Искендер Зулкарнайн ким болгон?

7 - Октября  2016 | 16 : 342191
Искендер Зулкарнайн ким болгон?

 

Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?

 

Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып жүрүшөт. Кала берсе айрым китептерде, массалык маалымат каражаттарында же интернет булактарында да кадыресе билимдүү кишилер да македониялык Александрды ыйык Куранда айтылып кеткен олуя Искендердин өзү деп жазышып, элге туура эмес, такталбаган маалымат таратуу менен элди да адаштырып жатышат. Ошондуктан, бул маселеге чекит коюп, Адександр Македонский ким жана Искендер Зулкарнайн ким экенин тактап койгон абзел.

Биздин заманга чейинки 4-кылымда азыркы Грециянын аймагында эки мамлекет жашап турган. Түштүк тарабы Греция, түндүк тарабы Македония деп аталган. Түштүктөгү Греция да афиналыктар жана спарталыктар деп экиге бөлүнүп, ич ара согушуп, кан төгүлүп турган. Ал эми македониялыктар согуш куралдарын ыктуу колдоно билген жоокер эл болгон. Македония өзгөчө Филипп-II падышанын тушунда мамлекет катары күчөп турган.

Филипп бала чагында барымтага түшүп, кул катары Грецияда көп жылдар жашаган жана ал жерде грек тилинде согуш өнөрүн окуган. Кийин боштондукка чыгып, Македонияга кайтып келгенден кийин эл башчыларын бириктирип, мамлекетти бекемдеген. Күчтүү аскер түзүп, кошуна Грециянын көп аймактарын басып алган. Кийинчерээк гректердин ич ара карама-каршылыгынан пайдаланып, Грецияны толугу менен каратып алат.

Падыша ордосундагы интригалардан улам Филипп өлтүрүлгөндөн кийин гректер көтөрүлүш чыгарып, бирок Филипптин баласы Александр аны баскан. Македония менен Греция бир мамлекет болуп тынч жашаганы менен байлар жакшы жашап, кедейлер саны арта берген. Бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошондо элдин көңүлүн башка жакка буруу жана бул оор абалдан чыгып кетүү үчүн Александр Персия мамлекетине согуш ачууга мажбур болгон. Бул согуштун эки пайдасы бар эле. Биринчиси, мурда Персия гректерге кол салып, элин кырып, мал-мүлкүн тоноп, зулумдук көрсөткөн. Демек, өч ала турган убак келди. Экинчиси, Грециядагы жумушсуз жүргөн жаштардын баары аскерге чакырылып, Персиянын байлыгын тартып алууга тартылган жана өлкө коопсуздугу сакталып калган.

Улуу илимпоз, ойчул Аристотелдин окуучусу болгон Александр согуш өнөрүн жакшы билген жана согуш талаасында дайыма жеңишке жетишип турган. Басып алган жердеги алтын-зерди, мал-мүлктү аскерлерине таратып берип, аларды байытып келген. Ал эми гректер ал кезде күнгө, жылдыздарга сыйынышкан мушриктер болушкан. Александрдын согуш аракеттериндеги ийгиликтеринен кабардар болгон египеттик көзү ачыктар аны жөнөкөй киши эмес, Амондун (ошол кездеги египеттиктердин күн кудайы) баласы деп жарыялашкан. Муну уккан Александр алардын көрсөткөн бул даражасына ыраазы болгон жана өзүн Кудайдын баласымын деп жарыялаган.

Персия менен болгон согуш катуу жүргөн. Персиянын чек арасындагы Гавгамел шаарынын жанында анын аскерлерин Дарий падыша баштаган перс аскерлери тоскон. Бирок, сан жагынан Александрдын колу перстерден аз эле: 50 миң колу менен Персиянын 100 миң аскерине каршы согушуу керек болот. Александр аскерлерин бир нече бөлүктөргө бөлүп, ар бир бөлүгүнө түнү менен ар кайсы жерлерге алоологон от жактырып, нөөбөт менен ана-мына чабуулга өтө тургандай ызы-чуу салып  турган. Башка бөлүктөрү эс алган. Ал эми Дарий падышанын колу душман мына-мына кол салат деген кыязда түнү менен уктабай, дүрбөлөңдө турушкан, чарчап калышкан. Анан таң заарынан Александрдын колу чабуулга өтүп, көп сандаган, бирок уктабай чарчап, алдан тайып калган перстерди жеңип алган. Салгылаш өтө кызып турган кезде Александр башына эки мүйүздүү кызыл жезден жасалган шлемди кийип, душмандар арасына өзү кирип барат. Ушул убакка чейин дүйнөдө эч бир элде эки мүйүздүү шлем болгон эмес. Дарийдин аскерлеринин көбү муну көрүп, Искендер Зулкарнайн (эки мүйүздүү Искендер) өзү тирилип келген экен дешип, колундагы куралдарды таштап, дүрбөлөң түшүп качып жөнөшөт. Ал эми буга ишенбегендери Александрды согуш талаасында өлтүрөбүз деп катуу аракет кылышат, бирок эч болбосо жаракат да жеткизе алышкан эмес. Перстер артка чегинип, муну байкаган Александр “мен ошол Искендер Зулакарнайнмын” деп оолугуп, ого бетер чабуулду күчөткөн. Ошол согуштан кийин бүт Персияга Искендер Зулкарнайн өзү тирилип кайтып келди деген туура эмес кабар тарайт. Ошондон бери азырга чейин ушул туура эмес маалымат айтылып, таркатылып келе жатат.

Согушта жеңилген Дарий падыша аскерлери менен түндүктөгү Согдиана тарапка качат. Согдиана ошол кезде илгери Окс, азыркы Аму-Дарыянын берки өйүзү, азыркы Такжикстан, Самарканд жана Бухара аймагына чейинки чөлкөмдү ээлеп турган мамлекет эле. Александр анын артынан түшүп, Дарий мага келип, тизе бүгүп, таажысын кийгизет деп күткөн. Бирок, Согдиана менен Бактаранын өкүмдарлары Дарийди өлтүрүп коюшат.

Александр ага да болбой чыгыштагы акыркы деңизге чейин барам деп, Согдиана тарапка жортуулун уланта берген. Бирок, анын бул ою Согдианада жашаган жарым көчмөн элдерден улам ишке ашкан эмес. Жарым көчмөн калк катуу каршылык көрсөтүп, ал эми Александрдын колу аларды бала-чакасын, кары-картаңдарын кошо аёосуз кырган. Самаркандга келгенде анын кошуунунан чыр-чатак чыгып, нааразылыктар күчөгөн. Алар Персияга жортуул жасайбыз, анан үйгө кайтабыз деген Александрдын убадасын эске салышып, үйгө кайтууну талап кылышкан. Анан да ошол учурда Грециядан кошумча резервдик аскерлер келип турган болсо, кийин келбей калган. Бул да аскерлердин нааразылыгын күчөткөн. Кала берсе жергиликтүү калк аларга каршы тынымсыз кол салууларды уюштуруп, чабуулу күчөгөн.

Александр аскерлерине кайрылып, кечээ эле кедей элеңер, эми алтын-күмүш менен байыдыңар. Чыгыштагы акыркы деңизге аз эле калды, ага жетип, бүт Азияны перстердин зулудугунан куткарып, анан үйгө кайтабыз, деп жоошутуп, жортуулун уланта берген. Ал түндүктү карай жылып отуруп, Яксарт (азыркы Сыр-Дарыя) дарыясынын боюндагы Киресхата (азыркы Хожент) шаарына басып кирген. Ал убакта бул аймакта фарс тилинде сүйлөгөн сактар жашаган. Батышта сактарды “скифтер” деп аташат. Александр бул шаарга баргандан кийин анын чыгыш тарабында Ферганадагы жашаган көчмөн калктын, түндүктөгү Шаш (Ташкент) тараптын кууш көздүү көчмөн калкынын аскерлерин көрүп, алар менен согушуу кыйын болорун байкайт. Ошондой эле чыгыштагы акыркы деңиздин да алыс экенин билип, артка кайтууну чечкен жана Окс дарыясынын боюна келген. Бул жерде Грециядан акыркы толуктоо аскерлери келип жеткен.  

Ал жерден Индияга барып, Ганг дарыясына чейин жетүүнү тилек кылган, бирок Инд дарыясынан өтүп токтогон. Ал жерде аба-ырайы бузулуп, токтобой жамгыр жаап, жетимиш күн бороон болуп, аскерлер безгек оорусуна учураган. Александр өзү да катуу ооруп калат. Аскерлери ага баш ийбей, Грецияга кайтууга мажбур кылышат. Ошентип, артка кайтып, Вавилонго келип, өргүү алышат. Ал жерде ооруусу күчөгөн Александр аскерлерине осуят калтырган. Ал өлгөндө алтын-күмүштөн табыт (гроб) жасашып, капталынан тешик оюп, анын колун чыгарып коюуну, ошол бойдон озү-туулуп өскөн Пелла шаарына алып барып коюуну табыштаган. Бир-нече күндөн соң Александр көз жумуп, аскерлери анын осуятын орундатышкан.

Алтын табытка салышып, анын капталындагы тешиктен колун чыгарып коюшуп, аскерлери аны Грецияга алып жөнөшөт. Жол бою элдер алтын табытты, андан чыгып турган колду көрүшөт. Муну көргөн эл “Эмне үчүн Александрдын бир колун табыттан чыгарып коюшкан?” деп сурап, таң калышат. Муну уккан бир акылман аксакал “Колунда эмне бар экен?” деп сурайт. Эл колунда эч нерсе жоктугун айтат. Анда ошол аксакал карыя бул окуяны минтип түшүндүрүп берген экен: Александр өзүнүн мекени Македониядан чоочун жерлерге баскынчылык кылып чыкканына он жыл болду. Мына эми отуз үч жашында чоочун жерде өлүп, өзүнүн баскынчылык менен жыйнаган алтындары өзүнө табыт болду. Бирок, колунда эч нерсе жок, элине өлүк денеси кетип баратат.

Александрдын акыркы тилеги орундалбалды, анын сөөгү өзүнүн жерине жетпеди. Сөөгү азыркы Түркиянын аймагындагы кайсы бир жерге коюлган, анын так ордун эч ким билбейт. Анын көзү өткөн соң Грециянын карамагына өткөн мамлекеттер чачырап, таркап кетишкен. Ал өзү тарыхта элди кырган, чет жерди баскан баскынчы катары кала берди.

Ушул жерде “грек жаңгагы” деген аталыш тууралуу да айта кетүү зарыл. Грецияда да, ага жакын жайгашкан бир катар мамлекеттерде да мурдатан эле жаңгак өсүп келген. Жер ортолук деңизи ири соода байланыштары үчүн жакшы шарт жаратып, гректер суу жолу менен Европа, Африка, Азия мамлекеттери менен тыгыз байланышып турган. Жаңгактын адам баласына тийгизген оң таасирин билип, бардык мамлекеттер аны сатып алып турушкан. Александрдын аскерлерине да Грециядан жаңгак алып келип берип турушкан. Ошонун аркасында “грек жаңгагы” деген аталыш тарап кеткен. Тарыхта такталып калган нерсе чындык, биз каалаган нерсе эле чындык боло бербейт. Александр Хожент шаарынан бери өткөн эмес, муну моюнга алышыбыз керек.

Анан эң башкы маселе – Искендер Зулкарнайн деген ким болгон? Ырас, Александр Макендонский башка киши болсо, ал Искендер өзү ким? Искендер Зулкарнайн биз сөз кылган Александрдан 2 миң жыл мурун жашаган жана Искендер Зулкарнайн Аулия (Алланын досу) даражасына жеткен киши болгон. Ибрагим алейхиссаламдын заманында туулуп, жашап, Байтулланы тауваф кылып, ажы ибадатын аткарган мусулман адам болгону бизге анык маалым. Курани Каримдин Кахф (Үңкүр) сүрөөсүнүн 83-98-аяттарында Алла Таала Искендер Зулкарнайн тууралуу баян кылат. Мында Искендер өзүнүн аты, ал эми Зулкарнайн кошумча берилген аты эсептелет. Бирок, эмне үчүн Искендер Зулкарнайн – “эки мүйүздүү” деп атаганы жөнүндө айтылбайт. Алла Таала ал тууралуу айтпагандан кийин биз суроо бербестен, Курани Каримден Искендер Зулкарнайн тууралуу окуп, андан таасирленип, ага моюн сунганыбыз абзел.

Алла Таала Искендер Зулкарнайндан ыраазы болуп, аны өз мээримине бөлөсүн. Амийн!

 

Абибулла ажы БАПАНОВ,

Сузак району, Орто Азия айылы.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мамыр Мерген-тарыхый инсан Мамыр Мерген-тарыхый инсан

    Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон....

28 - Марта  2018 | 4 : 44168
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 32777
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30816
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311262
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451019
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541610
Тарыхый жай тактык сурайт Тарыхый жай тактык сурайт

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын чыныгы аты – Калмак Кыргын. Совет доорунун шарпасы менен Калмак-Кыргын аты өчүрүлүп, расмий документтерде Калмак-Кырчын деп аталып, жазылып калган. Балким, ушинтип аталышы...

23 - Июня  2016 | 9 : 421164