Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне

16 - Января  2017 | 5 : 451722
Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне

 

       2013-жылдын 30-декабрында борбор калаабыз Бишкектин № 4 төрөт үйүндө төрт эм көз жарып, төрт наристелүү болгон Абдрыхмановдордун үй бүлөсү гана эмес, бүтүндөй республикабыздын калкы кубанган эле. Кейиштүүсү, төрт эмдин бири төрөт үйүндө эле чарчап калып, антсе да, калган үч наристенин амандыгы жана алардын энеси Молдотаева Бактыгүлдүн саламаттыгы үчүн ар тараптан акчалай жардам берген колдор сунулуп, алгач КР. ЖК ошол кездеги депутаты К. Акназарова баштаган депутаттардын тобу, КР. Премьер министрлигинен өкүлдөр, андан соң,   1-Май районунун акими А. Алиев жана жаш үй бүлөнүн жердиги чаткалдык болгондуктан, Чаткал районунун акими К. Эшалиев кабар алышып, алар тарабынан жалпы 420 миң сомдун тегерегинде акчалай жардам тапшырылган. Ал эми, КР. ЖК депутаты К. Акназарова  башка бирөөнүн батирин жалдап башпаанектеген төрт эм наристелүү жаш үй бүлөгө мамлекет тарабынан батир бердирүү боюнча аракеттенээрин айтып кубандырган.
Андан бери, ал төрт эм наристенин кудай өмүр берген үчөөсү быйыл үч жашка толду. Жаш үй бүлө  Уланбек Абдырахманов менен Бактыгүл Молдотаева мурдагы эки баласын кошкондо жалпы беш баласы менен айына 4500 сом төлөп, дале батир ижарага алып, борбор калаанын Көлмө конушунда күн кечирип келишүүдө. 
-Депутат К. Акназарова бул үй-бүлөгө батир бердирүү маселесин КР. ЖК сессияларында 2-3 курдай көтөрүп чыгып бирок, натыйжа чыкпадыбы, бизге кабар келген жок. Менден кийин 3 же 4 эм төрөгөн энелерге батирлер берилип жаткандыгын теле, гезиттерден окуп, билип атабыз, биз кайрылсак эле –батир алууга кезегиңер келе элек-деген жоопту берип келишүүдө-дейт Б. Молдотаева.
Чындыгында, Б. Молдотаевадан кийинки мезгилдерде 3 же 4 эм төрөгөн энелерге мамлекет тарабынан батир берилип жаткандыгы жашыруун деле эмес. Мис: Бишкекте 2015-жылдын 9-апрелинде төрт эм наристелүү болушкан Зарнаевдердин үй бүлөсүнө көп өтпөй эле КР. Президенти А. Атамбаевдин атынан  2 бөлмөлүү үйдүн ачкычы тапшырылган. (K-News 15. 06. 2015)
Булардан алда канча мезгил мурда төрт эм наристелүү болушса да, негедир батирлүү болууга “кезеги жетпей келаткан” Абдырахмановдордун үй бүлөсү жакынкы мезгилдерде КР.ЖК депутаты Айнуру Алтыбаевага да кайрылып көрүүнү максат кылышууда.  –Угушубузга караганда, К. Акназарова бизге батир бердирүү маселесин КР. ЖК азыркы кездеги депутаты А. Алтыбаевага тапшырып кетиптир. Эми, ошол кишиге кайрылып көрөлү деп чечтик. Дагы бир мүчүлүш жагдай, биз Бишкекте каттоодо жокпуз, антсе да, республиканын жараны катары тиешелүү органдар бул маселебизди чечүүгө жардам беришсе, төрт эм наристелүү үй бүлөлөрдүн катарында батирлүү болуп калаар белек-дейт Б. Молдотаева жакшылыктан дале үмүтүн үзбөй.
Бүгүнкү күндө, бул үй бүлө беш баласы үчүн мамлекеттен ай сайын 5500 сом жөлөкпул , мындан сырткары ар квартал сайын 500 сом акчалай жардам алышат. Буга кошо, соцфонд тарабынан кышка карата 1,5 тонна көмүр бекер берилет. 
КР. ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева аялдардын укуктарын коргоо маселесинде көп иштерди аткарып келатат,  балким, Абдырахмановдордун кайрылуусуна оң жооп берип, батир маселесин чечүүгө астейдил аракет көрүп калгысы бардыр.

 

Мухамедалы Эшназаров

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

Аксы. Кайнене келинди өлтүрүп, мурда кыз жигит катары сүйлөшкөн кызын да өлтүрүүгө аракет жасаган 30 жаштагы Авлетим айыл аймагынын жашоочусу Б. Т ны райондук сот өмүр боюу эркинен ажыратты.   Эске...

28 - Марта  2018 | 4 : 54282
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  Сузак. Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылындагы О. Муратов мектебинде акыркы он жылдан бери балдарга 3 нөөмөттө сабак берилип келет. Ата-энелердин жардамы менен ашар ыкмасында 9 класстык...

7 - Марта  2018 | 10 : 1275
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД. Шаардык казынадан берилген акчалай сыйлыкка  2 спортчу жаңы конуштуу болушту. Областтык спорт, дене-тарбия жана жаштар комитети кабарлагандай грек – рим күрөшү боюнча дүйнө...

16 - Февраля  2018 | 10 : 40265
Аймак жанылыктары Аймак жанылыктары

  НООКЕН.  Масы кыштагындагы үйлөрдүн бирине “электриктин” атынан келип,  бир миллион сомдой акчалуу сейфти уурдаган эки адам Бишкектен кармалды. ОИИБдин басма сөз кызматы  алар адам...

9 - Февраля  2018 | 7 : 47475
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД.. Шаарда Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын окуучулары үчүн «менин кирешелүү чарбам» аттуу семинар болуп өттү. Аны балдарды эмгекке үйрөтүү максатында Жалал-Абад айылдык...

23 - Января  2018 | 11 : 54260
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД. Шаарда болгон  жыйында бир топ маселелер  козголду. Мэриянын маалыматтык борбору билдиргендей көчөлөрдү кеңейтүү, мектептерди жана балдар бакчаларын куруу, мугалимдерди социалдык жактан...

23 - Января  2018 | 11 : 56271
Чаткалда маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды Чаткалда маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды

  Январь  айынын он экисинде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн жылдык отурум болду. Отурумга райондук мамлекеттик...

16 - Января  2017 | 5 : 491764