Ыйман менен адеп бар жерде маданият болот

11 - Января  2017 | 11 : 488679
Ыйман менен адеп бар жерде маданият болот

 

      Ошентип, дагы бир жаңы жылдын босогосун аттадык.  Өмүр сереси бир тепкичке көтөрүлүп, жашыбызга жаш кошулуп жатканына шерденип, жылыбызга карата жакшы тилектерди айтуудан чарчабайбыз. Мына ошондой  ой менен мамлекет башчыбыз  Алмазбек Атамбаев  жаңырган жылды “  Ыйман, адеп жана маданият жылы” деген Жарлыкка кол койду. Анда мындай деп айтылат:

 “-Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар эле жаңы сыноолорду пайда кылды. Бул шартта өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттин жана коомдун бардык күч-аракетин адамга, анын адеп-ыйманына жана руханий дүйнөсүнө багыттоо зарыл. 2016-жылы өткөрүлгөн “Тарых жана маданият жылы”  жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастады. Жарандарыбыздын өз өлкөсүнүн жана элинин тарыхына кызыгуусу өсүп, ата-бабалардын көөнөргүс маданияты менен мурасы жанданды. Байыркы жана бай тарыхы бар, Улуу Каганат курган эл экенибизди жүрөгүбүз менен сездик, жаңы дем, жаңы күч алдык, улуттук сыймыктануу сезими жаралды...”

Кыргыз Республикасынын президенти А. Атамбаев мына ушундай сезимдин арты менен өткөн жылда жасалган иш мерчемдер эң жогорку деңгээлде, жалпы элдин гана бүйүрүн кызытаарлык жагдайда өтпөстөн бүт дүйнө элинин көнүлүн бурган таризде уюштурулгандыгын белгиледи. Алардын катарында 1916-жылдагы Улуттук боштондуктун 100 жылдыгы, экинчи Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун өтүүсү Кыргыз мамлекетинин эл аралык аброюнун артуусуна шарт жаратып, ошол эле мезгилде элдин биримдиги менен маданиятына, каада-салтына өзгөчө аяр мамиле жасалып, жаңычылдыкка, келечекке умтулуу, көчмөндөр цивилизациясынын маданий , руханий ордосу болуу мумкүнчүлүгү жаралгандыгы айтылат. Мамлекеттин башкы байлыгы-анын жарандары экендиги талашсыз. Ар бир доордун сыноосунан өткөн кыргыз журтунун руханий, адеп-ыймандык асыл-нарктары, дүйнө таанымы ар тараптан жетик жаранды калыптандыруу мезгили келди. Демек, ал бала бакчадан, мектептен, чөйрөдөн башталат. Анын башаты билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз маданиятыбыз менен тарыхыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын мезгил агымына жараша түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат. Мына ушундай стратегиялык милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында ар бир жарандын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына  өзгөрүү, жаңылануунун үрөнүн сээп жаткан бул Жарлык жыл ичинде  жүзөгө ашат деген терең ишенич бар. Андыктан жалпы элдин катышуусу, көңүл буруусу, жигердүү демилгеси зарыл. Ошол максатта  Жарлыкты турмушка ашыруунун атайын багыттары белгиленди. Анда, Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо, ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу, жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге Ыйман, адеп жана маданият жылынын идеяларын жайылтууну жана иш-чараларын натыйжалуу чагылдырууну камсыз кылуу талабы коюлду.

            Жаңырган жылдын жакшы Жарлыгын ушу тапта эл кубаттап, колдоп жаткан кези. Айрым окурмандарыбыздын ушул багыттагы ойлорун ортого алып көрөлү: 

Арзыбек Бедияров - Кыргыз республикасынын эл артисти, обончу жана аткаруучу:

- Ажобуздун бул Жарлыгын мен жеке адамдын маданиятын өстүрүү, жүрүм-турум маданиятын көтөрүү, адептүүлүк менен ыймандуулукка тарбиялоо  деп түшүнүп олтурамын. Айрымдар дагы деле маданият тармагын көтөрүү, ырчы-чоорчу, аткаруучуларга, элдик таланттарга көңүл бөлүү жылы деп түшүнүп жатышат, сыягы. Түпкү маанисин түшүнө келсек, башка элди билбеймин, биздин элибиздин маданияты өтө төмөндөп кетти. Айрыкча жаштарда ыйман, адептүүлүк, маданияттуулук таптакыр жокко эсе болуп калды.  Мына мен областтык балдардын чыгармачылык үйүндө иштеймин да. Ал жерде кайсы бир өнөрдү үйрөнгөнү келишет, чыгармачылык жолго чыйыр алышат. Ошол балдар дал менин  иш бөлмөмдүн каалгасынын түбүнө туруп алышып, ызылдашат, эки-экиден кучакташып алышат. Анан кароолчуларга “буларды ары алып баргылачы, ошол жактан кучакташсын” деп айтам.

Жаштардан ыйман кеткени чындык. Көчөдө ары-бери өткөңдөрдү көзгө илбей, тим эле бири-бирине кыналышып, кучакташып, чыпташып алышат. Адам олтурчу орундуктарга чыгып алышып, айланасына таштанды таштап, айтор, өтө эле кейиштүү нерселерди жасашат. “Ай бала, же кыз, антип олтурба, колуңдагыны таштаба...” деген сыяктуу акыл айтсаң, аны угушпайт. Тескерисинче сени шылдыңдашат, күлүшөт. Мен бир нерсени айтайын, менин “Көзүңдөгү керемет” деген обондуу ырым бар. Анын жаралганына жыйырма жылга жакындап калды. Таржымалы мындай - бир күнү достор менен шаардагы бир кафеге кирип калдык.  Официант бир кыз менен бир жигит бизди тейлеп жатышты. Маданияттуу мамиле жасашат. Кыз ажарлуу, кара көз,  көздөрү балбылдаган жан экен. Ага назар салып, ошол кызга арнап ушул ырды жараттым. Бирок, ал кыз аны билген деле жок. Арадан жылдар өттү. Бир күнү көчөдө кетип баратсам,   дал менин маңдайымда  ал кыз келе жатат. Бирок,  басып келе жатып эле   бышкырып, ушунчалык адамды иренжиткен  жорук көрсөттү да.  Мына адамдагы маданияттуулук. Менин бир ырымдын каарманы жакшы ырга да көлөкө түшүргөндөй болду. Анан дагы бир нерсе  - мен айылдан барып-келип иштеймин. Шаар менен айылымдын аралыгы он беш чакырым. Ушул аралыкта жол жээгин карасам, жалан гана таштандыларга толуп кеткен. Айылдагылар таштандыларын чогултуп, шаар тараптагы жолго ыргытып кетишкендер бар. Ошончо алып чыккан соң, атайын урналарга салып коюу деген жок. Ушул дагы адамдардын маданияттуулугуна жатат да. Баскан жеринди, жашаган айылынды, көчөңдүн тазалыгына  көңүл бурабасаң, кайсы маданияттуулук, адептүүлүк. Бул маселе эң туура коюлуп олтурат, аны бала бакчадан баштап, мектептерде, окуу жайларында  күчөтүү керек. Анан  газеталарда, телекөрсөтүүлөрдө, маданият мекемелеринде атайын иштер алып барылуусу керек.Дагы бир нерсе - акыркы кезде биздин ырчылар ушунчалык начар клиптерди тартып жатышат, карап олтуруп иренжийсиң, денелерин көрсөткөн, жылаңач, кроватта жаткан учурларды тартышат. Бул биздин менталитетке туура келбейт да. Мындан ары тартылган клиптерге улуттук нарк сакталып, улуттук жүз эске алынса. Атайын бул багытта комиссия иштесе жакшы болот эле.

            Санжарбек Берикбаев - областтык Барпы атындагы театрдын директору:

- Бул Жарлык эң туура кабыл алынды деп ойлоймун. Бизге керек болуучу. Эгер маданият болбосо, элде ыйман менен адептүүлүк жок болсо-экономика да өнүкпөйт.

 

Мына япон элин алалы. Аларда  цунами болду, он алты миң адам  каза болуп, 32 миңи үй-жайсыз калды, жараат алды. Ошол кырсыкты баштан кечирген эл өтө маданияттуулук менен, эч кандай ызы-чуу салышпай эле, аларга сырттан  тамак аш, кийим-кече  алып келсе, кезектешип, бири-бирин урматтоо менен  керектүүсүн алып жатышты го. Аларга карап суктанасың. Эч бир дүрбөлөңсүз кырсыкты кайра калыбына келтирип алышты. Ал эми  Иракта эмне болду? Америка Иракты бомбалап жатса, жергиликтүү эл  өздөрүн-өздөрү тоношуп, будуң-чан түшүп, жатып калышты. Акыры эмне болду?.. Мына бизде да  эки жолу ошондой маданиятсыздык, талап-тоноочулук болбодубу. Өзүбүздү-өзүбүз тонодук, талкаладык, уурдадык, өрттөдүк. Эмне болуп жатабыз, дагы деле  өзүбүзгө келе албай, талап-тоногондордун аягы тыйылбай жатпайбы? Биздин элдин маданияттуулугу Корея, Кытай, Япония элиндей болгондо, эбак өнүгүп кетет болчубуз. Карагыла,  Түштүк Корея эли мамлекет башчысына нааразылыгын өтө маданияттуулук менен шам күйгүзүп эле билдирип коюшту. Өлкө башчысы да аны туура түшүнүп, тынчтык жолу менен эле отставкага кетти. Бизде андай жок да, сөзсүз көчөгө чыгыш керек, өрттөш керек, талап-тонош керек. Мамлекет башчыбыздын бул Жарлыгын мен колдоймун жана  ушул жылда элибиздин аң сезимин, жеке маданиятын көтөрүү багытында көп иштердин аткарылышын каалаймын. Ал үчүн  айрыкча жаштарды театр,  кино, телекөрсөтүүлөр аркылуу тарбиялоо багытында  иштер жүрүш керек. Театрга коюлган спектаклдер, тартылган кинолор да  тарбиялык мааниге ээ, улуттук  идеологияны камтыган болуусу шарт. Анан көбүрөөк театрга келиш керек. Ал жерден көптү билип, үйрөнүп кетүүгө болот. Биз болсо жыл ичинде көчөдө,  коомдук жайларда өзүн алып жүрүү, а түгүл кийинүү, тамак ичүү, сүйлөө, транспорттордо жүрүү маданиятын үйрөтүү багытында  атайын сынактарды уюштуралы деп жатабыз. Бул иш-чарабыз кайсы бир деңгээлде адамдарды тарбиялоого таасирин тийгизет деген ишенич бар.

Нимат Маматов, Сузак районунун Жалгыз-Жаңак айылынын тургуну, 84 жашта:

- Ачыгын айтканда азыркы жаштардан ыйман кетти. Адептүүлүктү мындай коёлу, эң эле жөнөкөй улууну сыйлоо, урматтоо, аларды угуу деген жок. Башканы эмес, өз ата-энесин укпаган жаштар көп. Бул Жарлыкты мен да окуп чыктым, телевизордон уктум. Мага жакты, себеби, эң туура кабыл алынган. Ыйман менен адеп бар жерде, сөзсүз маданияттуулук болот. Илгери, эч кандай мыйзамсыз эле ар бир айылдын аксакал-көксакалдары жаштарды туура жолго салып коюшчу. Туура эмес, жаман иштерди жасагандарды уяткарып турушчу. Азыр  көп мыйзам  бар. Аны деле тоготуп коюшпайт. Анан улуу катары акыл-насаатыңды айтсаң, өзүңдү осол кылышат. Мына мен алты уул, эки кызды тарбиялап, эрезеге жеткирип, бардыгын окуттум. Бардыгы атанын сөзүн угушуп, эненин тарбиясын алып эле чоңоюшту. Алар тууралуу эч кимден жаман сөз укпадым, мындан ары да укпайын деген тилегим бар. Негизи адептүү, ыймандуу адам дайыма элдин алкоосун алат да. Ошондуктан, биз аксакалдар да жаштарга туура жол көрсөтүп, жардамыбызды берели. Мен адабият тармагына кеч келсем да, дилимдегилерди кагаз бетине түшүрүп, бир катар китеп чыгарууга жетиштим. Мына быйылкы жылы жарыкка чыгарайын деп, жаңы китеп жазып жатам. Ошондо адептүүлүк, ыйман тууралуу айтылат. Буюрса ушул китеп даркылуу  бул Жарлыкты турмушка ашырууга салым кошкон болом го.

Айнура Закирова-Сузак райондук борборлоштурулган китепкананын директору-Бул Жарлыктын чыкканы абдан туура болду. Ал бүгүнкү күндүн талабы . Анткени, жалаң гана шайлоо деп, негизи эл саясатташып кетишти. Жогор жакты карап эле, ар саясатчынын ызы-чуусун угуп, анан бийликтегилерге нааразы болуп, өзүбүздүн жеке жүрүм-турумубузга, маданиятыбызга көңүл бөлбөй калдык. Башкы маселе катары акча табуу, байлык топтоо, бийликке келүү, катар-катар үй салуу, машина алуу сыяктуу материалдык кызыкчылыкты карап, ыйман, адеп, маданият деген нерсе жат көрүнүштөй туюлуп бараткан. Ошондуктан  өз мезгилинде чыккан Жарлыкты кош колдоп  колдого алуубуз керек. Бул багытта көп иштерди аткарсак болот. Бардык тармактарды кучагына алуу керек. Бул жумуштарды жалаң гана маданият кызматкерлери аткарат деген түшүнүк да туура эмес. Ар бир жаран, улуусу да,  кичүүсү да,  адеп менен ыйманды, маданияттуулукту өзүнөн башташы керек. Мектептерде ыйман, адеп сабактарын күчөтүу зарыл. Анан тарбиянын  көп кыры, ыкмасы бар. Мурда биздин ата-бабаларыбыз  сөз менен  эле тарбиялашчу экен. Анын үстүнө биздин  элдик накыл кептер да күчтүү эмеспи, сөөк көзөп өтчү  лакаптарыбыз бар. Биз эми өз багытыбыз боюнча окурмандар арасында таалим-тарбия берүү, маданияттуулук, ыйман менен адептүүлүк боюнча жолугушуу кечелерин өткөрүп,салымыбызды кошобуз.

 

Бактыкан Ажымаматова.

 

  

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 1646
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18151
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27579
"Адам күн сайын руханий жактан өнүгүп-өсүп турушу керек"

  Нурбек Шамуратов, Т.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчысы: “”   Ырчы тууралуу        Туулган жери   - Сузак району,...

27 - Июня  2017 | 11 : 54891
Жубайың сенин  -  башка жан Жубайың сенин - башка жан

Поэзия – Улуу Жаратуучуну издөөнү максат кылгандыктан  ары сырдуу,  ары басып өткөн жолу күүгүм тарткан жана көп тарабы түшүнүксүз купуя кайрык. Мына ошондуктан чыныгы ырдын...

27 - Июня  2017 | 12 : 12760
Чыгармаларымдын көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир таасирден улам жаралат Чыгармаларымдын көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир таасирден улам жаралат

Данияр Эркинбай уулу тууралуу кыскача маалымат   Туулган жери: Ала-Бука району, Ак-Там айылы. Туулган жылы: 1992-жылы 12-ноябрь. Билими: Жалал-Абад...

22 - Июня  2017 | 9 : 53639
Барпы театрынын кызматкерлери ийгиликке жетишти Барпы театрынын кызматкерлери ийгиликке жетишти

        Кыргыз эл акыны, драматург, жазуучу Жалил Садыковдун 85 жылдык юбилейине карата 9-Республикалык театралдык фестиваль Бишкек шаарында 11-июндан 15-июнга чейин өткөрүлдү. Ага республикадагы...

22 - Июня  2017 | 10 : 16369