Спортчулардын ийгилиги

3 - Февраля  2017 | 11 : 36632
Спортчулардын ийгилиги

 

 Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды кабыл алды. Аларга аты жазылган саат жана баалуу  белектерди   тапшырды. Андай спортчулардын сабында Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдерди даярдоочу спорт мектебинин тарбиялануучусу, өткөн жылдагы  Франциянын Макон шаарында өткөн жаштар арасында грек рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталган, ушул жылдагы “Акыйкат” коомдук саясий газетасынын мыкты спортчусу наамын алган Калы Сулайманов да бар. Ошондой эле республикалык спорттук  күрөш федерациясынын  атынан  ага элүү миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

 

Жеңил атлетика: Бишкек шаарында  жеңил атлетика спорту боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынан  Азиянын эки жолку чемпиону, Кыргызстандын  бир нече жолку чемпиону Гүлшанай Сатарова жана шаардагы Экономика жана ишкердик университетинин алдындагы колледждин студенти  Алена Первушиналар катышты. Белгилей кетүүчү жагдай Гүлшанай  декреттик өргүүдөн кийин үч ирет  чоң мелдештерге катышып, бардыгында  жеңишке жетишти. Бул жолу да  өткөн жылдагы  Рио -де -Жанейро шаарында өткөн  олимпиадалык оюндардын катышуучусу  Мария Карабицкаяны артка таштап, миң метр аралыкка чуркоодо маара сызыгына биринчи келди. Ал эми  Алена Первушина  сегиз жүз метр аралыкка жүгүрүүдө жаштар арасында  биринчи орунду жеңип алып, чемпион аталды.

 

Волейбол: Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  окуу жайдагы профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында  “Ден соолук-2017” аталышында  волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Мындай саамалык окуу жайда ар жылы  кыш мезгилинде өтүп турат. Жыйынтыгында  айымдар арасында биринчиликти  табигый техникалык факультеттин командасы жеңип алды. Экинчи орун ЖАМУнун алдындагы медициналык колледждин  мугалим айымдарына ыйгарылды. Ал эми эркектер арасында  биринчи орунду окуу жайдын алдындагы  Жалал-Абад колледжинин командасы жеңип алды. Алар финалдык беттешүүдө Экономика жана юридика факультетинин  командасын 2:0 эсебинде утуп чыгышкан. Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктарды университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор  Кеңеш  Усенов тапшырды. Алдыңкы орунга жетишкен командалар жай айында Ысык-Көлдө өтүүчү мугалимдердин республикалык спартакиадасында окуу жайдын намысын коргошот.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 4736
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

               Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар...

14 - Августа  2017 | 11 : 34640
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл “Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

      АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл...

18 - Апреля  2017 | 4 : 25481
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган... Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган...

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу...

27 - Марта  2017 | 8 : 51313
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30397
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

    Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу...

6 - Февраля  2017 | 7 : 29961
Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, Байгелуу орундарды...

5 - Января  2017 | 10 : 54547