Компания – үйсүздөргө жан тартат

16 - Декабря  2016 | 11 : 191169
Компания – үйсүздөргө жан тартат

                           

 

 

 

“Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын” Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Эгемназаров  Өкмөттүн өткөн жылдын июль айындагы токтому менен түзүлгөн ушул МИКтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Өлкөбүздүн жарандарынын турак-жайга өтө муктаждыгы, ипотекалык насыялоо боюнча акча каражаттарынын жетишсиздиги жана коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык өлчөмдөрүнүн  жогору болуусу – МИКтин түзүлүүсүн шарттаган.

         Насыянын көлөмү улам көбөйөт

Ушуга байланыштуу республиканын жашоочуларынын турак-жай сатып алууларын жана куруусун колдоо үчүн ипотека рыногун системалаштыруу жана түзүү, ички жана тышкы каржылоо булактарын аныктоо, жеткиликтүү турак-жай имараттарын куруу, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу – МИКтин негизги милдети болуп эсептелет.

 

      Өкмөттүн областтагы өкүлүнүн маалымат катчысы У. Парманов, МИКтин Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси А. Эгемназаров,  пресс-катчысы З. Асанова жана Өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси А. Сансызбаева.

Жыйында  таратылган билдирүүгө караганда МИКтин каржылоо булагы 310 миллион сомго барабар. Ага быйылкы жылдан тартып, беш жыл ичинде 760 миллион сом топтоо үчүн жыл сайын толуктоого 150 миллион сом каралган. Коммерциялык банктар аркылуу берилип жаткан ипотекалык насыяларды каржылоо максатына 3, 35 миллиард сом бюджеттик ссуданы республиканын каржы министрлиги тарабынан он жылга берүү каралган. Алардын ичинде ипотекалык насыялоо  ишин жүргүзүүгө азыркы учурда 500 миллион сом бөлүнгөн. Жаңы мекеме Кыргыз Республикасынын жарандарына ипотекалык насыяларды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү, ички жана тышкы булактардан инвестиция тартуу максаты менен ачылган.  Өкмөттүн токтому менен ипотекалык насыялоонун шарттары, насыяга муктаж адамдарды тандоо жана турак-жайга карата талаптар аныкталган. Буга ылайык жыйырма бир жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда  алтымыш беш жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары программага катышууга укуктуу.

 

Насыя алуунун шарттары

Өлкө боюнча ипотекалык насыя алуу үчүн 6433 адам жергиликтүү бийликтерге (райондук мамлекеттик администрациялар менен шаарлардын мэрияларына, Өкмөттүн областтардагы өкүлчүлүктөрүнө)  кайрылган. Азыркы учурда ипотекалык насыяны коммерциялык он бир банктан алуу мүмкүн. Ал банктар – “Айылбанк” ААК, “РСК Банк” ААК, “Компаньон Банкы ЖАК, “Кыргызстан Коммерциялык Банкы” ААК, “Азия Банкы” ЖАК, “Капитал Банкы” ААК, “БТА Банкы” ЖАК, “Байтүшүм Банкы” ЖАК, “Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы” ЖАК, “Кыргызкоммерцбанк” ААК, “Росинбанк” ААК. Ипотекалык рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү тартибин төмөндөгүдөй кароого болот:

  1. МИКтин өнөктөш банктары карызгерге күрөө катары турак-жай менен камсыз болгон ипотекалык насыяны берет.
  2. МИК ипотекалык күрөөлүк аркылуу ипотекалык насыялар боюнча талап коюу укугун банктан алуу аркылуу ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарат.
  3. Институционалдык инвесторлор (социалдык фонд, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компаниялары) экинчи рынокто ипотекалык баалуу кагаздарды сатып алуу менен ипотекалык рынокту каржылашат, акча каражаттарынын агылып келүүсүн камсыздашат жана ипотекалык турак-жай насыялоо көлөмүн кеңейтишет.

 

 

 

Пресс-конференцияга катышкан маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн бир тобу.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы буйругу менен Мамлекеттик турак-жай программасынын маселесин координациялоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. ВАКтын чечимдерине ылайык бюджеттик тармакта иштеген бардык кызматкерлерге, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрө жана маданият тармагынын өкүлдөрүнө артыкчылык берилген. Жергиликтүү бийликтерге түшкөн жарандардын ипотекалык насыя берүү жөнүндөгү арыздарын ведомстволор аралык комиссия кабыл алып, жарандардын турак-жай жана  аны курууга жер участокторун сатып алууга, насыяны төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Андан кийин ВАК ал адамдардын тизмесин өлкөдө иштеп жаткан банктарга тапшырат. Ипотекалык насыя алуу менен турак-жайды сатып алууну, же курууну көздөгөн программанын катышуучуларына мындай талаптар коюлган. Ага ылайык жалпы эмгек стажы үч жылдан кем эмес, же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем болбоосу тийиш. Программага катышуучу да, катышуучунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик турак-жайынын жана жарандык-укуктук бүтүмдөрү жок, насыя алган адам аны төлөөгө жөндөмдүү болуусу абзел.  Бекитилген шарттарга ылайык насыянын эң жогорку өлчөмү үч миллион сом, төлөө мөөнөтү он беш жылга чейин, пайыздык чендери алгачкы төлөмгө байланыштуу жылдык 10-12 процент. Минималдуу алгачкы төлөм сатып алынаар турак-жайдын наркынын он пайызын түзөт. Көп кабаттуу үйлөрдөн батир сатып алуу үчүн анын жалпы аянты сексен чарчы метрден жогору болбоосу, жер үйлөрдүн жана жеке курула турган үйлөрдүн аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш. Насыя берүү учурунда ал үчүн кайрылган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн айлыгы, жер үлүшү, бодо мал, кой-эчкилери, тапкан бардык кирешелери эсепке алынат.

Батир акы төлөгөндөн көрө...

Албетте, А. Эгемназаровдун ишениминде Мамлекеттик Ипотекалык Компаниядан он беш жылга насыя алуу – арзан, анткени, бул аралыкта сатып алынган, же курулган турак-жайдын баасы бир топ эсе кымбаттап кетет. Ал мисал иретинде Жалал-Абад шаарында батирлердин ижара акысы азыркы учурда 6-12 миң сомго барабар экендигин, эгер айына орточо батир акысын тогуз миң сом деп эсептеген күндө да, ал бир жылда  жүз миң сомдон ашып кетээрин, ал эми бул баа туруктуу турса,  он беш жылда бир жарым миллион сомдон да жогору болоорун эсептеп берди. Коммерциялык банктар МИКтен айырмаланып, насыяны өз ыктыярлары менен сом, же чет элдик валюта түрүндө  он беш жылга бере албайт. Мамлекеттик Ипотекалык Компания бүгүнкү күндө эмки жылдан тарта батирлерди оңдоо, кеңейтүү, үй шарттарын жакшыртуу, батирлердин, же башка турак-жайлардын ички жасалгалары үчүн да насыяларды берүү жагын караштырууда.

МИК 2020-жылга чейин стратегиялык максаттарына жетүү үчүн алдына бир топ милдеттерди койду. Аларды атап айтканда мекеме насыя  куржунунун көлөмүн он миллиард сомго жеткирүүнү, үч миллиард сомго чейинки облигацияларды чыгарууну көздөөдө. Мындан сырткары ипотекалык баалуу кагаздардын экинчи рыногун өөрчүтүү менен эконом-класс турак-жайларын 130 миң чарчы метрге чейинки көлөмдө куруу, насыя алууга калктын кеңири чөйрөсүн камтуу максатында МИКтин аймактарда бөлүмдөрүн ачууну пландаштырууда. Аны менен бирге өлкөнүн ар бир областтарында көп кабаттуу, алтымыш батирлүү жети эконом-класс турак-жайларды, Бишкек шаарындагы “Тунгуч” кичи районунда турак үйлөрдү  куруу демилгесин көтөрдү.

 

Ырысбай   АБДЫРАИМОВ, “Акыйкат”.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы? Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

...

2 - Марта  2018 | 12 : 4064
Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

                                                                                                         2018-жыл...

23 - Января  2018 | 10 : 25519
Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу...

16 - Января  2018 | 4 : 12110
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат «Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп...

12 - Января  2018 | 6 : 39184
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы... Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы...

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол...

11 - Января  2018 | 5 : 0984
Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары...

12 - Декабря  2017 | 10 : 33149
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин...

26 - Октября  2017 | 4 : 57127