Максим Бакиев менен ата мекенчилердин жылуу мамилеси

10 - Февраля  2017 | 10 : 43834
Максим Бакиев менен ата мекенчилердин жылуу мамилеси

 

 

 

 

«Белизгейт» чатагы учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан убагы. Элибиз бакиевдердин режими менен катуу күрөшүп, көкүрөктөрүн окко тосуп атып, үй-бүлөлүк, авторитардык режимди кулатып, «эми Бакиевдерден жана анын айлана-чөйрөсүнөн кутулдук го» деп турган чакта учурдагы бакыйган үч депутат, мурда түрдүү мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп келишкен саясатчыларыбыз (Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов) эл жасаган революциянын арты менен бийликке келип алышып, кайра М. Бакиев менен тымызын кызматташуу аракетин көрүшкөнү кантип көңүлдү оорутпай койсун?

Кеп эмне тууралуу болуп атканын түшүнүп атсаңыздар керек. Ооба, Белиз өлкөсүнөн келген документтер тууралуу болуп атат. Тактап айтсак, ушул жылдын 14-ноябрында УКМК башчысы буга чейин депутаттар тарабынан айтылып жана ММКлар менен коомчулукта кеңири талкууланып жаткан айрым кызмат адамдары катышкан коррупция фактыларын текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге маалымат берген. Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин (Борбордук Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын кабарлап, ал документтер 2012-жылы апрелде «Альфа Телеком» ЖАКтын ошол учурга карата  акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50 пайыздан ашыгы) сатуудан түшкөн АКШнын 50 млн. доллардан ашык суммасын «Саутфилд» компаниясынын (божомолдор боюнча  анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөй турганын тастыктаган документти көргөзгөн.

Анын натыйжасында учурда Башкы прокуратура менен УКМК иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Коомчулукка кеңири түшүнүктүү болушу үчүн биз төмөндө «Мегаком» кандайча жаралганы, анын М. Бакиевдин командасынын аракети менен кандайча жасалма банкротко кабылып, жаңы «Альфа Телеком» ЖАКсы пайда болгону тууралуу түшүнүк бере кетели.

«Мегаком» качан жана кандайча түзүлгөн, же Айдар Акаевдин «токочун» М. Бакиев кандайча тартып алган?

1999-жылдын 31-мартында «Улуттук юридикалык корпорация» ЖЧКсынын келишимдик суроо-талабына ылайык (негиздөөчүсү Майчиев Шамарал Юсупович), «Бимоком ЛТД» ЖЧКсы «Мегаком» соода маркасы менен юстиция органдарында катталган. Ошону менен бирге «Бимоком ЛТДны» каттоонун демилгечиси Кыргызстандын жараны, 1969-жылы жарык дүйнөгө келген Байызбеков Уланбек Алчинбекович болгон. Ал каттоодон өткөндөн кийин 1999-жылдын 5-июлунда Улуттук байланыш агенттиги ага GSM стандартындагы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү лицензиясын берет. Бирок, ошого карабастан аталган компания бир нече жылга чейин аракеттеги компания боло алган эмес.

2003-жылы «Бимоком ЛТД» ЖЧКсына Айдар Акаев кызыгып калат, ага байланыштуу компания лицензиясын жоготот. Ошондон кийин Айдар Акаев өзүнүн дайындаган адамдары аркылуу «Бимокомдун» үстүнөн көзөмөл кылып калат. Тактап айтканда, 2003-жылы Кыргызстандын жараны Бийбосунов Тилек Качкынбекович У. А. Байызбековдон «Бимокомдун» уставдык капиталындагы 70  пайыз үлүшүн 300 сомго сатып алат. Калган 30  пайызын Майрам Акаеванын сиңдиси Аязгүл Саркишеванын уулу Саркишев Асхат Кельсинбекович директор болуп саналган Британиянын Виргин аралында катталган «CommonwealthTrustLTD» компаниясы тарабынан түзүлгөн «AncroftLimited» компаниясы 300 сомго сатып алган. Ошентип факты түрүндө «Бимокомдун» ээси ошол убакта Айдар Акаев өзү болуп саналган.

Көп өтпөй 2005-жылы март айында өлкөбүздө биринчи революция жүзөгө ашат. Ошол революциядан көп өтпөй, май айында Айдар Акаев «Бимоком» ЖЧКсын «PenwellBusinessLimited» компаниясына сатууну демилгелеген. Бул компания да Британиянын Виргин аралында катталган.

Андан ары «PenwellBusinessLimited» компаниясы уюлдук оператор ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө үлгүрө албай калат. Себеби, ошол убакта жаңыдан бийликке келген Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев бул ишке аралашат. Ал кыргыз Єкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан «Бимокомду» байланыш жыштыгы линиясы катары колдонуу укугун берген лицензияны токтотууну демилгелеп чыккан. Ошентип, туңгуч ажонун эрке талтаңы «Бимокомдун» пайдасын көрүп үлгүргөнчө, экинчи качкын президенттин эрке талтаңы анын колунан бул «токочту» жулуп алган.

 

Россиялык компаниянын көмөгүн алып, кайра аны сызга отургузган ханзаада

Ошентип, 2005-жылдын 23-октябрында «PenwellBusinessLimited» компаниясынын директору Никос Авраамидес тарабынан «Бимокомдун» уставдык капиталынын 49 пайыз үлүшүн «ForntekEnterprisesLimited”компаниясына өткөрүп берүү чечими кабыл алынат. Бул компания Гонконгдо катталып, факт жүзүндө Максим Бакиевге тиешелүү болгон. Бул макулдашуу жасалып аткан убакта «ForntekEnterprisesLimited” компаниясынын директору Стэнли Эдвард Вильям болгон.

2007-жылдын 29-декабрында «Бимоком» менен россиялык компания «РТК-Лизинг» ААКсынын ортосунда «Мегаком» уюлдук операторунун ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн керектүү жабдууларды Кыргызстанга алып келүү боюнча келишим түзүлөт. Ошентип ток этерин айтканда, россиялык компания да «Бимокомго» үлүшкө отурат. Бирок Максим Бакиев аларды сызга отургузуунун амалын издей баштайт. Муну байкап калган россиялыктар сот аркылуу өздөрүнүн укугун коргоого өтүшөт. Ал убакта соттор бакиевдердин буйругун кыңк этпей аткарып келгенин жакшы билебиз. Андыктан Максим Бакиев атасынын бийлигин пайдаланып, сотторго басым жасоо аркылуу өзүнө караштуу ForntekEnterprisesLimited» компаниясына «Мегакомдун» бардык акцияларын өткөрүп, анын жападан жалгыз ээси болуп калат.

 

«Мегакомду» банкрот кылуунун максаты, же «Бимокомдун» жасалма «банкроту»

Ошентип «Бимокомго» толук ээлик кылып калгандан кийин Максим Бакиев андан россиялыктар өздөрүнүн үлүшүн кайрадан доолап чыкпашы үчүн жаңы «схема» түзүп чыгат. Кептин ток этерин айтканда, «Бимокомду» жасалма жол менен банкротко учуратуу процессин баштайт. Банктарга карыз кылат. Анан ал банктар «Бимокомду» сотко берет. Натыйжада бул компаниянын мүлктөрү сатыла баштайт. Кимдерге дебейсизби? Жалаң Максим Бакиевге караштуу адамдарга.

«Бимоком» «банкрот» болуп, 2009-жылдын 3-июнунда Кыргызстанда А. Елисеев тарабынан «Альфа Телеком» ЖАКы катталат. Ошол эле жылдын 6-июлунда «Альфа Телеком» электрдик байланыш жаатында ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга лицензия алат.

2009-жылдын 9-июлунда «BelizeFormationServiceLimited»компаниясы тарабынан (Белиз, АКШ, директор – Диана Лино) «SouthfieldManagementInc.» деген аталыштагы компания түзүлөт.

2009-жылдын 21-июлунда «Рэддито Компани» ЖЧКсы коомдук сатуунун жүрүшүндө (ал жалгыз эле катышуучу болгонун айта кетели) «Бимокомдун» мурдагы мүлктөрүн 2 400 000 000 сомго сатып алат.

Бул сатыкка «Фаберон» ЖЧКсынын директору Ким Виталий Карлович катышат. Ал Максим Бакиев менен жакын байланышта болуп келгени белгилүү. Бул ЖЧКнын негиздөөчүсү болуп Британиянын Виргин Аралында катталган «SenatornFinancialCorp.» компаниясы болуп саналат. Директору – Ким Алексей.

2009-жылы 30-июлда Алексей Елисеев «Southfiе 1 dManagementInc.» компаниясынын биринчи директору болуп дайындалат. Муну тастыктаган Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнүн мамлекеттик нотариусу күбөлүгү да бар. 2009-жылдын 5-августунда А. Елисеев башкы директор болгон «Альфа Телеком» ЖЧКсы «Бимокомдун» мурдагы мүлктөрүн 2 400 000 000 сомго «Рэддито Компани» ЖЧКсынан (башкы директору Биряльмин С. О.) сатып алат.

2009-жылдын 14-августунда «Альфа Телеком» ЖАКсынын 99  пайыз акциясы  «CentralAsianStockExchange» ЖАКсына өткөрүлөт, андан кайра ошол эле 99  пайыз «SouthfieldManagementInc.» компаниясына (М. Бакиевге тиешелүү) өтөт. Калган 1 пайызы 1 000 сомго жаңы зеландиялык «VesatelUnitedLimited» компаниясына сатылат.

2009-жылдын 25-августунда «Альфа Телеком» ЖАКсынын негиздөөчүсү А. Елисеевдин чечими менен ЖАКынын башкы директору болуп Силич А.Г. дайындалат. 2009-жылдын 28-сентябрында «Грета» ЖЧКсы (негиздөөчүсү — Кыргызстандын жараны Бараканов Таалайбек) коомдук сатуунун жүрүшүндө «Бимокомдун» мурдагы кыймылдуу мүлктөрүн 230 000 000 сомго сатып алат. Ал эми ошол эле жылдын 20-октябрында ушул эле «Грета» ЖЧКсы «Бимокомдун» мурдагы растаможка болбогон мүлктөрүн 120 000 000 сомго коомдук сатууда сатып алат.

Мына ушундай процесстер болуп өткөндөн кийин башкы директору Елисеев болгон «Альфа Телеком» ЖАКсы 2010-жылдын 5-августунда жана 5-23-августтарында «Бимоком ЛТД» ЖЧКсынын мурдагы мүлктөрүн жогоруда аттары аталган компаниялардан («Рэддито Компани» жана «Грета» ЖЧКлары) сатып алат. Натыйжада «Альфа Телеком» ЖАКсы («SouthfieldManagementInc.»-99%и «VesatelUnitedLimited»-1%) «Мегаком» уюлдук операторунун абоненттик базасынын жана бардык мүлктөрүнүн «мыйзамдуу» ээси болуп калат. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай мындай, «Бимокомдун» активдерин сатуу жасалма болгон, ага катышкан компаниялардын бардыгы М. Бакиевдин жөн эле «оюнга» кошкон компаниялары болгон. Кыргызстандагы уюлдук байланыш кызматын көрсөткөн бир дагы компания сатыктарга катышкан эмес. Ага жол да берилмек эмес.

Ошентип 2010-жылдын 5-мартында Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен «Бимоком» банкрот деп табылган. Бул компаниянын «банкрот» болушун М. Бакиев жана А. Елисеев уюштурган. Атакаруучулары –  С.Биряльмин, Р.Онолбеков, В.Ким, А.Силич, Д.Гладышевдер болгон.

Мына ушундай жол менен М. Бакиев жана анын санаалаштары классикалык рейдерлик схема менен «Мегакомдун» активдерин бир компаниядан экинчи, үчүнчүлөрүнө сатып отуруп, анын жасалма банкротко кептелишине алып келген. Бул схеманын максаты «Бимокомдун» мүлктөрүн Елисеев тарабынан түзүлгөн «Альфа Телеком» ЖАКсына өткөрүп алуу болгон.

 

Максимдин көмүскө «схемасынын» уландысы, ага катышкан үч «ата мекенчи»

Ошентип Максим Бакиев менен Алексей Елисеев «Мегакомго» жаңыдан гана толугу менен ээлик кылып калган учурда  Апрель революциясы болуп кетет. Кудум Айдар Акаевдин акыбалына түшчүдөй болуп калышат. Революциядан кийин бакиевдерге тиешелүү мүлктөрдүн бардыгы улутташтырыла баштайт. Бирок эмнегедир «Альфа Телекомдун» 49 пайызы улутташтырылат да, калган 51 пайызы улутташтырылбай калат. Эмне себептен мындай жагдай болот?

Көрсө, ошол убакта баш прокурор болуп турган А. Салянова, юстиция министри болуп турган А. Шыкмаматов жана ЖК депутаты болуп турган Ө. Текебаевге М. Бакиев тымызын «жол таап», өзүнүн кызыкчылыгына (беркилердин да кызыкчылыгын унутта калтырбоо менен бирге) иштетип калууну көздөгөн тура. Мунун баарын Белиз өлкөсүнөн келген документ ырастап отурат. Атап айтканда, расмий түрдө Алексей Елисеевге, а турмуш жүзүндө Максим Бакиевге таандык “Саутфилд” («SouthfieldManagementInc.») компаниясы 2015-жылдын 1-январына чейин 50 млн. долларды түзгөн  “Альфа Телеком” ЖАКынын акцияларын сатканда, Кыргызстандын үч жараны – Ө.Текебаев, А.Салянова, А.Шыкмаматов автоматтык түрдө аталган компаниядагы акцияларын алышмак. Бул иш жүзүндө алардын “Альфа Телеком” ЖАКынын (“Мегаком” соода маркасы) акцияларын сатуудан түшкөн тийиштүү үлүшүн алганын билгизет. Кийин Кыргыз Республикасынын сотторунун чечими менен айтылган 50 пайыз акция  мамлекеттин пайдасына конфискацияланышына байланыштуу гана аталган траст күчүнө кирбей калганы расмий органдар тарабынан кабарланды.

А.Салянованын бакиевдер менен башынан эле жакын мамиледе болуп келгенин жакында эле журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына: “Мына эми кичинекей чындыкты айтууга мезгил бышып жетилди: 2008-жылы эле А.Салянованын Акмат Бакиев менен жеке мамилеси бардыгы тууралуу маалыматым болгон, ал турмуш жүзүндө А.Салянованы Жогорку Кеңеште “канатына калкалап” турчу. Акмат Бакиев, Камбаралы Конгантиев аркылуу А.Салянованы парламенттеги конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитетинин башчылыгына отургузган. Жогорку Кеңештин айрым кызматкерлери аны Акмат Бакиевдин чөйрөсүнө аралашып жүргөнүн, кээде парламент имаратына окчун жерде жумуштан кийин жолугушуп отурганын көрүшкөнү бар. 2010-жылдын апрелинен кийин А.Салянова Ө.Текебаевге Акмат Бакиевди дүңүнөн бизнеси менен кошо “сатып”, Максимдин (Максим Бакиевдин) структурасындагы жана анын өлкө ичиндеги, сыртындагы адамдарын “сатып”, “Ата Мекендин” катарына кошулуп кетти. Уландысы жакынкы аралыкта болот” деп  жазып чыкты. Анын үстүнө ал баш прокурор болуп турган кезинде бакиевдердин Кыргызстанга экстрадицияланышына да атайылап кедергисин тийгизгенин билдик. Ага чейин юстиция министринин милдетин аткарып турган чагында Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын анын үстүнөн кылмыш иши козголгонуна, издөө салынганына карабай жаңыртып бергени ачыкка чыкты.

Бир сөз менен айтканда, Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов Максим Бакиевдин «Мегаком» компаниясынын айланасындагы кызыкчылыгын чет өлкөдө туруп коргоосу үчүн Кыргызстандагы куралдары болушкан. Эл революциядан жакшы турмушту, чындыкты, акыйкаттыкты күтүп отурса, булар финансылык кызыкчылык көздөп кетишкенин кандай атайбыз?

 

Кыркаяк СУЛТАНКУЛОВ,

“Интернет” булактарынан алынды.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы? Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

...

2 - Марта  2018 | 12 : 4064
Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

                                                                                                         2018-жыл...

23 - Января  2018 | 10 : 25519
Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу...

16 - Января  2018 | 4 : 12110
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат «Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп...

12 - Января  2018 | 6 : 39184
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы... Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы...

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол...

11 - Января  2018 | 5 : 0984
Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары...

12 - Декабря  2017 | 10 : 33149
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин...

26 - Октября  2017 | 4 : 57127