11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү менен аяктады

4 - Ноября  2016 | 11 : 41266
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү менен аяктады

 

 

Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча уурдады” деген кепке анын классташтары макул эмес, классташтарынын эскерүүлөрүндө Шерзад тамаша көп сүйлөгөн боорукер болчу. Классында буга чейин бир да буюм тайым же акча жоголгон эмес.  Ал эми окуучунун үстүнөн арыз жазган   милициянын полковниги Бакытбек Токтосунов (Кубанычбек Токтосуновдун атасы) маркумдун жакындарынын дооматтарын четке кагууда.  

Шерзад Алимбеков үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү,  эң боорукер, жароокери да  болчу.  Бир жылдан бери көрүшө элек эне бала жолугушчу учурга саналуу күндөр калганда минтип Шерзад жалган дүйнө менен коштошуп, жакындарын сыздатып олтурган учуру.  Көкүрөк күчүгүн бир жылдан бери көрө элек апасы  Назгүл Матисакова баласынын жансыз денесин кучактап, жазып кеткен катын катып сыздап олтурган учуру. Ысымы аталып жаткан Шерзад каза болоорго жакын “апам келет” деп кубанып үй жайын короолорун жыйнап, кирлерге чейин жууп жайган.  Минтип үй жайларын иреттеп алып 23-октябрда өз өмүрүнө кол салып олтурат...

Апасы Назгүл Матисакова турмуш шарт деп Россияда жүрүп, уулун көрбөй калганына жаны жай албай какшап турган учуру.

-Менин баламды курулай дооматтын айынан жан берди. Балам “катта да акчаны мен алган эмесмин деп жазып кетиптир, байкуш балам, көкүрөк күчүгүмдү жоготуп алдым...” деп күйүтүн көз жашка бөлөдү. Баласынын жазып кеткен кол жазмасын окуп берди...

Ал эми атасы Талантбек Алимбеков баласынын окуясына 11 жыл мурунку окуя да себеп болгон деп эсептейт. Анткени 2005-жылы Бактыбек Токтосуновдун өкүл баласынын айынан экөөнүн катуу араздашкан жайы бар. Ошол жылдары да жөнү жок жерден өкүл баласы кылган кылмышты Талантбекке оодара салабыз дешкенде сот адилеттик чечим чыгарып берген. Ошондон берки “кек” баласынан алган деген ойду  тутунууда.

-Ушул Бактыбектин айынан төрт балабызды таштап жолкире үчүн балдарыма алып берген велосипедке чейин сатып Россияга кеткенбиз.   Балдарыма энчиленип берилген малды ыйлап олтуруп сатканмын. Ошентип Россияда жүрүп бутубузга туруп, балдарыбызды окутуп үмүт байлап турганда дагы ушул кишинин кесепети тийди. Баламдан айрышты-дейт Талантбек  Алимбеков.

Анын айтуусунда  октябрь айынын орто чендеринде баласынын үстүнөн  жазылган арыз боюнча милицияга барган. Алгач Кубанычбек “аяш ата Шерзад милицияда олтурат, атамдын акчасын уурдап алган экен, атам арыз жазып коюптур”  деп маалымдаган.  Талантбек да “жаштыкка салып акча алып койгон” окшойт деп ойлоп Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнө барган.  Ал баласынын өң келбети өзгөрүп калган, баласын көрүп милицияга урган экен деп ойлогон. Шерзаддан ким урду? Деген суроосуна ал жооп бербей койгон. Арыз жазган полковник Б. Токтосуновго айткан суммасын төлөп берип үйүнө келгенден соң баласы менен бет маңдай олтуруп сүйлөшкөн.

 

-Балам “ата мен Бакыт акенин акчасын алган эмесмин, мен албаганымды доказать этип берем. Мени Кубанычбек аке түнү 2де ээн талаадагы бакка алып барып урду, коркуп кетип  мойнума алдым. Ал бир дарактын түбүнө алып барып талдын чырпыктарынан сындыр деди. Ничкесинен сындырсам  жоонунан сындыр деп айтты, жоонунан сыдырып берсем кайра өзүмдү сабады “деп айтты.  Эртеси  “Сиз он миң сом берип салыптырсыз жанымда 3900 сом акча бар эле милициядан алып бериңиз” деди. Кайрадан милицияга кайрылсам далил буюм катары алынган, ишти эмнеге кайрадан козгоп жатасыңар деп тилденишип баламдын акчасын бербей коюшту. Ошол 3900 сом акчадан улам өзүм да  баламдан  күмөнсүрөдүм,  балам “ Ата мен 2 миң сомду ажаткана казып тапкам, 1900 сомду сайдан шагал төгүп тапканмын.  Өзүм мээнет кылып тапкан акчаларым болчу”деп ыйлактап кала берген берди эле. Мен акчага албагам, ата мен акмын” деп көп жолу айтты. Мен балам сага ишенем сен аксың” деп эле жүргөм.

Кийин абасы Эркинбек үйүнө келгенде ага да ак экенин айткан.  Ошентип Шерзад өзүнүн айыбы жок экенин айтып өзгөрүп чүнчүп калган. Атасы артынан калбай жакшы кеп менен тарбиялап жаткан. 23-октябрь күнү 3 жашынан бери баккан чоң энеси Жийдегүл Алимбекованын жасаган тамагынан ооз тийип  малдарын караганы чыгып кеткен.  Атасы артынан барып анын асынып турган денесин тапкан.

-Жайлоодон келген малдар сага жакшы баш бербейт мен дагы сага жардамдашайын десем мен карап турам деп тамак ичпей чыгып кеткен. Малдарды байлай албай кыйналбасын деп артынан апамдын үйүнөн мен да чыгып өзүбүздүн үйүбүзгө келгем. Келсем балам сарайда асынып турат. Мойнундагы жипти чечип жасалма дем алдырдым, колдору муздап калган экен. Октябрь ооруканасына адам болуп калабы деп алып келдим, бирок балам көзүн ачпады. Баламдын өлүмүнө Кубанычбек толугу менен күнөөлү-деп билдирди ал.

Ошондой эле Талантбек ээн жайда баласын урган бакка да алып барды. Анткени окуядан кийин баласы экөө жолдо бара жатышып айыл этегиндеги ээн талаага токтошкон. Шерзады “жайылып жүргөн малдар биздики эмес бекен карап келчи” деп жөнөткөн. Бирок ал ал жерде бир дарактын түбүндө көпкө турган. Келип “ата баягы мени урган дарак да, түбүндө мени урган чырпыктар турат” деп да айткан эле. Ал учурда эки тарап жарашкандыктан маселени козгошкон эмес.  

 

Ал эми акчасын жоготконун билдирип милицияга кайрылган полковник Бактыбек Токтосунов жоголгон 10 миң сомдун жайын төмөндөгүдөй айтып берди.

-Унаам он миң сом бар болчу,  биринчи 3 миң жоголуп баламдан көрдүм, аялымдан сурасам ал да албаганын айтты.  Кийин караган эмесмин, тойго барып кошумча берейин деп унаага койгон жерди карасам бир сом  жок. Үйгө чалсам үйдө жок экенин айтты.  Анын акчанын жоголгонун сездим.  Милициянын аймактык өкүлүн  чакырдым унаамдагы акчага жоголгону боюнча арыз жаздым. Ал ортодо тир мылтыгым бар эле  аны да таппай калдым.  Милицияга бул жагдайды кошуп жаздым. Балам 2-3 күн мурда достору унаасын сураганын айтып, досторунан сурай баштады. Ошентип окуянын чоо жайы белгилүү болуп калды. Талантбек менден балам үчүн кечирим сурайм, акчаңызды берем тосмо арыз жазып бериңиз деди. Мен тосмо арыз жазып бердим. Окуянын болгону ошол-деп билдирди ал.

Ошондой эле ал баланын өлүмүнө энеси менен атасы күнөөлү болушу мүмкүн деген пикирди билдирди. Айтымында  акча боюнча милицияда иш жабылгандан кийин атасы аны катуу тилдеп, ошол жерде эле уруп жаткан. Чоң энеси менен атасы акча уурдагансың деп  урушуп жүрүп чүнчүтүп жиберген деп боолголоду.

Ал эми окуучунун өлүмүнө толук күнөөлү деп ысымы айтылып жаткан Кубанычбек  Токтосунов Шерзадды уруп сокпогонун, ээн талаага  алып барбаганын билдирип,  акчаны андан  көргөндүгүнүн себебин төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди:

-Кошунам Муратбек унааңызды берип туруңузчу деп сурап калды. Анын айдоочулук күбөлүгү  болгондуктан макул болуп бергем.  Мурат, Адилет, Чыңгыз үчөө кетишкен, жолдон Шерзад да кошулган экен. Ошол күнү Шерзад менде акча бар деп балдарга ичимдик,  тамеки алып бериптир. Октябрскийден келишип, кайра Жалал-Абадка сауналарга барышыптыр.  Шерзад жашы жете элек болгондуктан кире албай кайра келишиптир. Түнү менен кеткен чыгымдын баарын Шерзад төлөптүр, түнкү саат төрттөрдө келишип, балдардын баарысы үйлөрүнө кирип кетишиптир. Шерзад “кичине соолугуп алып үйгө барам” деп унаадан калып калган экен. Унаадан түшкө чейин3 миң сом түштөн кийин 6 миң сом акча жоголгон-деп билдирди.

Ошондой эле ал да атасынын пикирин кубаттап, баланы атасы менен чоң энеси урган деп эсептеди.

-Жакын тууганы Арзыбек аке Шерзад менен атасын милициядан кийин үйүнө жеткирип кеткен. Андан алар эмне болуп жатышат деп сурасам, ал “ээ чоң энеси менен атасы баланы уруп жатышат, чыда албай чыгып келе бердим” деген, мен аны урган эмесмин. Баланын денесинде көк-ала дегени милициядан келгенден кийин үйдөгү токмоктон  болушу мүмкүн,-деп боолгогон эле...

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы милициянын аймактык өкүлүнө таянуу менен Шерзад милицияга келгенде эле көк ала тактары менен келгенин билдирди. 

 

Ал эми 9 жылдан бери бирге окуган окуучунун классташтарынын баарысы “Шерзад ууру эмес” деген кепти айтышты.   Классташтарынын айтымдарында класстан мурда кийин буюм тайымдар же акча жоголгон эмес. 

Оор жоготууга учураган Талант Алимбеков баласынын өлүмүнө айылдашы күнөөлү экендиги боюнча милицияга арыз жазып кайрылган. Бул окуя боюнча 234-берененин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалы жүрүүдө.

 

Жумагүл Шайыкова

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  2017-жылдын 3-декабрында саат 18:30 чамасында Жалал-Абад Казарман жолунун 38 чакырымында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Д. А ны мамлекеттик...

4 - Декабря  2017 | 6 : 5332
Маңзат сөзсүз уулайт Маңзат сөзсүз уулайт

      Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо...

26 - Октября  2017 | 7 : 27295
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2495
Кумарпоздордун курмандыгы болдум Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого...

7 - Сентября  2017 | 5 : 29471
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын...

7 - Сентября  2017 | 5 : 51490
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56494
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28688