Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

6 - Февраля  2017 | 7 : 291008
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

 

 

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Бул спорттук иш-чара ЭИУда окуу жай ачылган мезгилден, тактап айтканда 1993-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Негизги максат - ЭИУ кызматкерлери арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу жана жамаат ынтымагын арттыруу. Бул тууралуу ЭИУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

Спартакиада спорттун волейбол, баскетбол, мини-футбол, стол тенниси, чатыраш сыяктуу түрлөрү боюнча мелдештер өтүп жатат. Мындан сырткары, гиря көтөрүү, аркан тартышуу, комбинацияланган эстафета жана бильярд боюнча да мелдештер өткөрүлмөкчү. Командалар окуу жайдын бөлүмдөрү боюнча түзүлүп, агайлар жана эжекелер командалары болуп бөлүнөт. Жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар тизмесинде өтмө кубок, даражалар боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар бар, - дейт аталган окуу жайынын ректору, илим доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков.

-Мындай спартакиаданы жыл сайын өткөрөбүз. Бул спартакиадабыз эсеби боюнча 24-сү. Бул иш-чара окуу жайыбыздын турукташып калган жакшы салттары бар экенин айгинелейт. Аларды ЭИУнун Президенти, доктор, профнссор Кантөрө Токтомаматов баштап берген. Биздин кызматкерлер бул спорт майрамын абдан жакшы көрүп, башталышын көптөгөн үмүттөр менен күтүшөт. Агай-эжекелерибиздин спорт мелдештери студенттерибиздин да зор кызыгууларын жаратат, - дейт ал.

 Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 4781
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

               Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар...

14 - Августа  2017 | 11 : 34705
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл “Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

      АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл...

18 - Апреля  2017 | 4 : 25523
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган... Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган...

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу...

27 - Марта  2017 | 8 : 51341
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30438
Спортчулардын ийгилиги Спортчулардын ийгилиги

   Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды...

3 - Февраля  2017 | 11 : 36661
Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, Байгелуу орундарды...

5 - Января  2017 | 10 : 54582