От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

15 - Февраля  2017 | 3 : 21721
От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

          Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ обьектилеринде, социалдык жана өнөр-жай ишканаларында, жеке менчик мекеме-уюмдарында жана атуулдардын турак үйлөрүндө өрт кырсыктарын, анын ичинде адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон өрт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында өрткө каршы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп келет.     

Ал эми, жыл башынан турак-жай секторунда көп катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында өздүк курам тарабынан облус аймагындагы  турак үйлөрдүн  ээлерине жалпы 2 мин 216 атуулдун катышуусунда турак-жай секторундагы өрт коопсуздук чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аткарылган иш-чараларга карабастан ушул күнгө чейин облус аймагында 39 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 2 млн. сомдон ашты.

Өрттүн кесепетинен 3 атуул жол транспорт кырсыгынан, 2 атуул түтүнгө ууланып каза таап, 22 тонна тоют күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам  6 млн. 517 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

       

  Өрткө каршы кызматы тарабынан массалык-маалымат каражаттары аркылуу от жагуу мезгилиндеги өрт коопсуздук чаралары боюнча  калкка  түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабастан, электр жылытуу приборлорун, мештерди колдонууда эрежелердин бузулушунан улам турак жайларда катталган өрт кырсыктарынан, түтүнгө, газга уулануудан адамдардын, атүгүл бүтүндөй бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрлөрү кыйылууда. 

            2017-жылдын 13-күнү Базар-Коргон районунун Ош-Бишкек автожолунун 554-чакырымында автоунаалардын кагылышуусунан кийин өрт чыгып, натыйжада атуул З.Р. каза болгон.  

         2017-жылдын 2-февраль түнү Майлуу-Суу шаарынын Крупская көчөсүнүн №10 турак үйүндө өрт кырсыгы чыгып, өрт өчүрүү  үчүн келген өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өрттү өчүрүү мезгилинде турак үйдөн 1956-жылы туулган У.Т. жансыз денеси табылган.

           2017-жылдын 4-февраль күнү Токтогул районунун Ош-Бишкек автожолунун 276-277-чакырымында автоунаалардын кагылышуусунан кийин өрт чыгып, натыйжада 2 атуул  каза болгон.  

Ал эми, 2017-жылдын 12-февралы күнү Сузак районунун Көк-Жангак шаарынын Мира көчөсүнүн н/ж дарегинде өрт кырсыгы чыгып, 1956-жылы туулган атуул М.В. түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган.

Өрткө каршы кызматы турак-жай секторундагы адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон өрт кырсыктарын алдын алуу максатында күнүмдүк турмушта жөнөкөй болгон өрт коопсуздук эрежелерин сактоону билдирет.

 

Жалал-Абад облустук ӨКМКБнын ӨААБнүн башчысы

майор                                                              М.Мусаев

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

    Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен....

16 - Января  2018 | 4 : 18175
Ири  материалдык зыян тартышты Ири материалдык зыян тартышты

                           Сузак районунда  алты айга жетпей 40 өрт кырсыгы катталган.  Андан келтирилген материалдык зыян 3 миллион 36 миң 847 сомду түздү.     ...

8 - Июля  2016 | 13 : 441252
Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда 2016-жылдын 7-июлунда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10000м3 шагыл-таштар түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылып...

8 - Июля  2016 | 15 : 16584
Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

Жалал-Абад облусу, Каракөл шаары, Муздак-Булак аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чкырымында мамлекеттик № D 64-00 К “Степвагон” үлгүсундөгү автоунаанын айдоочусу рульду башкара албай, астынан чыккан мамлекеттик №...

23 - Июня  2016 | 17 : 30516
Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка...

17 - Июня  2016 | 15 : 58786
Беш айдагы өрт 4 миллион  830 миң 948 сомдук зыян алып келди Беш айдагы өрт 4 миллион 830 миң 948 сомдук зыян алып келди

  Ноокен райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү өрт коопсуздугу боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүп, областтык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу макала, телекөрсөтүүлөрдү...

7 - Июня  2016 | 18 : 34713