Спорт мектеби дүйнөнү багындырууда

14 - Сентября  2016 | 18 : 46789
Спорт мектеби дүйнөнү багындырууда

 

 

Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген спорт мектебинен тарбияланган балдар быйыл бир катар ийгиликтерди багындырышты. Мындагы мектепте спорттун  боюнча, бокс, эркин, грек-рим күрөшү, оор атлетика, футболь түрлөрү боюнча балдар машыгат жана тарбияланууда. Учурда спорт мектепте 600гє жакын бала тарбияланууда. Бул мектептеги балдар жараткан ийгилик өзгөчө көңүл борборуна алынды. Анткени адегенде бул мектепте машыккан Калы Сулайманкулов жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды. Ал эми 16 жаштагы Эрбол Бакиров 12-сентябрда  Украинада єткєн  жашы жете элек өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилигинде коло медалды багындырды. Август айынын аяктарында Чеченстандын президенти Рамазан Кадыровдун бокс боюнча эл аралык турнири болуп өтүп, анда  бокс боюнча машыккан балбан  Сиражидин Абдуллаев барып, коло медалга ээ болду. Ошондой эле Дагестанда болуп өткөн эл аралык чемпионатка да катышып, алтын медалга ээ болуп келди. Сиражидинди эмгек сиңирген машыктыруучу Марат Абдуллаев машыктырган. Айтор акыркы бир айда мектепте тарбияланган балдар дүйнө биринчиликтеринде, эл аралык турнирлерде өлкөнүн желегин көтөрүп, элинин намысына жарап жатышкан учуру.  Мугалимдер жамааты балдардын жетишкен ийгиликтерине батына албай, жараткан ийгиликтерине кубанып турушкан чагы... Кеп дал ошол өлкөнүн намысын коргогон балдарга бийлик тараптан көңүл бурууда калды.

 

Жумагүл Шайыкова

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 4736
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

               Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар...

14 - Августа  2017 | 11 : 34642
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл “Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

      АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл...

18 - Апреля  2017 | 4 : 25484
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган... Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган...

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу...

27 - Марта  2017 | 8 : 51315
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30401
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

    Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу...

6 - Февраля  2017 | 7 : 29963
Спортчулардын ийгилиги Спортчулардын ийгилиги

   Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды...

3 - Февраля  2017 | 11 : 36634