“Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок”

3 - Февраля  2017 | 11 : 55728
“Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок”

 

                     

Жыл жаңырганда эле билим берүү министрлиги окуу системасында жаңы өзгөрүштөрдү киргизди. Тактап айтканда 2017-жылдын 12 январында №33 буйругу чыгып, анын негизинде өлкөдөгү мектептер беш күндүк окууга өтүшкөн. Министрлик мындан  башка да жакында эле окуучулардын сабак учурунда нөөмөттө туруусуна жана мектепте ар кандай иштерге тартылуусуна тыюу салды.  Ушул туурасында Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасынын башчысы Ырысбек Калчаев менен маектештик.

-Ырысбек мырза билим берүү тармагындагы мындай өзгөрүүгө эмне түрткү берди?

- Окуучулардын алты күн окуп, бир эле күн дем алып, кайра окууга келиши аларды чарчатып койгондуктан жана мугалимдердин айрым класстан тышкаркы иштерине жетишпей жатуусу негизги түрткү болду го дейм. Ушундай себептердерден улам министрлик беш күндүк окууга өтүүнү буйрук кылды. Мунун  пайдалуу жактары бар. Биринчиден окуучулардын эс алуусуна мумкүнчүлүк түзүлдү. Башта окуучулар алты күн окуп, бир эле күн дем алып кайра окууга жөнөшчү.Эми алар тапшырмаларын кенен аткарып, эс алганга да кенен убактылары болот. Экинчиден бул мугалимдерге жакшы мүмкүнчүлүк жаратты. Айрым жетишпей калган жумуштарды ишемби күнү бүткөрүп алышат. Демек мугалимдер  беш күндүк окуудан кийин  иштерин бүткөрүп, кийинки күндү пландаштырып алат.

-Анда шаардагы мектептердин баары беш күндүк окууга өтүштүбү?

-Жок, жумасына 30 сааттан ашык окуткан жана окуу бөлмөлөрүнүн жетишсиздигине байланыштуу үч мөөнөттө сабак өткөн мектептер алты күндүк окууда калышты. Бул тууралуу 20-январда  (№09)  атайын буйрук чыгарганбыз. Учурда шаарда 20 мектеп бар. Ага ылайык башта беш күн окуп келген №11, №12, №13,№18,№19,№21- орто мектептерде 1- класстан 11- класска чейинки окуучулар беш күндүк окуусун улантышмакчы. Экинчи жарым жылдыкта №6,№22 мектептерде 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар беш күндүк окууга өтүшкөн. Ал эми №1,№4,№7, №8, №9, №10,№14,№16 жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч класстар жана 5-8- класстын окуучулары беш күн, калган жогорку класстар окуу жүктөмү 30 сааттан ашкандыгына жана окуу каааналарынын жетишсиздигинен улам алты күндүк окууга бекитилди. Ошондой эле шаардагы №2, №3, №5, №17- мектептерде 3-4-класстар жана 9-10-11- класстарга жумасына 30 сааттан ашык сабак өтүлгөндүктөн жана класстар жетишпегендиктен окуу алты күнгө калды.

-Демек беш күндүк окуу да ыңгайга жараша кабыл алыныптыр да. Ал эми окуучулардын сабак учурунда нөөмөттө болушу жана мектеп учурунда ар кандай ишке тартылуусуна министирлик тыюу салганы боюнча сиздерде конкреттүү кадамдар башталдыбы?

-Ооба,  мектеп директорлору менен бул туурасында сүйлөшүүлөр болуп, азыр окуучулардын сабак учурунда нөөмөттө турушу, мектепте себепсиз ар кандай иштерге жумшалуусуна да бөгөт коюлду. Буга чейин окуучулар аткарып келген нөөмөтчүлүк ишти эми мугалимдер аткарат. Кол эмгек сабагынан жана атайын мектеп ишембилигинен сырткары майда чүйдө иштерге окуучулар аралашпайт.Бул иштер мектептин совхозуна жана техничкаларына жүктөлөт.

-Окуучуларды  бул иштерден жана нөөмөтчүлүктөн алыстатуу менен мугалимдерге ашыкча жүк жүктөлүп калган жокпу?

-Ошондой десе да болот. Нөөмөттөгү мугалимдерге кошумча иштерди да аткарууга милдеттентирип жатабыз. Нөөмөттө турган мугалим  окуучулардын кирген-чыкканын, алардын абалын, эгер ооруп калса класс жетекчисине билдирип, керек болсо тез жардам чакырып же үйүнө чейин жеткирип  турууга акылуу. Мындан сырткары мектеп айланасында бөтөн адамдарды киргизбөөгө көз салат.

-Азыр көпчүлүк мектептерде балдарга байкоо салган кароол кызматы бар эмеспи? Бул иш аларга тиешелүү го дейм?

-Бүгүнкү күндө  шаарда №1, №3, №5, №14,мектептептерде кароол кызматы иштейт. Алар мектепке кирген-чыкканга , балдардын коопсуздугуна көз салат. Бирок мүмкүнчүлүккө жараша охрана кармабаган мектептер да жок эмес. Мындан сырткары мектептердин айланасында камераларды жайгаштырууну да колго алып жатабыз.Учурда беш-алты мектепте видео байкоочтор бар.

-Коопсуздук демекчи, балдардын интернет оюндары менен алек болуусу, натыйжада өкүнүчтүү окуялар орун алып жатканын кызуу талкууланууда. Бул жагдайда кандай иштерди жүргүзөсүздөр?

-Жыл ичинде укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте атайын 6-7 жолу  иш чаралар өткөрүлөт. Диний экстремизимдин алдын алуу жана башка коопсуздук маселелери жөнүндө  жолугушуулар болот. Ушуну менен катар маданий иштер да болуп турат. “Мен милициянын жаш досу”, “Кайырчы”, “Мектепке кайтуу”, “Каникуль” сыяктуу балдарга тарбия берүүчү иш чаралар ар дайым аткарылуучу биздин жумуштар.

   Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мектеп окуучуларын эмне азгырат? Мектеп окуучуларын эмне азгырат?

    Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл балдардын кылмышка аралашуусу көп. Былтыр жыл ичинде 12 кылмыш иши катталса, 2017- жылы тогуз ай ичинде 20 кылмыш катталган. Шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштешүү...

8 - Ноября  2017 | 9 : 6160
Сузакта  жылдын мыкты мугалимдери тандалды Сузакта жылдын мыкты мугалимдери тандалды

    Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор...

20 - Февраля  2017 | 9 : 41919
Окуу жылга даярдык кандай? Окуу жылга даярдык кандай?

  Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланууга жергиликтүү бийлик, мугалимдердин да маани беришпегендигинен  учурда бир эмес эки заманбап болуп бүткөн мектепте окуучу толбой  турат,  биринде...

26 - Августа  2016 | 18 : 41260