«Сабырдуулук жана туруктуулук,ийги ишке өбөлгө болот»

19 - Августа  2016 | 13 : 452001
«Сабырдуулук жана туруктуулук,ийги ишке өбөлгө болот»

 

 

 

 

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева менен маек.  

 

- Жумагүл Шариповна, Кыргыз мамлекетинин Эгемендигинин чейрек кылымдык жол баскан тарыхына тагдырлаш болуп, мамлекеттик жооптуу кызматтарда ,эл жүгүн аркалап келе жатасыз. Майрам алдындагы  маанайыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

 

- Албетте, маанай жакшы. Өзүңүз белгилегендей,  биздин замандагы муун үчүн бул майрам маанилүү жана өзгөчө.   Эгер карт тарыхка кайрыла турган болсок, ата-бабаларыбыз   ушул эркиндик үчүн кан-жанын аябай күрөшүп келди. Кылымдардын бүктөмүндө калган улуу тарыхыбыз тастыктагандай «кыргыз буту баспаган жол» калган жок. «Түгөнөрдө түтөгөн, жок болордо күчөгөн, тарыхы менен  тили бар, мезгилдин  ой-чуңкурун түзөгөн, жөнөкөй жана улуу, мертинбеген, тайбаган Манастын урпагы» экендигибиз калппы?Күрөштөрдө чыңалган, чабыштарда чыйралган кыргыз урпагы алмуздактан келе жаткан улуулугун сактап, урпактан урпакка муун улаган каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын  жоготпой келет. Биз мына ушунубуз менен түптүү эл экендигибизди даңаза кыла алабыз. Ал эми  чейрек кылымдык таржымалыбыз болсо, бардыгыбыздын көз алдыбызда. Алгач Союздан бөлүнүп чыкканыбызда кыйналдык, кысталдык, башыбыздан оор күндөр өттү. Бирок, биз чайналып, мөңкүрөп калган жокпуз да.  Аз-аздан түзөлүп, кас-кас туруп, мына азыр акыл-эси тетик, турмушка зирек караган, бардыгын жасаганга даяр турган  жаштык курактай алкынып турган чагыбыз. Мына билинбестен эле эгемендүү Кыргызстаныбызга 25 жыл толду. Бул деген чейрек кылым убакыт өтүп кеткенин айтып турат. Эркиндикке жеткен  көз карандысыз, эркин эл катары, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып, керемет жана түптүү  мамлекет бар экендигин билдирип, өзүбүзчө түндүгүбүздү көтөрүп, туубузду желбиретип жүрүп, ушул жылдарда алдыга кеткен, артка кеткен учурларыбыз болду. Канткен менен 25 жыл ичинде чыйралдык, эми өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшүп баратабыз десек болот.   Мен жергемдеги тынчтыкка кубанамын. Канчалык чайпалсак да төгүлбөдүк, Сырткы жана ички күчтөрдүн карасанатайлык азгырыгына алданып барып, кайра түзөлдүк. Азыр мен элибиздин биримдигине, ынтымагына, жакшы жашоого болгон умтулуусуна сүйүнөмүн. Андыктан сөз башында областыбыздын калкын  жеке  өзүмдүн жана КРнын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын атынан ушул ыйык жана улуу майрамдары менен чын ыкласымдан куттуктап кетким келет. Майрамды маанайыбыз ачык, жакшы жышаана менен тосуп алалы.

 

- Бүгүнкүнүн Курманжан даткасы аталып, кыйла жылдан бери эл башында, мамлекеттик жооптуу кызматтарда келе жатасыз. Бул милдет оңой эмес. Өлкөбүздөгү ири аймакты жетектөө менен өзүңүзгө эмне таптыңыз жана эмнени жоготтуңуз?

- Дароо эле айтайын мен бул жооптуу кызматка келүү менен эч нерсе жоготкон жокмун, тескерисинче көптү таптым, үйрөндүм, такшалдым, тажрыйба топтодум. Элге жакын болдум. Азыркы ааламдашкан доордо элдин талабы күчтүү. Элдин акыл-сезиминдегини табуу,аны аткаруу оңой жумуш эмес. Андыктан карапайым жашоо кечирген калайык калкыбызга жакын болуп, алардын мүдөсүн аткаруу-менин башкы милдетим деп билемин.  Жалал-Абад аймагы касиеттүү, кайталангыс, уникалдуу, табигый, сөз менен жеткире алгыс, керемет жер.Ушул  жерде туулуп, өсүп жана жашап калганыбызга ыраазы болушубуз керек. Эми бир аз област тууралуу  маалымат бере кетсем,  Кыргызстандын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. Анын түзүлүү тарыхында 1924-жылдан 26-жылга чейин округ, 1928-жылга чейин кантон болгондугу,   ушул жылы Ош округуна кошулуп, 1939-жылдан 21-ноябрында өзүнчө област болуп уюшулгандыгы, кайрадан 1959-жылы 27-январда Ошко кошулуп, андан  1990-жылы 14-декабрда кайра өз алдынча област статусун алгандыгы белгилүү.   Административдик-аймактык жактан 8 район (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал),  4 шаар(Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл, ), 72 өз алдынча башкаруу органдарынын   башын бириктирип турат.  Аянты 33,7 миң чарчы чакырым, же  өлкөнүн аянтынын 16,9 пайызын түзөт. Калкы  бир миллиондон ашуун.

 

- Эгемендик жылдарда областтын өнүгүүсүнө элдин алдыңкы сабында болуп,  кайсы бир тармакка  жетекчи катары же карапайым атуул катары жеке салым кошкон  инсандар да бар эмеспи?

- Туура, андай инсандарыбыз ондоп, жүздөп саналат.  Мамлекетибиздин түптөлүүсүнө гана  эмес, көз карандысыздыкты андан ары  сактап калууга мээнетин, билимин, эмгегин жумшагандарды сыймык менен айта жүрүүгө милдеттүүбүз. Табигаттын  мыйзамы экен, андайлардын көпчүлүгү азыркы кезде арабызда жок, айрымдары эс алууда жүрүшсө да областтын коомдук турмушуна аралашып, акыл-насааттарын айтышып, кеңештерин берип турушат.  Эркин Алиев, Мухтар Исакулов, Бегимкул Төрөгелдиев, Ташбай Айдаров, Абдыкапар Аманкулов, сыяктуу сыймыктуу  аталарыбыздын көзү өтүп кетсе да, алардын эмгеги жана  ысмы унутулбайт,   Эмгегинен баар тапкан баатырларыбыз бизде ондоп саналат. Негизи биздин аймак баатырлардын жергеси экендигин да сыймык менен айта алабыз. Төшүндө алтын жылдызы жанган  Акбаралы Калбаев, Курманбек Арыков, Жоро Шералиев, Ташбай Айдаровдордун өмүр таржымалдары легендага айланган да. Кезинде “ак алтындан” Алтын жылдыз тагынган нечендеген баатырларыбыз жөнүндө айта берсек, сөз түгөнбөйт. Алардын бардыгы Эгемендиктин жылдарындагы муунга таберик болчу инсандар.

- Эми иш ыргактарынан кеп улайлы. Жалал-Абад дегенде көз алдыга  Нарын суусуна курулган ири ГЭСтер, мындайча айтканда  энергетиканын булагы тартылат. Бул тармактагы абал кандай?

- Туура, биздин област энергетиканын булагы катары таанымал. Союз мезгилинде да ири кирешени ушул тармак берип келген. Биз үчүн жергебиз аркылуу Нарын суусунун агып калгандыгы жана анда ири ГЭСтердин курулуп, алардын токтоосуз иштеп жаткандыгы чоң утук. Мурдагы ГЭСтердин катарын жаңылары толуктап жатат. Камбар-Ата-2 жана Камбар-Ата -1 ГЭСтеринин курулуштары да кылым курулушуна кошулуп олтурат. Жакынкы жылдарда алар да толук кандуу ишке берилсе, бизде электр энергиясына болгон муктаждык толук жоюлуп, сыртка да сатабыз. Ал эми өндүрүлгөн энергияны элге жеткирүүдө Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди.“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу Кыргызстан ГЭСтерден иштелип чыккан электр энергиясын өз аймагына таратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.  Облустун өнөр жайынын 54,0 пайызын ушул тармак берип, 4 ири ишкананы камтыйт, атап айтканда Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААКсы,«Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи,   «Улуттук электр» ААК   жана «Жалал-Абад электро» АКсы.   Бул ишканаларда областтын жалпы өнөр жайында иштеген калктын 21,8 пайызы эмгектенип, өнөр жайындагы негизги өндүрүш каражатынын   43,7 пайызы топтолгон. Дагы бир кубанычтуу жагдай, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган Жалал-Абад-Балыкчы альтернативалуу жолунун  курулуп жаткандыгы элибиздин дагы бир утугу жана жеңиши. Буюрса бул жол бүтүп,ишке берилсе,экномикабыздын өсүүсүнө да чоң өбөлгө болот.

- Кыргыз тоолорунун ичинде не деген гана кен байлыктар буугуп жатат. Жергебиз да андай байлыктан кур эмес. Биздеги тоо-кен өндүрүшүнүн азыркы абалы кандай баратат?

- Ырас, биз кен байлыктарыбыз менен да мактана алабыз. Тогуз-Торо менен Терек-Сайдагы , Ала-Бука менен Чаткал тоолорундагы алтын кендер, Таш-Көмүр менен Көк-Жаңактагы көмүр кенибиз, Кочкор-Атадагы нефти, дегинкиси Менделеевдин элементиндеги бардык заттардын кени бар экендиги аныкталган. Биздин тоо кыркалардагы кендерге сырттан көз арткандар арбын. Канчалаган чет өлкөлүк кен казуучу компаниялар иштеп, аны менен алар биздин казнага  салым кошуп жатышканы да белгилүү. Бул тармактагы жасалган иштер төмөнкү  сандык көрсөткүчтө айкын далилденип турат. Быйылкы жылдын башынан бери эле тоо кен казуу өнөр жайы -2723,7 млн. сомго продукциясын өндүрүп, физикалык көлөмдүн индекси 159,9 пайызга аткарды, же жалпы өнөр жай тармагынын продукциясынын ичинен 31,0 пайызды түзөт. Нефти мунай затын жана жаратылыш газын өндүрүү 1029,0 млн. сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 170,1 пайызды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  27,2 миң тоннага көп өндүрүлгөн.

- Андан кийинки оозго алып, мактана турган тармагыбыз-айыл чарбасы эмеспи. Эзелтен дыйканчылык менен жашоо кечирген калкыбыз дагы деле ушул калыбынан жазбай келет. Айыл чарбасы реформалык агымдын капшабына кептелгенде да, жерди иштеткен дыйкан кетменин колдон түшүргөн жок.

- Ырас айтасыз, эгер дыйкан болбосо, ал тер төгүп талаада иштебесе  элибиздин курсагы кайдан тоет. Мелмилдеп жаткан жер энени кыймылга келтирип, кере-кере кетмен чаап, даркан талаага тер төккөн дыйкандын кесиби улуу дана барктуу. Айыл чарба тармагын реформалоо, мурдагы колхоз-совхоздорду жоюу, менчик чарбаларды түзүү канчалык кыйынчылыктарды жаратпасын, ал өзүнүн жакшы жемишин бергендиги  чындык эмеспи. Азыр ар бир дыйкан өзү агроном, өзү зоотехник, же ветврач катары бардыгын билет жана  тажрыйбадан улам бардыгын  өздөштүрүп алышты. “Айдоо аянттары кыскарды, сугат жерлер калбай калды” деп, сырттан туруп сын айткандар да бар. Тескерисинче азыр жер кыртышын сактоо, которуштуруп айдоо, тамчылатып сугаруу деген ыкманы ар бир дыйкан билет. Ошондон улам азыр бизде пландуу түрдө керектөөгө жараша жерди иштетишип жатышат. Мына быйылкы жылдын ,  түшүмү үчүн 152635 гектар аянтка айыл чарба эгиндери айдап себилген болчу. Тактап айтканда, жалпы дан эгиндери 60667 гектар, анын ичинен 19536 гектары буудай, 5734 гектары арпа, 34707 гектары жүгөрү, 4335 гектар күрүч түзөт.Дан эгиндерин сырткары 9743 гектар пахта, 14358 гектарга  май өсүмдүктөрү өстүрүлдү. Азыркы күндө дан эгиндери Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда толук жыйналып бүттү. Калган аймактарда  аяктаар алдында турат. Аба ырайынын жаан-чачындуу келиши, быйыл дыйканчылыкка жакшы  шарт жаратып бергендей болду.  Жашылча-жемиш да арбын болду.Дыйкандарыбыз өздөрүнөн ашканын башка өлкөлөргө экспорттой баштаганы да жакшы жышаана. Айрыкча бажы биримдигине киргени дыйкандарыбызга ири киреше табуунун жолу ачылып жатат. Өз колдору менен өстүргөн  табигый, сапаттуу жер-жемишти, бахча өсүмдүктөрүн Россия сыяктуу өнөктөш өлкөлөргө жөнөтүп жатышат.

 

Союз ыдыраганы айыл чарба техникалары талоонго түшкөнү да чындык. Бирок, жаңысы менен толуктоо жагынан акыркы кезде аракеттер күч алгандай?

- Аны моюнга алышыбыз керек. Айыл чарба техникаларыбыз эскирди, аны оңдоп-тңздөп, колдон келишинче талаага алып чыгып, аргасыздын ишин кылган учурлар да болду. Бирок, акыркы он жылдан бери  техникалар түрдүү жолдор аркылуу келип, жаңыланып жатат.   Бүгүкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноодо  жаңы 84 комбайн иштеп жаткандыгы жакшы көрүнүш. Област боюнча 72251 дыйкан фермердик чарба, 929 айыл чарба кооперативи, 16 үрөн чарба, 18 техникалык сервис иштеп жатат. Сузак районундагы “Өнүгүү” МТСтин техникалары Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда дыйкандарга кызмат көрсөтөт. Аксы районунун Үч­-Коргон айыл аймагындагы “Ондоочу” техсервисинин базасында жаңы МТС куруу боюнча иш аракеттер жүрүп жатат. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн  227 субьектиге 64 млн. 354 миң сом,   жана кайра иштетүү тармагындагы      5 субьектиге 1 млн. 750 миң сом акча каражаты  насыя берилди.  Мындан сырткары областка 13 даана «Беларусь» маркасындагы жер айдоочу трактор , 6 даана сеялка, 1 даана күрүч оруучу жана 3 даана дан жыйноочу  комбайн, жалпысы болуп 23 айыл чарба техникасы лизингге алынды. Айыл чарба жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында күнөсканалардын   курулушу ишке ашырылып, 2015-жылы 393 даана күнөскана болсо, 2016–жылдын 6 айында 111 даанасы   жаныдан  курулду жана жалпысынан 504 кө жетти. Ал эми тамчылатып суугаруу боюнча 2015-жылы 61 жерде курулган болсо, ушул жылдын башынан бери  111 и  курулуп, жалпысы болуп 172 жерде иштеп жатат.

- Эгиндин мол болушу сугат суусуна көз каранды. Дыйканчылыктагы реформалык аракеттерден улам сугат сууну пайдалануунун да өзүнчө кызматы пайда болгон эмеспи...

- Ырас, азыр бардык дыйканчылык аймактарда сууну пайдалануучулардын ассоциациялары уюшулуп,эл  ошолор аркылуу иш алып барышат. Мындай кызмат мурдагыдай болуп суу талашуудан ар кандай чыр-чатактын чыгып кетүүсүн да алдын алат, ошол эле учурда  дыйкан иштетип жаткан жерине керектүү гана сууну ала алат. Ага катуу көзөмөл жүрүп турат. Ошол себептен акыркы жылдарда суу талашуу деген болгон жок. Бирок, СПАларды эле түйшүккө салып койбостон суу  келүүчү чарбалар аралык каналдарды ремонттоо иштери мамлекет тарабынан жүргүзүлүп турат. Акыркы кезде эле  37,6 чакырым ички каналды куруу,  85,6 чакырым  каналдарды механикалык жол менен тазалоо жүргүзүлүп,  гидротехникалык курулмалардын ремонттоо 100 пайызга, гидропостордун ремонтун жасоо 100 пайызга аткарылды. Ал эми Аксыдагы Иринжит каналынын курулушу аяктап,ишке киргизилгени да биз үчүн чоң жеңиш болду. Себеби,анын курулушу он жылдан ашуун убакыт токтоп калган да.

 

- Бир кезде мал чарба тармагыбыз да күтүрөп өсүп, мамлекеттин төрт түлүгү жайыттар менен жылга-жыбыттарыбызга   толуп турчу эле...

- Эгемендиктин бир  критерийи менчик системасын өнүктүрүү экен да. Азыркы биздеги коомдук түзүлүш, же демократиялык-капиталдык системанын талабы боюнча жеке менчик башкы орунга коюлуп, адамдардын жыргалчылыгы үчүн  алардын талабын аткаруу  зарылчылыгы бар. Союз мезгилиндеги адыр-түздөрдөгү күтүрөгөн төрт түлүгүбүз менчикке таркатылып, короо-сарайларыбыз талоонго түшүп, бул тармакта да кыйынчылыктар болгону барыбыздын эсибизде. Бирок, мунун бардыгы адамдардын жыргалчылыгына багытталып жаткандыгын бара-бара түшүнүп, азыр жылдан жылга малдын башы көбөйүп, мурдагыдай жылга жыбыттарга толо баштады. Бузулганды бүтөп, адыр-түздөргө короо сарайларды курушуп, мал чарба азыктарын өндүрүүнү колго алып жатабыз. Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсом,  быйылкы жылдын башынан бери 25944 тонна эт  өндүрүлүп,  өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 650 тоннага  көп өндүрүлдү. Сүт 134865 тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3647 тоннага  жогору болду.  Жумуртка 35329 миң даана өндүрүлүп,  2261 миң даанага , жүн 2052 тонна кыркылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  көп  өндүрүлдү. 

- Албетте сандык  мындай жогорку көрсөткүчтөр элибиздин талбаган мээнетинен улам жаралары бышык. Эми социалдык тармактарга келели. “Мамлекеттин келечеги билимдүү жаштарда”деп айтылат . Негизи ар бир өлкө өзүнөн билимдүү кадрларына таянат. Бизде бул багыттагы жагдайга токтоло кетсеңиз?

 -  Ош облусунан бөлүнүп Жалал-Абад облусу  кайрадан түзүлгөндөн кийин, э Эл депутаттарынын   областтык Советинин экинчи сессиясынын     1991-жылдын 23-февралындагы чечими менен областтык элге билим берүү башкармалыгы уюшулган. 1995-жылы «элге» деген сөз жок кылынып, областтык билим берүү башкармалыгы деп аталып калган. Бул башкармалык областтагы 8 район,   5 шаардын билим берүү бөлүмдөрүнүн, областтык Балдар чыгармачылык үйүнүн, областтык Балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин,  Балдардын экология, аймак таануу жана техникалык чыгармачылык борборунун иштерин тескеп,көзөмөлдөп турган. Ошол жылы 389 мектеп болуп, анын 197си типтүү, 275 и орто болсо, азыр 473 кө жетип, анын 251 и типтүү. Лицей мектеби төртөө, гимназия мектеби он жети, жатак мектеп бешөө болсо, азыр лицей мектеп алтоо, гимназия мектеби кыркка жетти. Ал эми бала бакча 79 эле болчу, азыр анын саны 238 ге жетип олтурат. Айта кетели айыл жергесинде мамлекеттин көзүн карап олтура бербей,эл өзү демилге көтөрүп, бала бакчаларды ачып, аны иштетип жатышат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылында окуучулардын саны 189045 болсо,азыр 210198ге жетти. “Аларга билим-тарбия берген мугалимдер  маянанын аздыгынан башка жумуштарга кетип жатат” деген сөз негизинен чындыкка коошпойт. Эгер кайсы бир мугалим кетип жатса, анын ордун жаңы кадр толуктап жатканы бул  көрсөткүчтөн көрүнүп турат. Мисалы,  25 жыл мурда он төрт миңден араң ашса, азыр он алты миңден ашып кетти. Бир гана өкүнүчтүүсү билим берүү тармагынын сексен пайызын кыз-келиндер түзүп жатат. Эркек балдарыбыз негедир бул кесипти тандабай жаткандыгы кейитет.

 

-“Спорт - ден соолуктун булагы” делет. Областтын спорт тармагынан да кеп сала кетсеңиз?

-Бул тармак  өтө чоң. Анын таржымалына, спортчуларыбыздын жараткан ийгиликтерине токтоло турган болсок,узун сабак кеп болот. Ошондуктан учкай белгилей кетсем, чпорт аркылуу жергебизди, мамлекетибизди башка эл, аалам таанып жатат. Кыргыз мамлекетинин желегин эл аралык,дүйнөлүк, олимпиадалык мелдештерде желбиреткен даңктуу спортчуларыбыз көп.  Азыркы кезде  13 борбордук стадион,  224 спорттук зал-134 футбол , 513 волейбол, 316 баскетбол, 34 кол тобу,  153 улуттук оюндар аянтчалары жана  төрт ат майданы бар. Бардык район-шаарларда дене тарбия жана спорт бөлүмдөрү  жана 17 спорт мектеби иш алып барат.  Мындан сырткары спорттун он эки түрү боюнча федерациялар уюшулган. Он беш стадион, беш бассейн, 220 футболдук талаа, 262 спорт залы, 2114 спорт аянтча, жети спорт клубу, тогуз менчик машыгуу залы бар. Азыркы кезде улуттук спорттун он , классикалык спорттун  18 түрү боюнча туруктуу иш алып барылып ага  он үч жарым миңден ашуун спортчу тартылган. Жергебиздин сыймыгы болушкан Ибрагим Узаков, Баяман Эркинбаев, Юрий Мельниченко, Раатбек Санатбаевдин жолу менен ондогон спортчуларыбыз Азиянын, Дүйнөнүн чемпиону болуп жатышат. Алардын ар биринин ийгилиги жөнүндө айтып олтурсам, сөз узарып кетет го. Антсе да, У.Амиракулов, С.Рыскулов, Т.Тагаев, А.Эргешов, К.Жусубалиев, К.Ибрагимов, У.Майназаров, Ш.Сулайманов Ш.Капаров, К.Рыскулов, Д.Байтемиров, М.Шеров, Ө.Зулпукаров Х.Сулайманов, А.Махмуджанов, Б.Чырмашев, Н.Ибраимов, Б. Амангелдиев, Наталья Катрич, Чынгыз жана Нурбек Акановдордун ысмын сыймык менен атайбыз.

-Жергебиз туризм тармагын өнүктүрүүгө да ыңгайлашкан аймак да. Калкыбыздын көңүлдңң эс алуусун уюштуруудан сырткары,сырттан келгендерге мактанаарлык кандай иштер болуп жатат?

-Областта 70 туристтик мекеме кызмат көрсөтүүдө, же 3 мамлекеттик корук, 2 курорттук дарылануучу жай, 2 турбаза, 1 турпансионат, 4 туристтик эс алуучу жай, 7 тарыхый археологиялык комплекс, 42 мейманкана, конок үйлөрү, 9 музей бар. Алардын  иш аракеттерине ар тараптан колдоо көрсөтүү менен 2016-жылы туристтердин тартылуусун  жогорулатууга жетишүүгө иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.Кышкы туризмди өнүктүрүү максатында Базар-Коргон районундагы Арсланбап айыл аймагында коомчулукка негизделген туризм аркылуу (СВТ) лыжа тебүү жайы, Сузак районундагы Багыш айылы аймагындагы  «Маркай» лыжа тебүү базасы жеке ишкер тарабынан уюштурулуп, ички туристтердин кышкы эс алуусуна кызмат көрсөтүлдү. Сезон учурунда аталган жайларда 3500 ашуун эс алуучулар тейленди. Айтылуу  Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди.

-Касиеттүү аймагыбыз керемет таланттарга да бай экендиги талашсыз. Негизи маданиятыбыздын азыркы абалы кандай багытта баратат. “Маданият жок болуп баратат” деген ой айтылат коомчулук арасында...

-Андай ойго кошулбайм. Балким  Союз учуруна салыштырып ошондой ойлор айтылып жаткан чыгар. Бирок, маданият тармагында иштегендердин маянасы өтө төмөн экендиги өкүндүрөт. Антсе да, табигат берген талантын эш тутуп, ушул тармактын “оту менен кирип,күлү менен чыккандар”, кесибинин фанаттары арбын экендиги кубандырат. Мурдагы муунду айтпаганда да азыркы кезде элдин руханий байлыгын арттырып, жарпын жазган, маданияттын очогун өчүрбөгөн эл артисттерибиз Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, эмгек сиңирген артисттерибиз Ысак Парпиев, Шайлоо Жоробекова, Шайыр Мамбетова, Бакыт Жумалиев, Дүйшөн Молдобаев, атактуу төкмө Рахматулла Козукеевдер менен сыймыктанабыз да. Таланттуларыбызга шарт жаратып, ар тараптан колдоо көрсөтүп турсак, алар улам эргип, бар өнөрүн элге тартуулай беришет. Быйыл   250 миң сом маданиятты колдоого, областтык мамлекеттик архив башкармалыгынын  оңдоо иштерине  100 миң сом акча каражаты ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан каржыланды. Областтык Барпы атындагы драм театры 2016-жылы тарыхый темаларды камтыган  1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына карата даярдалган «Жаныбек казы» тарыхый көркөм драмасы Жалал-Абад, Ош областарына, Бишкек шаарына коюлуп, элдин купулуна толду. Ал эми «Атилла» тарыхый драма,  Б.Осмоновдун 70 жылдыгына карата «Алыска кеткен жаңырык» аттуу даректүү драма  жана башка аталыштагы 15 спектакль даярдалып жатат.

Областтык Т. Тыныбеков атындагы филармония   2016-жылы 50 концерттик программа даярдалып, калкка тартууланып жатат..  Областын аймагында 15 маданият үйлөрүнүн  ремонт        иштерин жүргүзүүгө, материалдык - техникалык базасын чыңдоого  жергиликтүү бюджеттен 3 млн. 387 200 сомдук  жана Токтогул мэриясында жайгашкан А.Керимбаев атындагы  маданият үйүн капиталдык ремонт өткөрүүгө  атайын фонд аркылуу 1 млн.500 миң сомдук  колдоолор көрсөтүүгө аракеттер жүрүүдө.Ошондой эле,  Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Токой айылдык маданиятынын үйүнүн 150 орундуу  8 млн. 400 миң сомдук заманбап  жаңы имараты ,  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылдык маданият үйүнүн 200 орундуу жаңы имаратынын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 9 млн. 450 миң акча каражаты бөлүнүп  бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.      

 

- Быйылкы жыл мамлекетибиздин тарыхында  өзгөчө кала тургандай болуп турат. Анткени, мамлекет башчыбыз тарабынан “Тарых жана маданият” жылы  деп кабыл алынды. Анан Эгемендиктин 25 жылдыгына ирегелеш экинчи Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну, Жусуп Баласагындын миң жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 , Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленгени турат.Мындай окуялардан област да четте калбайт да?

- Албетте, өлкөбүздөгү ар бир окуяга кайдыгер эмеспиз жана боло да албайбыз. Жыл башынан атайын программа кабыл алынып,анын негизинде район-шаарларда жана мекеме ишканаларда  “ 2016-жыл-   Тарых жана маданият жылы”, “Маданият – тарых күзгүсү”, “Тарыхы болбой эл болбойт, байлыгы болбой жер болбойт”, “Келечекте бүткүл дүйнөнү эске алып тура турган күч – бул тарых жана маданият”, “Маданият – мамлекеттин байлыгы”, “Китеп – жан дүйнө азыгы”, “Тарыхсыз келечек болбойт”, “Улуттук маданият – улуу байлыгыбыз”, “Тарых тактыкты сүйөт”, “Тарыхый эстелик – элдик маданият”, “Биримдик элибиздин келечеги”, “Жусуп Баласагынга – 1000 жыл”, “Бирдиктүү эл - кебелбес аскадай”, “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө - 25 жыл”, “Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы” аттуу баннерлер жана лозунгдар илинген. Улуу ойчул, илимпоз, акын жана Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдык маарекесине арналган «Кут алчу билим»-көөнөрбөс кенч» аталыштагы    илимий конференция ЖАМУда уюштурулду. Район-шаарлар аралык «Керемет жерим – Кыргызстан» аттуу кароо-сынагы белгиленген графикке ылайык өткөрүлүп,салттуу маданияттын жакшы өрнөктөрүн жана багыттарын үйрөнүү, кеңири жайылтуу максатында даталуу күндөрдө кеңири калк арасында белгиленди. «Энелерди даңктайлы» аттуу областтык Аялдардын экинчи форуму Аксы районунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Жалал-Абад шаарында Республикалык «Бий жашоонун шаттыгы-2016» аттуу бий фестивалы,   «Мен кыргыз жаранымын» этнофестивалы,    “Славян элинин жазуусу жана маданияты”,   Татар-башкыр улутунун “Сабантуй” майрамдары белгиленди.   Базар-Коргон районундагы   Арстанбап пансионатында   “Жаштар- туура кадам, таза максат үчүн!”   үчүнчү республикалык  жаштар форуму  республиканын жаштарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас обьекттерин калкка кеңири жайылтуу максатында “Шах-Фазиль” мамлекеттик тарыхый-маданий коругун, Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркын  массалык - маалымат каражаттары аркылуу жарнамалоо, даңазалоо иштери жүрүүдө.

- Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна кандай маанайда катышууга кам уруп жатасыздар?

- Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине карата областыбызга бөлүнгөн 200 даана квоталык орун областыбыздын аймагындагы 8 район, 4 шаарга, областтык мекеме ишканаларга, массалык маалымат каражаттарына жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына бөлүштүрүлдү.  Областыбыздан 25 боз үй тигилет. Анын ичинен  «Хан ордого” тандалган 7, кыска аралыкта бузуп,кайра тигүү сынагына төрт боз үй катышат.  Барпы театры “Курманбек” драмасын коет. Мындан сырткары жалпы өнөрпоздор “Кыз узатуу ” салтын жана кеңири программада концерт тартуулашат.

- Маек соңунда сиз эмнеге кубанасыз жана эмне ойлондурат?

-Мен кыргыз болуп, ушундай керемет жерде төрөлүп калганыма кубанамын. Азыркы кездеги тынчтыкка сүйүнөмүн. Жергебизде тынчтык болсо, бардык жакшы нерселерге жете алабыз. Ал эми түйшөлткөн нерсе, биз терс көрүнүштөрдү тез көрүп, аларды саймедиреп айтканга ооп баратабыз, Алар тууралуу айта беребиз да, андан кантип кутулуу, кыйынчылыктан чыгуунун жолун кеп кылгыбыз келбейт. Бизде ушундай сонун билимдүү, аң сезими күчтүү, жаңы муун өсүп келе жатат. Ошолорго туура жол көрсөтүп,улуу муун үлгүлүү болуп, жалаң жакшы нерселерибизди жарыя кылып, жаманыбызды ичибизге катып, аны билдирбей оңдоп-түзөп кое алсак.Сабырдуу, чыдамкай жана туруктуу  болсок, ийги иштер өзү жаралат. Бөөдө келген кырсыктан, жаман көздөн, ушак сөздөн алыс бололу. Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болуп, кылымдарды карыта берсин. Дагы бир жолу көп улуттан куралган бир миллиондон ашкан областыбыздын калайык калкын Эгемендүүлүк майрамдары менен куттуктаймын.

 

- Кызыктуу маегиңизге ыраазычылык.

 

 

 Бактыкан Ажымаматова, өкүлдүн маалымат катчысы

 

    .

 

 

 

  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 4782
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 4377
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47128
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16147
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52321
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22163
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө” “Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:   Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында...

3 - Августа  2017 | 5 : 29450