Окуу жылга даярдык кандай?

26 - Августа  2016 | 18 : 41260
Окуу жылга даярдык кандай?

 

Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланууга жергиликтүү бийлик, мугалимдердин да маани беришпегендигинен  учурда бир эмес эки заманбап болуп бүткөн мектепте окуучу толбой  турат,  биринде окуучунун саны аз болсо, бири окуучулардын жоктугунан иштебей  жатат.  Андыктан айылга мектеп түшөөрдө мамлекеттин бюджетин да мугалимдер эске алуулары  керек. Мындай пикирди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева областтык мугалимдердин август кеңешмесинде билим берүү тармагы боюнча өз ой пикирин билдирип жатып  айтты.  Кеңешмеге КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары А. Муратов  да катышты.  Негизинен билим берүү тармагынын күңгөй, тескейи талкууланды.

Маалым болгондой,  жаңы окуу жылына карата 132 жаш адис кабыл алынган. Анткен менен да бүгүнкү күндө областка 204 мугалим жетишсиз болуп жатат. 2016-2017-окуу жылына “Жерүй” алтын кен ишканасынын эсебинен 1925 орундуу 10 мектептин имараттары,  республикалык бюджеттен Аксы, Сузак райондорундагы бирден мектептин спорт залдары пайдаланууга берилүү алдында турат. 19 мектепте капиталдык оңдоп-түзөө жүрүп жатат. Окуучулардын тартибин көзөмөлдөө жана кылмыштуулукту алдын алуу үчүн 36 мектепке видеобайкоочу камералар орнотулган.  Айтор окуучулар үчүн бүт шарттар түзүлгөн. Ыйгарымдуу өкүл окуучулар үчүн шарт жаратуу маселеси күч болуп, бирок, алар менен жакындан баарлашуу, жан дүйнөлөрүн түшүнүү экинчи планда калып жатканын мугалимдерге кулак кагыш кылды.

-Балдарды  компьютерлер, окуу куралдары менен камсызд кылуу шарттары жакшы жолго коюлуп жатат. Бирок, балдарга жакын болуп, ой-пикирлерин угууга,  жан дүйнөлөрүнө жакын болууга аракет жасайлы, урматтуу мугалимдер, - деди ыйгарымдуу өкүл.

Ал эми Акыйкатчы институтунун областтагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Алима Аманова  балдардын бир мектептен экинчи мектепке которулуусунда тоскоолдуктар бар экенин, дале мектептерде акча чогултуулар жүрүп жатканын айтып, мугалимдерди жемкорлуктан алыс болууга чакырды. Министрликтин өкүлү мугалимдерди билимдин сапатына көңүл бурууга чакырды. Анткени министрликтин программасынын негизинде пилоттук негизде ар бир областтагы бирден шаарлардын окуучуларынын билимдерин текшерип көрүшкөн. Биздин областтан  Жалал-Абад шаарынан 688 окуучу министрликтин жүргүзгөн экзаменине катышкан. Математика сабагынан дал ошол 688 окуучу экзамен тапшырышып, 10 окуучу “5”,  34 окуучу “4” деген баа алышкан. Ал эми физика сабагынан 688 окуучунун ичинен араң үчөөсү гана 5  ала алган, 74 окуучу жакшы деген баага араң илешкен. Бул деген мугалимдердин билим берүүдө сапатка маани берүүлөрү керектигин далилдеп турганын  жакшы эле түшүндүрдү кесип ээлерине.  

Кеңешменин соңунда билим берүү тармагында ийгиликтерге жетишкен мекемелерге акчалай сыйлык тапшырылды. Тактап айтканда,  “Жылдын мыкты билим берүү” номинациясы боюнча биринчи орунга  Жалал-Абад шаардык жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмдөрү  татыса, экинчи орунду Ноокен, үчүнчү орунду Аксы райондук билим берүү бөлүмдөрү ээлешти.

“Жылдын мыкты айылдык мектеби” номинациясы боюнча биринчи орунга Токтогул районундагы Токтогул Сатылганов мектеби, экинчи орунга Тогуз-Тородогу №1- Макмал, Сузактагы №27- Ю. Гагарин атындагы, үчүнчү орунга Ноокен районундагы №6-Арал орто мектептери ээ болушту.  Ал эми Кара-Көл шаарындагы №1-Токтогул Сатылганов, Таш-Көмүрдөгү №2-К. Осмонкулов, Базар-Коргондогу  Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептер “Жылдын мыкты инновациялык мектебине” татыды. Мындан сырткары “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациясына Майлуу-Суудагы “Акылай”, Тогуз-Тородон “Айдай”, Ала-Букадан “Күнчубак”, Чаткалдан “Алтын бешик” балдар бакчалары ээ болушту. Мындагы жыл мыктысы болгон мекемелерге 1500-3000 сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.  Жыл мыктылары үчүн ыйгарымдуу өкүлчүлүк тарабынан 50 миң сом бөлүнгөн. Жеңүүчүлөрдү акчалай сыйлык жана Ардак Грамоталар менен ыйгарымдуу өкүл Жумагүл Эгамбердиева өзү сыйлады.

Жумагүл ШАЙЫКОВА 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мектеп окуучуларын эмне азгырат? Мектеп окуучуларын эмне азгырат?

    Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл балдардын кылмышка аралашуусу көп. Былтыр жыл ичинде 12 кылмыш иши катталса, 2017- жылы тогуз ай ичинде 20 кылмыш катталган. Шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштешүү...

8 - Ноября  2017 | 9 : 6161
Сузакта  жылдын мыкты мугалимдери тандалды Сузакта жылдын мыкты мугалимдери тандалды

    Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор...

20 - Февраля  2017 | 9 : 41920
“Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок” “Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок”

                        Жыл жаңырганда эле билим берүү министрлиги окуу системасында жаңы өзгөрүштөрдү киргизди. Тактап айтканда 2017-жылдын 12 январында №33 буйругу чыгып,...

3 - Февраля  2017 | 11 : 55729