«Жогорку окуу жайда билимдин сапаты башкы орунда турат»

13 - Декабря  2016 | 10 : 591307
«Жогорку окуу жайда билимдин сапаты  башкы орунда турат»

Кеңешбек УСЕНОВ, ЖАМУнун ректору:

 «Жогорку окуу жайда билимдин сапаты

башкы орунда турат»

Ректор жөнүндө маалымат:

 

Усенов Кеңешбек Жумабекович 1965-жылы 13-декабрда Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган.

Билими жогорку 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Пржевальск шаарындагы филиалын артыкчылык диплому менен аяктаган.

1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында, Афганистанда кызмат өтөгөн.

1994-жылы техника илимдеринин кандидаты, 2004-жылы техника илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, профессор.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

1999-2006-жылдары ЖАМУнун Информатика жана эсептөө техникасы кафедрасынын башчысы.

2002-2009-жылдарда жаңы информациялык технологиялар факультетинин  деканы.

2009-2016-жылдарда ЖАМУнун окуу иштери боюнча биринчи проректору болгон.

 

Алган сыйлыктары:

 

  1. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника  боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
  2. 2000-жылы жаш окумуштуулар арасында Президенттик сыйлыктын ээси болгон.
  3. Кыргыз Республикасынын жана Россия мамлекеттеринин бир катар ордендери жана медалдары менен сыйланган.
  4. 2011-жылы Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган.

-Кеңешбек Жумабекович, эң оболу ЖАМУга ректор болуп келишиңиз менен куттуктайбыз.

- Рахмат

-Жаңыкызмат ордуңуздаг ишти эмнеден баштадыңыз?

-Ачыгын айтканда мен ЖАМУга жаңы адам эмесмин. өзүңүз жакшы билесиз, мен ушул окуу жай түптөлгөндөн бери иштеймин. Айталы кафедра башчысы, факультеттин деканы, кийин университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректор болуп иштеп келдим. Кыскасын айтканда жогорку окуу жайдын бардык системасы мага абдан белгилүү. Ошондой болсо да мен билимдин сапаты деген түшүнүккө өзгөчө маани берген адаммын. Анткени, билим сапаты – бул мамлекеттин саясаты. Ошону менен катар эле биздин университеттин да башкы саясаты болуп саналат. Буга бир мисал катары жакында эле республиканын Жогорку Кеңеши 2017-жылга карата бюджетти бекитип жатканда эң көп акча каражаттарын билим берүү тармагына бөлүп берди. Демек, мамлекеттин өнүгүшү баарыдан мурда билимге көбүрөөк байланыштуу. Эң башкысы билимсиз мамлекет өнүкпөйт. Мен жаңы ректор катары азыр да ЖАМУда билим сапатын жогорулатуу үчүн дагы кандай иштерди аткарышыбыз керек, деген суроого жооп издөө дайыма башкы проблема экендигин жакшы билем. Ошондуктан бул багытта тынымсыз иштейбиз деген ойдомун.

 

-Билимдин сапатынын негизин эмнелерден көрөсүз?

 

-Билимдин сапаты – бул билимге карата комплекстүү мамилелердин жыйындысына байланыштуу болот. Анткени биздин билим  берүү тармагыбыздын структурасы көп профилдүү системадан турат. Мына ошондуктан билим сапатына жогорку окуу жайда иштеп жаткан ар бир адис чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, өзүнүн күндөлүк ишин чыгармачылык менен уюштура алса, башкача айтканда, билим берүүдө аткарылып жаткан иштер кызыктуу болуп, айталы студенттердин аң сезимин ойгото алса, алардын тандап алган адистигине болгон кызыгуусун жандуу процесс катары өзүнө тарта алса, анда ал жерде майнап албетте, жакшы болот. Экинчиден, китеп окуп, информация топтоп, лекция угуп койсо эле билимдин сапаты пайда боло калбайт. Мында билимдин сапатын жакшыртууда илимдин таасири өзгөчө орунга ээ. Башкача айтканда илимдин өнүгүшү билимдин сапатын жогорулатууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Үчүнчүдөн билимдин сапаты - анын өнүгүшүнө түзүлгөн шарттарга да байланыштуу болот. Маселен, аудиториялардын стандарттык талаптарга ээ болушу, студенттер үчүн жетиштүү сандагы китептер менен камсыз болуусу, окуу жайдагы коммуникациялык инфраструктуралардын бүгүнкү талаптарга ылайык келиши сыяктуу маселелер да билимдин сапатына чоң таасир тийгизет. Төртүнчү, эң башкы ресурс  - мындагы адистердин профессионалдуу адис катары өзүнүн жоопкерчилигинин бийик болушу өтө маанилүү. Менин айтайын дегеним бүгүнкү ЖАМУда иштеп жатышкан ар бир мугалим чоң тажрыйбага ээ, өздөрүнүн кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн билимдин сапаты үчүн илимди туура пайдаланууга  умтулган адистер болуп саналат.

Маселен, Университеттин илим боюнча проректору Курманбек Сарманович Алыбаевди алалы. Ал бир кезде Аксы районундагы айылдагы орто мектепте иштеп жүрүп эле кандидаттык диссертациясын жактаган. Университетке келгенден кийин докторлук диссертациясын коргоду.

Азыр физика-математика илимдеринин доктору, профессор. Же болбосо ЖАМУнун табийгый-техникалык факультеттеринин деканы. Атабек Алибаевди алалы. Ал да Университетке келгенден кийин техника илимдеринин доктору болду. Эң башкысы 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болду. Булардын  илимий иштеринин негизги багыттары билимдин сапатын жогору көтөрүү болуп саналат.

Билимдин сапаты адистердин чыгармачылык эмгегине да тыгыз байланышкан. Маселен, ЖАМУда Бактыгүл Энназарова деген жаш адис бар. Ал өзү ЖАМУнун бүтүрүүчүсү. Азыр химия илимдеринин кандидаты. Быйылкы жылда Кореяда ойлоп табуучулардын эл аралык конкурсуна катышып, ал конкурстун бир нече номинациялары боюнча жеңүүчү болуп келди. Мындай мисалдар көп.

Билимдин сапаты ЖАМУнун бардык чыгармачыл адистеринин бирдиктүү аракетине байланыштуу экени белгилүү. Сиз жакшы билесиз, азыр ЖАМУнун табийгый-техникалык факультетинде илимдин 4 доктору, 24 кандидаты, филология факультетинде болсо илимдин 3 доктору, 13 илимдин кандидаты иштеп жатат. Ал эми педагогика факультетинде да кийинки мезгилде илимий даражалуу адистердин саны өстү. Демек, ЖАМУда билим жана илим үчүн аракеттенген адистердин саны жыл сайын өсүүдө. Булардын бардыгы ЖАМУда билимдин сапатын жогорулатууга абдан чоң салым кошууда.

-Билимдин сапаты жөнүндө сөз болгондо бүгүнкү коомдук чөйрөдө глобализациянын, илимий интеграциянын жана массалык коммуникациянын системасы тез темп менен өнүгүп, спутниктик байланыштар менен нанотехнологиялык процесстердин өндүрүшкө тез кириши билимдин сапатына кандай деңгээлде таасир тийгизиши мүмкүн?

-Коомдук чөйрөдөгү ар кандай процесстер билимдин сапатына байланыштуу деп айткым келет. Жанагы сиз айткан коомдук чөйрөдөгү глобализация, интеграция жана коммуникациялык процесстерди Билимдүү адамдар жаратып жатышпайбы. Ал эми билимге илим фактор катары кызмат кылып жаткандыгын турмуштук практика көрсөтүүдө.

Ошондой болсо да биздин ЖАМУда билим алып жаткан жаштар компьютердик, интернеттик (онлайн) системалар менен камсыз болушкан. Азыр 6 факультетте, бардык кафедраларда, 7 колледж, 1 үзгүлтүксүз билим берүүчү институтта компьютерлер орнотулуп, интернеттик системага туташтырылган. Кыскасын айтканда ЖАМУнун студенттери үчүн эң сонун зарыл шарттар түзүлгөн.

Билимдин сапаты жөнүндө сөз болгондо, эң башкы шарттардын бири китепкана системасы жөнүндө да айта кетейин. Азыр мында 77305 даана ар түрдүү, студенттерге зарыл китептер бар. Китепкана маалымат борбору иштеп турат. Китепкананын карамагында 500 орундуу залдар, мындан тышкары илимий-методикалык маалымат ресурстары, мунун ичинде электрондук форматтагы китепкана, 52 аталыштагы ар кандай газета журналдар бар. Мына бул ресурстар билимдин сапатын жогорулатууга негизги шарт катары кызмат кылат.

 

-ЖАМУда билимдин сапатын жогорулатуу багытындаа дагы кандай факторлор бар?

-Ачыгын айтуу керек, бүгүнкү билимдин сапаты татаал шартта өнүгүп жатат. Мына, өзүбүздүн  ЖАМУну алалы. Бизде 27 багыттагы адистер даярдалса, бардык факультеттерде, кафедраларда билимдин сапаты боюнча атайын Кеңештер уюштурулган. Мындан тышкары билимдин сапаты боюнча атайын окуу департаменти иштеп жатат. Ал эми ошол эле департаменттин алдында студенттердин билимин практика жактан көзөмөлдөөчү Ж. Куваков жетекчилик кылган атайын бөлүм иштеп турат.

Эң башкысы, ЖАМУда ар бир студент өз билимин жогорулатуусу үчүн илимий борборлор, илимий лабораториялар иштеп жатат. Жыл бою ар кандай темадагы конференциялар, илимий окуулар, жолугушуулар уюштурулуп турат. Мына ушулардын бардыгы студентте билимдин сапаты боюнча кошумча ресурстар деп түшүнөбүз. Биз азыр билим боюнча дүйнөлүк стандарт катары бакалавр системасында окутуп жатабыз. Бул жаны система, билим сапаты боюнча өзгөчө ролду ээлейт. Себеби, бул системада билим алууда студенттердин өзүнүн умтулуусу чоң мааниге ээ. Анткени, бакалавр системасында билимди өздөштүрүүгө студентке атайын кредиттик сааттар, лабораториялык сааттар жана өз алдынча иштөө боюнча сааттар бөлүнүп берилет. Студенттин билим сапаты экзамендик система аркылуу гана бааланат.

Дагы бир айта турган нерсе, ЖАМУнун окутуучулары студенттердин билимин жогорулатуу үчүн атайын модулдарды, тесттерди өткөрүп турушат. Мында жаңылыштыкка жол бербеш үчүн ар бир адистик боюнча модулдун суроолору алдын-ала илинип коюлуп, керектүү адабияттар так көрсөтүлөт. Тесттерди болсо компьютердик система менен алууга шарт түзүлгөн. Биз мына ушундай жолдор менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүп жатабыз.

 

-Мындай шартта мугалимдин орду кандай болуп калат? Чындыгында эле мектептерден, башка билим берүүчү мекемелерден жогорку окуу жайдын мугалимдеринин кандай артыкчылыктары бар?

 

  • Албетте, жогорку окуу жай өзүнүн статусу, ички эрежелери, Уставы жана стандарты менен сөзсүз өзгөчөлөнүп турат. Бул жерде лекциянын сапаты, мугалимдердин чыгармачылык мамилеси, өзүнө болгон жоопкерчилиги эң башкы орунда турат. Ар бир мугалим өз адистиги боюнча жыл сайын жумушчу программаларды даярдашат. Анда окуу графигине ылайык лекциялык жана практикалык сааттар так бөлүштүрүлүп, лекциянын так маалыматы, лекцияны аткаруунун максаты жана анын формалары, студенттер үчүн так адабияттар көрсөтүлүп, билимди баалоонун формалары белгиленет жана ушул багытта иш алып барылат.

Азыр ЖАМУдагы мугалимдер жыл сайын студенттер үчүн предметтик сабактар боюнча окуу усулдук китептерди, илимий статьяларды даярдашып, аларды жыйнак кылып чыгарып турушат. Мындан тышкары ЖАМУнун атайын илимий журналы чыгып турат. Кыскасын айтканда студенттердин билим алышына эң жакшы шарттар бар десек болот.

 

-ЖАМУ билим берүүдө мурдагы 10 жылга салыштырганда өзгөрдү деп айтсак болобу?

 

-Албетте, ЖАМУнун мурдагы 10 жылдык образын (облигин) бүгүнкү образ менен салыштырууга болбойт. Глобализация менен интеграциянын шартында коомдук аң сезим да өзгөрүп жатат. Мурда айрым жаштар эптеп диплом алсам деп ойлоочу. Азыр андай эмес. Азыркы студенттер билимдүү болушубуз керек деген ойду алдыңкы планга коюп жатат. Мына, караңыз азыр экономикалык, саясий, маданий факторлор өзгөрдү. Азыркы жаштар көп тил билүүгө умтулуп жатышат. Айрыкча орус, англис, япон, кытай тилдерин көбүрөөк билүүгө умтулушууда. Чындыгында эле тил – билимдин башкы булагы. Эгер азыркы шартта көп тил билбесең, интеллектуалдуу адис боло албайсың. Мына ошондуктан ЖАМУда тил үйрөнүү боюнча борборлор, атайын кружоктор уюштурулган. Башкасын айтпаганда да Кытай тили боюнча Конфуций  институту, англис  тили боюнча Америка ордосу,  түрк тили боюнча  түрк борборлору иштеп турат.

Мындан тышкары Россия, Египет, Индия, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр менен билим боюнча байланыштар иштеп жатат. Менин айтайын дегеним, дал ушул сыяктуу эл аралык байланыштар студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттардын эң маанилүү бөлүгү деп айтсак болот.

 

-Коомдук эксперттердин жыйынтыгына таянсак, азыр ЖАМУга элдин ишеними жогору...

 

-Албетте, сага болгон элдин ишеними жакшы болсо, жогору болсо, ага ким кубанбайт. Деген менен ЖАМУда бардыгы телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Кемчиликтер көп. Маселен, студенттердин билим маданиятын жогорулатуу проблемасы – бүгүнкү күндүн эң актуалдуу проблемасы болуп саналат. Анткени адам маданияттуу болуш  үчүн анда  билимдин сапаты жогору болуш керек. Азыр ким билимдүү болсо,  ал коомдун интеллекти болуп саналат.​

- Кеңешбек Жумабекович, билимдин сапаты боюнча жакшы ойлорду айттңыз. Албетте, Сиз айткандай сапаттуу билим - бул күндө мамлекеттик саясат болуп калды. Демек билимдин сапаты үчүн дагы көптөгөн максаттарды, программаларды иштеп чыгып, аны жолго коё аласыз деген ойдобуз

Кудай буюрса

-Маегиңиз үчүн рахмат.

                                                                                            Аким АКЖОЛОВ,

                                                                                              

                                                                                             Жалал-Абад мамлекеттик

                                                                             университетинин профессору, жазуучу.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 3151
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35154
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47223
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43241
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47197
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16204
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52469