Аймактарда иштер аткарылууда

7 - Октября  2016 | 17 : 91711
Аймактарда иштер аткарылууда

СУЗАК. Өкмөт башчы С. Жээнбеков Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койду. Токтом Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордо жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө  багытталган. Ага ылайык Кызыл-Туудагы 35 гектар кайрак айдоо жери “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулат. Ал жерге электр линиялары тартылып, каржылоо булагын аныктоо тапшырмасы жергиликтүү бийликке берилди.

 

ТАШ-КӨМҮР. Шаарда жашаган багар-көрөрү жок, улгайган адамдарга көмүр таркатылууда. Мэриядан билдиришкендей жоопкерчилиги чектелген “Тегене” ишканасы мындай адамдарга жыл сайын жүз тоннадан көмүр жеткирип берет. Өткөн аптага карата муктаж адамдардын үйлөрүнө 40 тоннадай көмүр таркатылды.

 

КАРА-КӨЛ. Шаардын ички жолдорун оңдоо жумуштары Серый көчөсүнөн башталды. Анда жол жамалып, анын үстүнөн жаңыдан асфальт жаткырылмакчы. Мэр И. Еркеев кабарлагандай каракөлдүн ички жолдорун оңдоого жергиликтүү бюджеттен 10 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.

 

АКСЫ. Кербенде 500 адамга сый тамак берилип, концерт көрсөтүлдү. Райондук администрация аким М. Айдаралиев аларды карылар күнү менен куттуктагандыгын жана жүз жаштан ашкан карыялардын үйүнө барып, Президенттин атынан бөлүнгөн каражаттарды тапшырганын кабарлады. Райондо жалгыз бой жана жашоосу оор карыларга 200 тонна көмүр берилди. Аксыда кылымдан ашык жашаган 11 карыя, токсондон жүз жашка чейинки 171 адам жана район боюнча 9794 ардагер бар.

 

АЛА-БУКА. Балтагулов айыл аймагында 8-октябрда күрөш боюнча Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Акимдин орун басары К. Үсөнбаева мелдештин жеңүүчүлөрүнө айылдык спортчу жаштардын сыйлыктары тапшырылганын билдирди. Эл аралык бул турнирди  райондун Ызар айылындагы  жергиликтүү жаштардын спорт федерациясы уюштурду. Анда Тажик Республикасынан, Ош, Баткен, Талас областтарынан жана башка жактардан келген 255 балбан өз салмактары боюнча күч сынашты.

 

ТОКТОГУЛ.  Райондун маданият үйүндө 7-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамы болуп өттү. Ага 400 педагог катышты. Аларды акимдин орун басары Айна Нават кызы куттуктап,  алдыңкы 26 мугалимге райондук мамлекеттик администрациянын Ардак Грамоталарын жана 2 педагогго Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак Грамотасын тапшырды. Белгилөөчү жагдай Токтогул районундагы билим берүү мекемелери Жалал-Абад областындагы билим берүү мекемелеринин арасында 1-орунду жеңип алышкан.

 

Ырысбай Абдраимов

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне

         2013-жылдын 30-декабрында борбор калаабыз Бишкектин № 4 төрөт үйүндө төрт эм көз жарып, төрт наристелүү болгон Абдрыхмановдордун үй бүлөсү гана эмес, бүтүндөй республикабыздын калкы кубанган...

16 - Января  2017 | 5 : 451340
Чаткалда маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды Чаткалда маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды

  Январь  айынын он экисинде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн жылдык отурум болду. Отурумга райондук мамлекеттик...

16 - Января  2017 | 5 : 491361
Тогуз-Торо кабарлары Тогуз-Торо кабарлары

  Юбилейлик китеп акысыз таркатылды.   Тогуз-Торо районунда бул аймактын 80 жылдыгына байланыштуу чыгарылган энциклопедиялык китеп Бишкектен келген расмий жетекчилер менен меймандарга акысыз...

7 - Октября  2016 | 17 : 212064
Аксы районунда Аксы районунда "Кашка-Суу- маданият ордосу" аттуу атайын иш-чара...

     Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти. Ал жактан алынган кабарга караганда бул иш-чара быйылкы тарых жана маданият жылына карата райондо белгиленген саамалыктардын...

23 - Сентября  2016 | 11 : 271779
Бабаш-Атада көпүрө жок Бабаш-Атада көпүрө жок

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл өкмөтүнө караштуу "Жолборс камак" көчөсүнүн тургундары Бабаш-Ата суусунан ары-бери өтүү үчүн аттап өтүүгө ыңгайлуу жер  издешет. Көчөнүн жашоочусу...

6 - Сентября  2016 | 15 : 331740
Жол чала оңдолгон Жол чала оңдолгон

Базар-Коргон районундагы "Арстанбап" туристтик базасында эс алуучулар быйыл аябай көп болду. Бирок, аларды Арстанбап айыл өкмөтүнөн тартып, ушул ат менен аталган туристтик базага барчу жолдун тең жарымы гана...

6 - Сентября  2016 | 15 : 37893
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 271620