Мамасалы Акматов: “Өзбекстан менен кызматташууга биз даярбыз”

7 - Октября  2016 | 15 : 371392
Мамасалы Акматов: “Өзбекстан менен кызматташууга биз даярбыз”

 

 

Өзбекстанга болгон иш-сапар мындан ары өз жемишин берчүдөй. Анда кыргыз жана өзбек жетекчилери буга дейре үзүлүп калган эки тараптуу кызматташууну кайра улантуу демилгесин көтөрүштү. Өзбекстандын Анжиян шаарында болуп өткөн эки тараптуу жолугушуунун үзүрү биздин областыбызга тиеби? Ушул жана башка суроолорго Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  1-орунбасары Мамасалы Акматов жооп берет. 

-Мамасалы Такабаевич, областтын сиз баштаган өкүлдөрү  жакында Өзбек Республикасына кандай  барып келди?

- Биз ал жакка Өзбекстандын чакыруусу боюнча Өкмөттүн 1-вице-премьер-министри Мукамбеткалый Абылгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик делегациясынын курамында бардык. Коңшу республиканын расмий жетекчилиги менен Анжиян областында жолугуштук.  Аталган шаарды кыдырган кыргызстандыктардын катарына Өзбекстандагы биздин өлкөбүздүн  элчиси, Өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы өкүлдөрү, маданий ишмерлер, артисттер, спортчулар  кирди. Областыбыз тараптан ички иштер Башкармасынын жана чек ара кызматынын жетекчилери, төрт райондун акимдери жана төрт айыл өкмөттүн башчылары, эки аксакал, Жалал-Абад шаарынын имамы менен Сузак айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы жана Базар-Коргон райондук кеңешинин мурдагы төрагасы болду.

Республикабыздын делегациясын Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Хакимов баштаган жетекчилер тосуп алды. Коңшу мамлекеттегилер бизди Анжиян шаарындагы мамлекеттик университеттин кыргыз тили филологиясынын иши жана анын студенттери, окутуучулары менен тааныштырып, Достук үйүн, Асаке шаарындагы автомобиль заводун, 7 пайыз насыя берилип курулган үйлөрдү, үч алтын медаль алган олимпиадачыларды даярдаган спорт сарайын көрсөтүштү. Анжиян аймагындагы маданий, стратегиялык жана экономикалык объекттерди кыдырдык. Ташкенттен келген өзбекстандык артисттердин Омардын “Кыргызстаным” атуу ырын  аткарганына ыраазы болдук.

- Иш сапар кандай максатты көздөдү?

-Өзбек Республикасы менен көптөн бери катташуу болбой, мамилебиз үзүлүп калган болчу. Эки тарап тең кыргыз-өзбек достугун жана кызматташтыкты жакшыртууну максат кылдык.

 

- Өзбекстандын темир жолу аркылуу Кыргыз Республикасына бир нече вагон күйүүчү май жана башка жүк өткөрүлгөнүн уктук. Бирок, чек аралар жабык турат. Жолугушууда чек араны ачуу тууралуу маселе козголдубу? Анын чечилиши кандай болду?

- Азырынча алардын тиешелүү тармактык жетекчилери менен пикир алыштык. Ош областындагы “Достук” чек ара бекети ачылган, ал иштеп жатат. Чек ара тууралуу биздин жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары сүйлөштү. Мен коңшулардын өтүнүчү боюнча бизге чектешкен Анжиян, Наманган жана Фергана областтарынын губернаторлору менен баарлаштым. Анжияндык жетекчи “Хан-Абад” жана Шамалды-Сай бекетин, намангандын губернатору Үч-Коргон постун ачалы деген сунушун айтты. Биз “сиздер адегенде өз жетекчилигиңиздер менен сүйлөшүп, өз чек араңар менен бажы бекетиңерди ачкыла. Биз мындай алакага даярбыз, макулбуз” деп жооп бердик.  

-Жолугушуудан кандайдыр бир жыйынтык чыктыбы?

-Кыргызстандык делегациянын Анжиян шаарына болгон сапары маалында эки тараптуу алаканы жакшыртууга багытталган макулдашууга кол коюлду.

Карым-катнашты жаңылоого эки тарап тең ишенимдүү киришчүдөй. Чек ара тилкесинде жайгашкан аймактардагы тургундардын маселеси тууралуу ачык сүйлөштүк. Өзбек тарап дагы бул туура маселе экенин белгилеп, биргелешип чечүүгө кызыкдар экенин айтышты. Экономика, миграция сыяктуу бир топ маселелердин тегерегинде сүйлөштүк. Эң башкысы чектеш областтардын жетекчилери менен Өзбекстандын Наманган, Фергана, Анжиян областтарынын  башчылары  достук алакаларды бекемдөө боюнча меморандумга кол коюшту. Меморандумда кеминде бир айда бир жолу жолугуп, аймактарга тиешелүү көйгөлөр жаралып калса, аны жеринде чечүү боюнча келишим болду. Эми мындан ары дагы жемиштүү, таза мамилелерге жетишебиз деген ойдобуз.

Ырысбай Абдыраимов  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 4771
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16109
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52220
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 2288
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө” “Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:   Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында...

3 - Августа  2017 | 5 : 29388
“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген” “Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

Областтын прокурору Ө. Жамшитов:       Өткөн жылы областта эң көп жер, мамлекеттик сатып алуулар, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдар бузулган. Акыркы жылдары жер...

24 - Марта  2017 | 10 : 47512
Эки айда элүү кырсык жүз берди Эки айда элүү кырсык жүз берди

      Жалал-Абадга жаз келгенде эле жер көчкү, суу ташкыны көпчүлүктү элеңдетет. КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы бул жаатта кандай кадамдарды жасап жатканынан кабар...

14 - Марта  2017 | 5 : 15621