Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө

17 - Августа  2016 | 17 : 10972
Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө

 

 

    Бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жана сырттан инвестиция тартуу аркылуу экономиканы көтөрүү, жашоо деңгээлин өстүрүү жагдайында бүгүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйналыш залында жыйын өттү. Ага  Россия-Кыргыз Өнүгүү фондусунун Россия өлкөсүндөгү башкармалыктын башчысынын орун басары В.А.Некрасов баш болгон өкүлдөр жана өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева башында турган район-шаарлардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, дыйкан-фермерлер, бизнес  өкүлдөрү катышышты.

     Россия мамлекети менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташууну кеңейтүү,Кыргызстанды ЕАЭСке интеграциялоого көмөктөшүү жана Кыргыз республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү миссиясын колго алган бул фонд 2015-жылдын 5-ноябрынан бери өз ишмердүүлүгүн күчөтүп, жалпы суммасы 118 миллион АКШ долларын түзгөн 333 долбоорду каржылоого жетишти. Аталган фонддун башкармалыгынын кеңешчиси Аймен Касеновдун маалымдашына караганда  «каржылоонун артыкчылыктуу тармактары айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, машину куруу, шаарлардын инфраструктурасы. Азыркы кезде фонд менен кызматташкан «РСК банк», «Айыл банк», «Кыргызстан» коммерциялык банкы, «БТА» банк, «КИСВ» банкы, «БТА» банкы, «Халык» банктары аркылуу Кыргызстанда катталган бардык компаниялар, физикалык жана юридикалык тараптар долбооруна жараша кыргыз сому менен беш жылга, АКШ долларында жети жылдык мөнөт менен  ала алышат. Бир лизинг алуучуга сумма бир миллион АКШ доллары эквивалентинен жогору болбошу керек жана лизинг алуучунун өздүк салымынын өлчөмү предметинин наркынан 10 пайыздан кем болбошу зарыл. Күрөөлүк жактан камсыз кылуу 120 пайыздан кем эмес болуусу шарт».

    Мындай маалымат  алган жыйындын катышуучулары өздөрү кызыккан суроолорду беришип, жоопторду алышты. Айрымдары экономиканы көтөрүү жана областты ар тараптуу өнүктүрүү багытында  сунуштарын айтышты. Сузак районундагы Барпы айыл аймагына караштуу «Бакыт» фермердик чарбанын жетекчиси Абдыкахар Эшкозуев өкмөттүк деңгээлде Жалал-Абад шаарына  сүттү кайра иштетүүчү жана ун чыгаруучу ири ишкана куруу зарылдыгын  айтты. «Себеби, элеттик фермерлер өндүргөн сүтүн өткөрө албай убара болушса, эгин өстүргөн дыйкан менчик  ун чыгаруучу ишканалардын каалгасын каккылап жүрүшөт»,  Ошондой эле айыл чарба  азыктарын сыртка экспорттоо жаатында  маселелер бар экендиги, долбоорлорду өткөрүүдөгү кыйынчылыктар, курулуш ишиндеги тендерлердин кечиктирилиши жагдайында да суроолор, сунуштар айтылды. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча фондго долбоор өткөргөн. «Бирок, тендер жарыялоо маселесинде убакытты улам артка жылдырып жатышат. Фонддун өкүлдөрү болсо жети аймактагы бардык долбоор өтүп бүткөн соң, жалпы тендер жарыялана тургандыгын айтышты. Эмнеге андай, ар бир жактырылган долбоорго дароо кирише бериш керек да,убакыт өтүп жатат»-дегендей, оюн айтты эле, ага карата «бул туура эмес, биз барып аны караштырабыз,эгер силер сунуштаган долбоор так жана жактырылган болсо, аны ишке ашырууга уруксат берилет» деген жооп алды. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шааарынын жетекчилиги Россия-Кыргыз  Өнүгүү фондусуна шврадык инфраструктурасын жакшыртуу багытында алты долбоор сунуштаган. Алар төмөнкүлөр: Шаардын Токтогул сейил багынан Жалал-Абад курортуна чейинки 2 чакырым алакка бийиктиги 975 метрди түзгөн асма жол куруу, шаардагы Бабкин, Матросов, Тегирмен, Курорт көчөлөрүн жарыктандыруу,  Токтогул, Нооруз жана Жеңиш сейил бактарына коомдук ажаткана куруу, Ленин, Бакиев, Москва, Тарсус, Абдырахманов көчөлөрүн кеңейтүү, эки кабаттуу 12 даана автобус алып келүү, коомдук автоунааларда автоматтык эсептешүү орнотуу. Аталган долбоорлор ишке ашып калса, шаардыктар үчүн да ыңгайлуулуктар жаралат жана шаардын көркү ачылып, заманбап абалга келет. Мына ушул өңдүү турмушка аша турган, элге пайдасы тийип,кайтарымы боло турган долбоорлор болсо, фонд кызматташууга дайым даяр экендигин маалымдашты атайы келген адистер. Жыйын соңунда Россия-Кыргыз Өнүгүү фондусу менен Жалал-Абад областынын ортосунда меморандумга кол коюлду жана эки тарапту кызматташуу улана тургандыгы белгиленди.

 

Бактыкан Ажымаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сатылбаган электр лампасы эсти алды Сатылбаган электр лампасы эсти алды

    Майлуу- Суу шаарынын жергиликтүү бюджети 103 пайызга аткарылган.  Бирок, республикалык бюджет  97 пайыз гана болуп калды. Эмне үчүн?.. Албетте, салыктарды толтурууда жергиликтүү салык...

6 - Февраля  2018 | 9 : 43138
Өздүк  финансыны пландоонун сырлары Өздүк финансыны пландоонун сырлары

    Сиз окуучу, студент, ишкер же пенсиядагы адам болсоңуз деле эртеңки күнгө карата пландар менен жашайсыз, туурабы? Мисалы, бейшемби киного кирем, ишемби базарга ж.б... Ал эми ар бир чакан жана...

23 - Января  2018 | 10 : 31140
Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат-... Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат-...

    Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасы (ЖЖЧЭТИ) аркылуу өлкөнүн бардык тарабына электр кубаты тарайт. Себеби, Суу-электр станцияларынан иштелип чыккан электр кубаты жогорку...

28 - Августа  2017 | 4 : 20283
Акжол Доранбек уулу Акжол Доранбек уулу

  Акжол Доранбек уулу   1994-жылы 14-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2009-2012-жылдары Ош соода экономикалык коледжин аяктап, экономист-бухгалтер кесибине ээ...

22 - Ноября  2016 | 7 : 351115
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун... “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун...

  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому (мындан ары “МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун чегинде...

29 - Июля  2016 | 10 : 37783
Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө

   Жалал-Абад областынын керектөөлөрү үчүн быйылкы жылдын алты айынын ичинде областка  12820,4 миң АКШ долларга ар кандай сырьелор, товарлар алынып келинди. Мындан тышкары областка  Кытай Эл...

28 - Июля  2016 | 16 : 14315