле. Тобокелге салып нас тамекисин эктирет. Ошол жылы башка жерлерде дыйкандар нас тамекисин экпей коюшкан экен, суроо талап көп болуп Жалалидин тамекинин жалбырагын жулдура электе эле чоң-чоң шаарлардан арабалары менен соодагерлер келет. Алар тамеки талаасына чейин барышып, шаштырып жулдуруп, баасын кымбат кылып сатып алат. Ошентип, Жалалидин жана анын чейрекерлери  жакшы пайда табышып, кийинки жылдары айдоо талааларын дагы кеңейтишип, дагы кошумча чейрекер дыйкандар көчүп келип, короо жай салышып, Жалал-Абад айылы чоң айыл болуп калат.

Суусуз какырап жаткан талааны гүлдөтүп, атайын канал каздырып, биринчи кезекте өз каражатын сарптап, элди уюштуруп, мунун баарын хандын уруксаты менен, хандын мөөрү басылган кагазы менен жасаган Жалалидин өз мезгилинин прогрессивдүү, илимдүү- билимдүү, алдыңкы катардагы инсаны экени талашсыз. Өкүнүчтүүсү артында атасынын атын өчүрбөй уланткан уул - неберелеринин калбаганы. Артында калган жалгыз туягынын ата журтун сактап калбаганы…

 Чоң аталарыбыздын айтуусу боюнча Жалалидин 5 кыздуу болуп, акырында уул көрүп, атын Бакай коюп, окутуу үчүн Коконго жөнөтөт. Кокондон окуп, хандын ордосуна кызматка кирген Бакай, ошол ордодо кызмат кылган кызматкердин кызына үйлөнүп, Фергана менен Кокондун ортосунан менчикке жер алып, ошол жакка отурукташып, кайын журтунда кала берген экен. Азыр да Фергананын жанында «Бакай» деген эскиден кыргыздар жашаган  кыргыз  айыл бар дешет.

Баласынын кайрылып келбей калганына капа болгон Жалалидин көп өтпөй ооруга чалдыгып, көз жумат да Азрети-Аюб тоосунун этегиндеги көрүстөнгө коюлат. Сөөктү коюуда жана аза күтүүдө улуттук үрп-адаттарды сактабагандыгынан иниси Ташбай намангандык өзбек жеңеси менен катташпай, туугандык мамилелери үзүлүп калат.

Жалалидин өзү да, кыздары да өзбекче тарбия көрүп калгандыктан, кыздары өзбек жигиттерге турмушка чыгып, алар кайын атасынын кең талаа сугат жерлерин бөлүп алышып, дагы башка чейрекерлерди көчүрүп келишет. Жалал-Абаддын элинин саны көбөйүп, Жалал-Абад айылы  Таш-Булак, Моңолдор жана Азрети-Аюб айылдары менен биригип, азыркы Жалал-Абад шаары түптөлүп, 19-кылымдын аяк ченинде шаар статусун алыптыр. Бирок, ал кезде Жалалидиндин да көзү өтүп. Ал түптөгөн Жалал-Абадда анын жээн неберелери гана калып, какыраган талааны гүлдөткөн тайатасын да эстебей калышкан экен.

 

“Ташбай калпа” тууралуу аңыз кеп...

 

Жалалидиндин иниси Ташбай, дыйканчылыкка көп кызыкпай, мал жандуу болуп, малдын туягын көбөйтүп бай болуп, агасы Жалалидинден алыс эмес жерде бала бакырасы менен отурукташат. Жайында тоо тарапка көчүп, көчмөн тирилигин улантат. Жаш кезде алган илимин  пайдаланып ооруларга  дем салып, балдарды окутуп жүргөнүн   кадырлаган кыргыздар  Ташбайга «калпа» даражасын берип «Ташбай калпа» деп кайрылышчу экен..

       Ташбай Калпа ар кандай себеп менен тоо тараптан келип калгандарды өз колтугуна алып, жанына отурукташтырат. Кээ бирине кызын берип, кээсинин кызын келин кылып алып, туугандыгын бекемдейт. Агасынан айырмаланып, айланасына кыргыздарды жыйнайт. Ошентип Азрети-Аюб жана Жалал-Абад айылына жанаша   Моңолдор айылы пайда болот. Азыр ал айыл шаардын ортосунда калып шаардын бир көчөсү Могол көчөсү деп аталып келет.

     Дагы бир окуяны аксакалдар айтышат. 19-кылымдын 80-жылдарында ары бери каттаган базарчылар Моңолдор айылына келип, ал жерде жашаган Ташбайдын кабарын нарындык туугандарына жеткиришет (Бул мезгил Жалалидиндин көзү өтүп кеткен учур болот). Туугандары (ошол кездеги Ат-Башыдагы Жакыбалы болуш, кадимки Богаачынын атасы ) чабарман жөнөтүшүп, элибизге (Ат башыга) көчүрүп кетели, айылыбызга имам болуңуз, шартыңызды түзүп берели деп чакыртышат. Ташбай калпа өзү баргысы келет, ойлонот. Айланасына балдарын, келиндерин, кыздарын чакырат. Келген чабармандардын сунушун угузат. Балдары унчукпаса да   келиндери ыйлап: «биз туугандарыбыз менен кантип катташабыз” дешсе, кыздары: “биз калып кетебизби», дешип чуркурашат. Ташбай калпа ойлонуп,  «артымдан жоктоп келгениңерге ырахмат, сунушунарга да ыраазымын, бирок бул жерге тамыр байлап калыптырмын, тамырымды жулуп баса берсем, азыркыдай көктөп кете албайм го» деп, келген чабармандарды сый-урмат менен узаткан экен.

      Жыйырманчы кылымдын башында  Ташбай калпа орто бай болуп Монолдор айылы кыштоосу, азыркы Сузак районунун тоо-токойлуу Кутурган айылында жайлоосу болуп, эл арасында кадыр-барктуу аксакал болуп, Октябрь Революциясын тосуп алат. Бирок, революциядан кийин маңдай тери менен жыйнаган мал-мүлкү өзүнө душман болуп чыга келет. Малдарын колунда жок кембагалдарга таркатып берет да, тоо тараптагы жайлоосуна (азыркы Кутурган айылына)  көчүп кетип,  1924-жылы 84 жаш курагында   жай айларында каза болот. Сөөгү Кадуу айылындагы «Такчал Мазар» мазарына коюлат. Ошол жердеги Ташбай калпа жайлоочу колот эл арасында азыр да «Ташбай колот» деп аталып келет.

 

Өмүрбек МУСАЕВ, Жалал-Абад шаары.

 

Редакциядан: Бул албетте автордун жеке пикири. Мүмкүн муну да иликтөө, тактоо талап кылынар. Бул макала боюнча пикирлер болсо редакция сайтыбыз жарыялоого даяр.

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 32111
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30702
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311153
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 341655
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541506
Тарыхый жай тактык сурайт Тарыхый жай тактык сурайт

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын чыныгы аты – Калмак Кыргын. Совет доорунун шарпасы менен Калмак-Кыргын аты өчүрүлүп, расмий документтерде Калмак-Кырчын деп аталып, жазылып калган. Балким, ушинтип аталышы...

23 - Июня  2016 | 9 : 421047
Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан

1916-жылы болгон улуу Үркүнгө эмки жылы жүз жыл толот. Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында быйыл 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка...

23 - Июня  2016 | 9 : 501510